Казат Акматов: Архат

Тогузунчу бөлүм

Казат Акматов: Архат

 Мына ушуларды туура ойлоштурган менен бабам Санчжягацо Сизди, Улуу Бешинчи Далай-ламаны «көп жылдык сүкүткө отурууга бекинди» деп аргасыздан жарыя кылган да өлкөнү өзү башкарууга мажбур болгон. Ошондо менин бабам отуз жети жашта эле. Мен дагы азыр туура отуз жети жаштамын. Дал келип турганын караңыз!

Ошон үчүн суранам, Калыстыкка жол ачкын деп, о менин улуу бабам Бешинчи!

Эгер антпесиңиз Лхастын азыркы лама төбөлдөрү мени, сиздин түздөн-түз кайра жаралган түгөйүңүздү, издегиси да тапкысы да келген жок.

Менин ордума «Улуу Бешинчинин» түгөйү деп азыркы Лама он төртүнчүнү таап келишкен. Ал болсо кыйын күндөрдө элин душман колуна таштап коюп качып кетти. Тибет эли бүтүндөй аны азыр «Качкын лама» дешет, «Далай лама» дебейт. О, менин улуу бабам калыстыкка жол ачкын! Өзүңдүн түздөн-түз тукумун алдыңа келип жалбарып турат. Мен дал өзүңдүн жолуңа түшүп, тибет элинин курсагын тойгузам, бизнести, сооданы өнүктүрүп, элдин байышына кеңири жол ачтым. Ошонумду көрө албаган душмандарым көбөйдү. Алар мени: «сен тибеттин ыйык жерлерин бүтүндөй ыплас жаман туристтерге тебелеттин, лама дининин касиеттүү кутун качырдың дешет. А мен аларга: «тибеттиктер ХХІ кылымда өнүккөн башка элдер сыяктуу, курсагы ток, кийми бүтүн жашасын. Андан кийин динин, окуусун өнүктүрсүн» дейм. Кимибиз туурабыз, о улуу бабам? Калыстыгынды айтып адилеттикке жол ачкын! Суранамын сенден жалдырап...»

Далай-лама тирүү кишини карагандай тирмийип тиктеген сайын Улуу Бешинчинин телмирген алтын жүзү акырындап кыймылга келгенсийт. Көздөрүнөн нур чыккансып, эриндери билинээр-билинбес кыбырайт. Анакей, кара! Ал түгүл жылмайгансып жибериди! О, Жараткан! Өлбөс-өчпөс бабалардын колдоосуна дем бере көр, Жараткан!

Дал ушул тушта узун залдын тээ алыскы эшиги ачылып полицайлар кирип келишти. Көрсө туристтер залга кире турган саат келген экен. Мурдагы заман болгондо Далай-ламанын бул залда экенин көргөн полицайлар дароо кайра чыга качышмак да Улуу көсөм кетмейинче туристтик саат башталмак эмес. Азыр болсо полицайлар Далай-ламаны «сен кетпейсиңби тезирээк» деп омуролой карап турушту. Туура, ошентиш керек алар. Анткени Далай-лама туризмди өзүнөн да жогору койгон. Өлкөгө акча керек эле!

Шашып калган Далай-лама шарт аркасын салды да залдын башка жагын көздөй басып жөнөдү. Узун парча халатынын этеги желп-желп этип полго сүйрөлүп баратты.

 

***

 

- Ом мани падме хум! – деди үч мерте жүгүнгөн Жохан храмынын ректору Далай-ламанын бөлмөсүнө кирип, бирок ага жакындабай алыстан. Ошентип ал күн мурун эле өз күнөөсүн мойнуна алып, дапдаарып турду.

- Мага үч жолу жүгүнүп убакытты албагыла деп канча жолу айтам. Бир жолкусу жетет. Тез сүйлөгүн!

- Улуу урматтуу таксыр! Мен сиздин тапшырманы аткара албаганым үчүн өзүмдү эмне кылаарымды да билбейм. Өмүрүмдө башыман өткөрбөгөн бир окуя сиздин алдыңызда мени чоң күнөөгө жыгып турат.

- Ал эмне деген окуя экен? - Лама Цунун жардамчысы Дей деген салбырак монах өлгөн жетекчисин тирүү дейт. Көрүндө тирүү отурат, анын Мани Ясого жазган керээз каттарын өзүнөн сурап алгыла дейт. Ошентип коюп ал монах качып жок. Кечээтен бери храмды тинтип издетип таба албадым. Бүгүн да издеп атабыз, улуу урматтуу таксыр. Акыры таап, аны балак менен жазалоого туура келет. Болбосо андан да катуу жаза колдоном, таксыр.

- Мага ал монахындын жазасы эмес, каттар керек! Каттар керек мага!

 - Билем, түшүнөм, улуу урматтуу жолбашчы!

- Түшүнбөй турасың! Болбосо өз билгенин кылган Лама Цуну антип табытка отургузбай эле башкалар катары, тибеттин өз салты менен аркы дүйнөгө жөнөтүш керек эле да. Эмне үчүн алжыган Цунун тедолдун шартын бузуп, айтканын аткардыңар?!

 - Улуу таксыр, сиз сыяктуу эле мен дагы Лама Цунун окуучусу болгон соң, сөзүн эки кыла адбадым.

- Сен азыр эч кандай окуучу эмессин Храмдын жетекчисисин Ошон үчүн өз милдетинди так аткарышың керек болчу. Убагында аткара албадыңбы - эми аткаргының!

- Түшүнбөдүм, улуу таксыр. Ректордун өңү кубара түштү.

17.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.