Казат Акматов: Архат
Тогузунчу бөлүм
- Сага Панчен-лама деген бийик наам берилген. Түшүнүшүң керек!
Далай-лама көрсөтмөсүн түздөн-түз бере албай туттугуп турду. Ректор өзү түшүнүп өзү аткарсын деген догурунуу эле. Ошентсе күнөөнүн жарымы андан ооп, ректорго кетчүдөй. Ошондуктан ал ачуусунан улам кыпкызыл болуп чыналып тура берди. Мындай көз карашка көпкө чыдоого мүмкүн эмес эле. Ошондуктан ректордун ич дүйнөсү куурулган майдай чырылдап, акыры минтип жиберди:
- Улуу таксыр, Лама Цуну көрүнөн алып чыгып, Тибет салты боюнча денесин парчалап чаап, таз жоруларга ыргыталы деп турасызбы?
-О, мынакей, өзүң айттың иштин көзүн! Ошон үчүн панченсиң! Тур тезирээк аткар айтканыңды. Мен экинчи жолу эскертпегендей болоюн. Ага убактым жок. Ал эми, алиги качып жүргөн монахынды табууга бир сутка убакыт берем. Башка мөөнөт жок!
Панчен-ректор өкүмдардын саясатынын анча көп эмес, бир эле ууч жактоочуларынын бири эле. Бир пикирлеш, тилектеш деген өлкө жетекчиси анан эмнеге ушунчалык, тимеле душманындай катаал сүйлөштү аны менен? Же бир атайылап кылган айыбы бар беле? Лама Цунун өзүнүн керээзин аткаргандан башка эмне жазык жасады?
Ушуларды ойлоп ызаланган ректор Поталанын баш айлантма коридорлорунан кантип өтүп келип, кандайча сыртка чыкканын да билбей калды. Чыкса өзү улуу тоонун башында тургансып бут алдында кызыл-сары топурактуу кенен Уй өрөөнү кылкылдайт. Андан ары алыс-алыс көз кайкытса «Дүйнөнүн түркүгү» атанган Эверес чокусу, анын оң тарабында касиеттүү Кайлас тоосу, ыйык Шамбаланын мекени...
Күндөлүк күйпүл жумуштан эч качан колу бошоп, башын өйдө көтөрүп көрбөгөн ректор эмнегедир мынабул бүгүнкү көрүп турганындай ажайып кенен дүйнөнү ушуга дейре бир да жолу байкабаптыр. О, шумдук! Дүйнө кенен турбайбы?! Тибет кенен турбайбы?! Мынабул миң сан жылга жыбыттардын койнунда не деген керемет адамдар жашап өтпөгөн? Ошонун бирин Лама Цу жалгыз отуруп ректорго айтып берди эле. Дал азыр эсине кылт дей түштү:
«Ак чач болуп калган кезинде бир абройлуу монах ээн үнкүргө келип, көп айларга сүкүт салмак болуп бекинет. Аны ал жерге коштоп, жүктөрүн көтөрүшүп келген өзүнүн эң кымбат көргөн окучуусу, шакирти эле. Устатынын анча-мынча жарыбаган оокатын көргөн жаш жигиттин капыстан ниети бузулат да карт ламаны таш менен башка уруп өлтүрүп тоноп кетет. Бирок, өлдү деген монах өлбөй, эртеси эсине келет. Жараты ушунчалык катуу болгондуктан ал ооруга чыдап жата албай кайрадан тези нен сүкүткө кирип, эсучун жоготуп жата берет. Ооруган жерин сезбейт.
Бир күн айланган соң монахтан кабар алууга дагы бир шакирти келет. Келсе монах тил оозу жок жатат, шилисинен куюлган кан сасып чирий баштаптыр. Устатын ойготуп алып эмне окуя болгонун билип алган бала дароо жакынкы монастырды көздөй чуркап, догдур апкелмек болот. Ошондо өлүм алдында жаткан монах колун көтөрүп шакиртин токтоткон экен.
- Менин бул кебетемди көрүшсө дароо кылмышкерди издей башташат. Ал болсо алыс узап кете элек. Колго түшүп калышы мүмкүн. Колго түшсө ал бечараны атууга буйруп салат ко. Мен андайга макул боло албайм. Андан көрө мен жата турайын ушул тейимде, тигил шакиртим узап кетсин. Балким ал ушундан кийин оңолуп кетээр. Түшүнөөр. Эмнеси болсо да мен анын өлүмүнө себепкер болбоюн. Эми сен дагы бара бер, уулум. Бул окуяны эчкимге айтпай эле кой», - деген экен.
Мына ушундай аркыл адамдар жашап өткөн тура бу миң коктулуу Тибет тоолорунун ичинде. Ректор терең санаадан чыгалбай илкип жүрүп отуруп иш бөлмөсүнө кирди да, эшигинин ичинен бекитип алды...