Казат Акматов: Архат
Он экинчи бөлүм
Мынакей, Мани Ясо ошол устатынын босогосуна бүгүн кайрадан шашып келди. Кире бериште карасурунан келген, өңү серт бир полицай отуруптур. Ал Мани Ясону тааныды, ордунан тура калды, бирок Лама Дондупка кирүүгө болбойт, ал кабыл албайт деп дароо кесе сүйлөдү.
- Лама Ясо, же болбосо Миларепанын түгөйү келди деп айтыңыз! – деди Мани Ясо үнүн кескин чыгарып. Ошентсе полицайдын айласы кете түштү. «Баары бир кабыл албайт» дегендей ишарат жасап ийнин куушурду.
-Сиз, адегенде айткан сөздү аткарыңыз!
Бу күндөрү Мани Ясо өзүнүн ким экенин толук түшүнүп калган болчу. Лхаса эмес, бүткүл Тибетке, бүткүл Тибетке эмес, анын чегинен алыс кеткен анын Миларепа аты канча жасырышса да болбой алыска угулуп калган болчу. Ошондуктан жигит керек учурда чечкиндүү сүйлөгөнгө үйрөнө баштаган. Өзгөчө Потала ордосарайындагылар анын караанын эле көргөндө нес болуп катып калышат. Ыйык Миларепанын кайра жаралган түгөйү бир эсеп болсо, Мани Ясонун өзүнүн бойкелбети, сүрү, баскан-турганы бир эсеп. Чынар теректей шыңга бою солкулдап, кызыл күрөң лама чапанынын узун этектери кадамы сайын серпилип, чанагына терең чөккөн каректери алдынан чыккан адамды жалтантат.
Белгисиз себептер менен бир да адамды үстүнө кийирбей аткан Лама Дондуп Мани Ясону кабыл алмай болду окшойт. Бирок ал ыйык Миларепага эңкейип таазим кылаар менен, анын кайра жаралган түгөйү Мани Ясого дароо доомат айтып кирди. Көздөрү чачыладай кызарып алыптыр.
- Далай-лама экөөнөр адегенде бирди жайладыңар, андан кийин дагы бирди.... А бирок мени жайлай албайсыңар, айтып коёюн. Мен Лама Тойбадай же болбосо Лхасанын мэриндей аксак кийик эмесмин! Мени экөөнөр кууп жете албайсыңар!
Мани Ясонун дароо каны бетине тээп чыкты. Көрсө Далай-лама экөөнүн жашыруун деп жасап аткан иштерин Лама Дондуп апачык эле билет турбайбы! А бир киши билген сырды калгандар билбес болуптурбу?! Демек элдин баары эле билет экен да. Жашыруун эч нерсеси жок турбайбы!
- Урматтуу Лама Дондуп....
- Жо-жок. Мени сиз, касиеттүү Мани Ясо, алдай албайсыз. Сизди деген мен окуткам, эсиңиздеби? А бирок мен сизди кара сыйкырга окуткан эмесмин. Мен сизди жер үстүндөгү адилеттик үчүн күрөшсүн деп окуткам. А сиз болсо эмне кылып атасыз?!
- Урматтуу устатым, Лама Дондуп....
- Эми келип алып мага өзүңүз кол салмак болдуңузбу? Мага канча жолу киши жибердиңер «өлтүр Дондупту» деп. Мен болсо бирөөнү да кабыл алган жокмун. Билемин да силердин кыянат кылаарыңарды!
Лама Дондуп Мани Ясону сүйлөтөөр эмес. Жигит улам аракет кылса улам кагып туруп алды. Мурда жибектей созулган жопжоош кишинин «Эго» су башынан ашып, боюна батпай өрт жалын болуп күчөп аткан кези экен. Ошон үчүн Мани Ясо шашып калды. Лама Дондуптун эгосун мурунку өз абалына келтирүүгө аракет кыла баштады. Антейин десе Лама Дондуп бир ордуна токтобой, тура калып, отура калып, тескери айланып кетип, Мани Ясого колун кезеп таптакыр тынчыбады. Жигит канча аракет кылса да тигинин дем алуу ыргагына кире албайт. Ошондо айласы кеткен Мани Ясо устатын саамга гипноздоп коюга аргасыз болду. Эсин жогото түшкөн Лама Дондуптун заматта көздөрү сүзүлүп, өзү болсо ордунан жылбай отуруп калды.
- Тынч отуруп бериңиз. Мен сизди куткарышым керек, - деди Мани Ясо устатынын дем алуусу менен кошо анын психикалык чөйрөсүнө кирип жатып. Андан соң ал ак сыйкырдын кыска мантрасын санскрит тилинде алтымыш алты жолу күбүрөп окуду да көз алдында отурган адамдын «эго сезимин» кармады...
***
Лама Дондуптун ахвалы кандай болоору эртеси күнү билинмек. Ошон үчүн Мани Ясо таңды таңатканча оюнан кетпей кыйнаган суроолор менен алпурушуп чыкты. Биринчи эле суроосу өзүнүн кара сыйкыры жөнүндө болчу. Анын бул терс касиетке ээ болгону чынбы же калппы? Өткөндөгү Баян-Хара-Ула тоосундагы үңкүрүндө сүкүттө жатып алып кара сыйкырчы Додайдын кыйкырып айткан сөзү кулагынан кетпейт:
«Эми көрүп ала бергиле Мани Ясоңорду. Канчалаган адамдардын баш сөөгү анын баскан жолунда томолонуп жатаарын!» деп кыйкырган болчу ал. Додайдын ошол каргаша сөзүндө чындык барбы же жокпу?