Казат Акматов: Архат
БИРИНЧИ КИТЕП
Ошол Рухтун улуу жолуна адеп аттанып жатканда Тойпаганын төгүп ырдаган ыры төмөндөгүчө:
«О, Жараткан! Табынамын чөгөлөп.
Жалбарамын!
Бекемдей көр чыдамын жалгыздыкта
жашоого, мен окшогон жакырдын.
Ошондо мен кең талаасын мемиреген Уманын.
Сугарамын, айдаймын, темирдей бек
Эрк менен.
Андан кийин үрөн себем эң тандамал,
Апапакай жүрөгүмдөн өнүп чыккан.
Мына ошондо айдоо үстүндө табынган
үн чагылгандай чарт этээр.
А молчулук өткүн жаандай шатырап
төгүп өтөөр.
Өгүз менен сокосуна Улуу Күчтүн,
Мен улаймын октемирин Акыл менен
Ышкынын.
Жана Эркин аракетчил дыйкандын,
Бекем кармап буурусунду бараткан.
Үмүт менен өжөрлүктүн чаап камчысын,
Кылмыштуу беш Сезимдерден жаралган,
Жиреп салсын Наадандыктын катып
калган кыртышын.
Жана дагы арам жашоо таштарынан тазалап,
ал талааны бетбактыктын отоосунан арылтсын.
Андан кийин орогу менен Кармикалык мыйзамдын
Адал жашоонун бай түшүмү жыйналаар.
Ошол бийик Калыстыктын дандары,
Буруу ойлор буза алгыс,
Жан кампага салынаар.
А Кудайлар ошол данды отко кууруп ун салып,
тамак кылаар,
Мен окшогон жетим байкуш жакырга.
Адилеттик, Чындык издеп жөнөгөн!..»
(«100 тысяч песен Миларепы» деген китептен алынды. Которгон К. Акматов). Өзүнүн кырк жылдык, жалаң бийик тоодогу үнкүрлөрдө жалгыз өткөргөн өмүрүндө Миларепа адам рухун жекече өнүктүрүүнүн, диндик, сыйкырчылык, бакшылық, ошондой эле терең философияга сугарылган акындык өнөрлөрүн өтө жогору даражага көтөрүп, бүткүл будда дүйнөсүнө атагы чыккан.
Өмүрүнүн аягында Миларепа ондогон шакирттерин тарбиялап өстүрүп, алар аркалуу өзүнүн диний, философиялык, поэтикалык мурастарын жалпы адамзаттын рух казынасына кошуп кетти.
Эки дүйнөгө тең көзү ачылып, эң жогорку «архат» абалына жеткенден кийин Миларепа дүйнөдөгү бардык адамдар да дал ошондой бийиктикке жетмейинче өзү «Бошонуудан», б.а. Нирванага биротоло өтүп кетүүдөн баш тарткан.
_____________________________________________________________________________________________________
Чыгармада учураган айрым терминдердин түшүндүрмөсү
Агни-йога — түбөлүктүү аалам оту (космикалык энергия), планеталар аралык байланыш жана материя менен духтун бүткүлааламдык биримдиги жөнүндөгү Н.Рерих негиз салган көп тармактуу диний-философиялык окуу.
Астролатрия — жылдыздарга табынуу, аларды изилдөө илими.
Астралдык дүйнө - кайып дүйнө (тонкий мир) кайып болуп кеткендер, арбактар, жин-шайтандар, периштелер жашаган, биздин көзгө көрүнбөс сырдуу дүйнө, жана алар жөнүндөгү түшүнүктөр.
Астрология — (гороскоп).
Архат - (посвященный) эки дүйнөгө көзү ачылган Олуя адам.
Бону - ламаизмге чейинки тибеттиктердин Дин ишеними.
Гуру - мударис маанисинде.
Дзон-Капа - Шамбаланын бүткүл дүйнөлүк өкүлү, Тибетке будда динин биринчи киргизген адам.
Йог - акыл-эсин, ой жүгүртүүсүн, дене күчүн, сезимдерин, эркин, ички энергиясын жалаң көнүгүүнүн (медитация, сүкүт) негизинде башкара жана өзгөртө билген кудурети күчтүү адам.
Кайлас - Тибеттеги ыйык тоо, дүйнөнүн
«Рух борбору», «Ганжур», «Танжур» - Тибетдин илиминин тексттери, ар бири 112 томдон турат.
Калачакра - ааламдын сырлары жөнүндөгү диндик-философиялык илим, будда дининдеги теккстер.
Калагия - Шамбаланын үнү, аба менен жер шарына тарап турат.
Качын уруусу (тили) - Тибетте сакталып калган байыркы түрк этникалык тобу, алардын тили.
Кунь-Лунь — Кытайча өлбөстүктүн мекени.
Лама - памаизмде профессор маанисиндеги жогорку наам.
Левитация — абада, планеталар аралыгында учуу жөндөмү.
Mar - чыгыш даанышманы, сыйкырчы.
Майтрейн — Будданын экинчи аты.
Миларепа - тибеттин бул атактуу йогу жөнүндө китептин аягында атайын текст берилди.
Нирвана - көртирликтен баш тартып, Будда жолунда кайгыга төнбөй, санаасыз өмүр өткөрүү, акырында Абсолюттук Боштука жетишүү.
Нуа жана Куа — кытайча Адам ата, Обо эне.
Окульттук илим - материалисттик илим түшүндүрө албаган сырдуу кубулуштардын табиятын изилдөө.