Казат Акматов: Архат

Он экинчи бөлүм

Казат Акматов: Архат

Далай-лама өкүмдар болсо «чындык жок» деп жанүрөп ишендирип келет. Анын айтуусунда өзүндө да, Мани Ясодо да эч күнөө жок. Өлгөндөр өз ажалынан имиш. Бирок ошол эле учурда «Тибеттин душмандары» биринен сала бири жайраганда Далай-ламанын көзү күлүңдөп, Мани Ясого өзгөчө ыразы. Ошентип өкүмдардын ички туюму бир башка, эмнегедир айткан сөзү бир башка.

Мынакей эми Лама Дондуптун ахвалы кандай болоор экен? Эгерде ал кара сыйкырдын чеңгээлинде кала берген болсо, мурдагысындай кызматкерлерин үстүнө киргизбей, өзүн жогору ала чаап, көрүнгөндөн «өлтүрүп коёт» деп шек алып, кыскасы дени соо адамдай иш кылбастыр. А эгерде бүгүн оңолуп, Лама Дондуп өзүнүн баягы тубаса кулк-мүнөзүнө келе баштаса анда кара сыйкырдын ага таасир эткени да, анан андан кутула баштаганы да айгине.

Мани Ясо саатын караса - жети. Далай-ламанын иши башталып калган эле. Тез барып ага көрүнүш керек. Ошондо ал айтат Мани Ясонун эмне кылаарын. Кээде аны көшөгөнүн артына отургузат, а кээде түз эле жанына алып, келгендер менен сүйлөшө баштайт Далай-лама. Анткенинде да себеп бар - жигиттин гримделген үчүнчү көзү абдан эле дааналап карабаган кишиге азыр көп байкалбайт.

Бирок бүгүн Мани Ясонун өкүмдарга карата ичтеги мамилеси эмнегедир өзүнө да түшүнүксүз болуп өзгөрүп, ага баргысы келбей турду. Буга дейре ал үчүн эч кынтыксыз аброй болуп келген Тибеттин эң башкы ламасы, мамлекеттин да, элдин да башчысы эмнегедир жигиттин көңүлүн тартпай калды.

Ошон үчүн ал тез кийинип чыкты да жогору эмес, төмөнкү кабаттагы Иш башкаруучунун бөлмөсүн көздөй жөнөдү. Лама Дондуп ишине келе элек экен. Ал түгүл кире беришиндеги полицай да жок. Мани Ясо бираз айланчыктап турду да бурчтагы орунга отура кетти. Далай-ламага кечигип атса да болбой Лама Дондупту күткүсү келди.

Ошол, Иш башкаруучунун кире бериш бөлмөсүндөгү жалгыз отурган дымыраган тынчтыкта ал өзүн биринчи жолу кандайдыр бир кылмыш кылган адам катары сезип кетти. Кудум азыр полицайлар кире калып, колуна кишен сала калчудай. Мани Ясо шекшинип эки жагын каранып койду, сырттагы, коридордогу дабыштарга катуу кулак түрө баштады. Мынакей биринчи дабыш угулду. Баскан кадам дал өзүн көздөй жакындап келатат.

 - Ом, мани падме хум! – деди шарт кирип келген полицай Мани Ясону көрө коюп шашып.

Ордунан тура калган Мани Ясо да ага шашыла салам берди да кызарып кетти.

 - Мага мырза Дондуп керек эле.

- Мырза Дондуп ооруп калды, үйүндө.

-Мен анын ден соолугун көрүшүм керек. Үйүнө алпарыңыз! Полицай эч сөз айтпастан алдыга түшүп жөнөдү.

 

***

 

Лама Дондуп бийик салынган төшөгүндө жаткан экен. Мани Ясону көрөөр менен ал өйдө турмакчы болуп обдулду эле жигит ийнинен басып токтотуп калды:

- Ден соолугуңуз кандай, Дондуп ата?

- Мен ооруп калдым. Бирок мени баары бир өлтүрө албайсыз, Мани Ясо! Ойлобонуз мени бир алсыз байкуш экен деп. Андай эмес! Мен деген...

Мани Ясонун башы шылк дей түштү. Көкүрөгүндө бороон жүрүп кеткенсиди. Атаганат! Устатынын авалын ондой алган эмес экен да! Эми эмне болот!? Эмне болот эми? Көрсө, өзүнүн кара сыйкырын өзү кайтара албайт турбайбы!

 Мани Ясо эмне кылаарын билбей алдастап калды да Лама Дондупту тикемандай карап туруп үчүнчү көзүн жаба кийген топусун башынан сыйрып алды.

- Мен деген өлбөс Лама Цунун жанына барып отурам! Ал экөөбүз...

 Мани Ясонун көздөрү алайып чыкты. Анткени сүйлөп аткан Лама Дондуп тун мээр нуру кызыл кочкул болуп алпылдап, өтө катуу оорунун энергиясын чыгарып жатты. Денесине жакын жерлери кара киргил, Мындай мээр нур менен көпкө узашка мүмкүн эмес эле. Ошон үчүн Мани Ясо устатын кайра бир жолу гипноздоп, кайра бир жолу эгосун өзгөртүүгө далалат кылды эле андан эч нерсе чыкпады. Лама Дондуп гипнозго моюн сунбаган абалга жетип калган экен. Анын бардык болгон эсидарты эле Лама Цуга барып такалып атты: «Лама Цунун жанына барып мүрзөгө чогуу отурам... отурам... отурам...»

- Мен сизди Цу атамдан кем көрбөйм, Дондуп ата! Бирок ал сүкүттө жалгыз отурат да! Ага жолтоо болбош керек!, -деп Мани Ясо Лама Дондуптун ойлорун окуп жатып аны менен сүйлөшүүгө аракет кылды эле, устаты тескери карап жатып алды.

17.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.