Казат Акматов: Архат

Он экинчи бөлүм

Казат Акматов: Архат

  Акыры мен сени дакини кылам! - деди кыз эң акырында короосунан сыртты көздөй Мани Ясого айкырып.

 Мани Ясо үндей алган жок. Бирок, кыздын атасын эптеп алып кетти.

 

***

 

Токсондон ашкан карт Бакшы күн эмес, саат сайын «ылдыйлап» бараткан болчу. Анын бул «шыдыр жолун» саал жайлаткан эле күндүн чыгышы болчу. «Күндүн чыгышын күтүп жаткан үчүн мен бу түндөн аман калдым» деп ал эртең менен дайыма балдарына айта турган.

- Сиз адамдарга өмүр бою жакшылык кылдыңыз! Нирванага барууга акыңыз бар. Барбайсызбы!, — деди бир күнү улуу баласы анын кулагына катуу унчугуп.

- Нирванагабы? Менде андай кудурет жок да, балам. Мен бир гана жаралган жөнөкөй адаммын. Бу дүйнөгө кайра кайтып келээрим да белгисиз. Анан кантип мен Нирванага барам? Сен ушуну ойлонсоң болбойбу, уулум!

- Бу дүйнөнүн азабын тартып бүтсөн акыры бу азаптарга кайра келгис болсон ошондо анан Нирванага барасың го, ата?! Ошондо түбөлүк «Ээндикке жетесиң го?

- Мен сенин бул сөздөрүнөн кайрат алам, уулум! Бирок нирванага барышка мага жол жок.

 

***

 

Жолду ката машинада момурап тынч отурган Лама Дондуп Бакшыны көргөндө бир башкача толкунданып, сүрдөп кетти. Ал түгүл артка кача тургандай обдулду эле кармап калышты.

- Мынакей, ата! Алдыңызда Лама Дондуп отурат, - деди Мани Ясо көзүн ачпай жатып алып кандайдыр бир мантрасын окуп күбүрөгөн Бакшыга.

 - Аа, үйүн өрттөнүп, тукумкурут болгон зулум Додайдын кара жини келдинби?! Мен азыр көрсөтөм сага! Көп айлар төшөктө жаткан чал жаш жигиттей жепжеңил серпилип турду да, арка жагындагы ээн бөлмөгө кирип кетти. Кыйладан кийин ал жака Лама Дондупту чакырды, эшигин бекем жаап алды.

Бериде калган Мани Ясонун корккону эле Дондуптун гипнозу тарап кетпесе деген ой. Эгер андай болсо чатак болоору бышык. Лама Дондуп Бакшыга моюн бербей айгайды салышы мүмкүн. Андайды карт Бакшы көтөрө алабы же жокпу?

Жабык бөлмөдөн чыгып аткан добуштарга караганда азырынча Лама Дондуп тынч, а Бакшы болсо адегенде жайыраак, анан улам күчөп санскритте кандайдыр бир, Мани Ясого тааныш эмес мантраларын ыргак менен айтып жатты.

«Мунун ыкмасы таптакыр башкача турбайбы» деп ойлоп отурду Мани Ясо «Канчалык көп күч керек экен Бакшыга. Жараткан ага ошончо күчтү бере көр. Бере көр».

Ошенткен сайын Бакшынын үнү бирде чайылдап, бирде киркиреп, сөздөрү булдуруктап кайра оңолуп, онтолоп, кыйкырып жаналакетке түшүп атты. Күн бешимге барган кезде Мани Ясо отурган бөлмөгө кирип чыгып жүргөн Бакшынын уулу нааразы боло баштады:

- Карыган кишини эмне мынча кыйнайсыңар? - деди ал Мани Ясону жактырбай. Атамда кашыкты оозуна алпара турган алы жок эле. А силер жарым күн бою зордоп атасыңар!

- Биз урматтуу Бакшыга Жараткандан ал-күч тилеп атабыз, - деди Мани Ясо башка эч нерсе айталбай. Улам убакыт өткөн сайын Бакшынын уулунун кирипчыкканы көбөйүп, кагынып-силкине баштады. Көрсө анын бир шойкомду сезгени бекеринен эмес экен. Күн кеч бешим болгон кезде Лама Дондуп өзү жабык бөлмөдөн өтө кабатыр болуп чыга келди.

- Cyy! Cyy! -деди ал шашкалактап. Мани Ясо жалгыз эле, суу издеп сыртты көздөй жүгүрдү. Кайра келишсе Бакшынын эки ууртунан көбүк буртуйуп, чалкасынан түшүп калган экен. Башын көтөрө салышып оозуна суу тамызышса эсине келгенсип, атүгүл Мани Ясону бир карап алып жылмайып койду.

- Ата!, - деди Бакшынын уулу катуу ачууланып,

- Ач көзүңдү, ата! Жигит Мани Ясого эле эмес, атасына да «эмнеге ушулар үчүн жанынды кыйнадың!» деп ачуулангандай.

Ошентсе карт Бакшы илмийген, кан-сөлү жок колун уулунун ийнине коюп туруп эриндерин билинер-билинбес кыбыратты:

«...зулумду акыры жендим...».

 

***

 

Үйүндө шалдырап жаткан Лама Дондуп туура үч күндөн кийин өзүнө келди. Баш жагында жылбай карап отурган Мани Ясону адегенде байкабай калып кызын чакырды эле, жигит ордунан тура калып Лама Дондуптун колун кармады:

- Бирдеме керекпи, ата?

 - О, сиз бул жерде белеңиз? – деди Лама Дондуп таңыркап. Анан акырындап ордунан тура баштады.

17.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.