Казат Акматов: Архат

БИРИНЧИ КИТЕП

Казат Акматов: Архат

- Бирөөнүкүн гана көрүп калдым. Сапсары нурларга чулганып бараткансыйт.

- Ов-ов-ов, - деген бойдон Лама Цу сүйүнүп ордунан тура калды. - Баары биз күткөндөй болду, уулум Мани Ясо! Көзүңүз даана ачылды! Демек сизде бар экен! Миларепа!

- Бирок мен түшүнгөн жокмун, ата. Эмне үчүн сапсары нурга оролгонун.

- Андай мээр чанда жолугат. Ал адамдын ичинин, ой-тилегинин тазалыгын билгизет, уулум. Ар бир адамдын мээринин түсүндө ар кандай айырмалар бар. Гаммасы өтө эле көп. Муну эми сиз экөөбүз атайын сабак катары окуй баштайбыз. Адамдын мээрин көргөн бир кеп, аны окуй билиш экинчи кеп, уулум! Биз, жөнөкөй мугалимдер, мээрди окуганды теориялык жактан билебиз, бирок көрө албайбыз. Сиз устатыңыздан алда канча жогору турган адамга айландыңыз, уулум Мани Ясо!

Лама Цу өзүн таңыркап карап отурган окуучусуна каткырып күлүп ийди:

- Менин мээримди карап түшүнбөй отурасыз ээ? Эмнени көрүп турасыз, айтыңызчы?

- Агышыраак, үлпүлдөк нур экен. Оң жак төшүңүзгө жакындаганда жашыл түскө өтүп желпилдеп турат.

- Даана! Дапдаана! - деди Лама Цу кадим өзү жеңишке жеткендей сүйүнүп, Өңү кызарып-татарып кетти.

- Көкүрөк жагым жашылданганы ал менин өпкөмдүн эски оорусу!

-Башыңызды бүт агыш нур чалып турганычы, ата?

- Мен ага сыймыктанам, уулум. Өмүрүмдө бир жанга жамандык кылган эмесмин, бир адамга карасанаган эмесмин.

- Курсагым аябай ачып атат, таразага түшсөм жети кило арыктаптырмын, ата.

- Билем, билем, уулум. Атайын диетада отурбадыңызбы. Азыр ашканага барабыз.

Мани Ясо устатын ээрчип жарым айлампа коридор менен келе берди. Ашканага дейре эч ким жок ээн учур экен. Аңгыча ашкананын эшигин көздөй чукул бурулушту.

-Ата! - деди Мани Ясо чочуп кетип устатын жеңден ала. Тетиги адам өрттөнүп атат!

-Ха-ха-ха!

Лама Цу дагы да сүйүнгөнүнөн коридорду жаңырта күлдү:

- Ал адам ашкананын кароолчусу. Ачуусу чукул, билими жок, жөнөкөй полицай. Мээри көгүлтүр бекен?

-Көгүлтүр жалынга өрттөнүп атат!

- Туптуура көрдүңүз. Бирок мындан аркы өмүрүңүз татаал болот, уулум, Көргөнүнүздүн бардыгын адамдардан жашырууга туура келет....

Биринчи китептин аягы.

 

 

Мила Дорже Гялцен (Миларепа)

 

Буддизмдин негиздөөчүсү (б.э.ч. 6-кылым) Сак-Муниден бери карата ХХ кылымдын улуу Махатмасы Гандиге, же болбосо азыркы Далай-Лама 14 чүгө чейин ондогон чыгыш даанышмандары, йогдору, акындары, диний генийлери тарыхта өчпөс издерин калтырышкан. Ошолордун бири Тибетте буддизмдин өзгөчө бутагы болгон ламаизмди негиздөөчүлөрдүн ириси, Тибет йогу, төкмө акын жана көзү ачык Мила Дорже Гялцен (Миларепа). Европанын, көбүнесе англичан изилдөөчү лөрү Миларепаны «Азиянын Сократы» деп аташат.

Мила Дорженин балакат ысымы - Тойпага. Ал Түндүк Непалга жакын, Тибет чек арасында 1052- жылы оокаттуу соодагердин үйүндө туулган. Бала жети жашка чыкканда атасы өлүп, беймарал жашап жаткан үйбүлө катуу кайгыга чөгөт.

Дагы бир аз жылдан кийин Тойпаганын атасынын туугандары жесирдин мүлкүн талап, менчиктеп алышат да эки жетим баласы менен кароосуз калтырат. Өспүрүм Тойпага бир мезгилде тартипсиз балдарга кошулуп шарап ишчү болуп алат. Бир күнү, он жетиге чыккан өспүрүм мас болуп келгенде апасы катуу капа болуп, буй салат. Ошондо эсине келген Тойпага апасына убада берип оң жолго түшөт. «Сен чоң жигит болдуң, бизди кор кылган атаңдын туугандарынан өч албайсыңбы! - деп апасы Тойпаганы кара сыйкыр үйрөткөн маг Юнтон Тогялга окуучу кылып берет.

 Өтө шыктуу, мукам үнү менен мааниси терең ырларды мыкты ырдаган өспүрүм бат эле кара сыйкырды устатынан да ашкере жасап, элге тааныла түшөт. Күндөрдүн биринде ал той берип дуулдап аткан туугандарынын үйүн сыйкыр менен бүргөгө толтуруп, акырында үйдүн төбөсүн түшүрүп жиберет. Бирок бул бир топтордун кычуусун кандырган өч алуу, зирек жигиттин өзүн аябай кайгыга салат. Мындай жол менен жашоо мүмкүн эмес экенин түшүнөт да, Марпа аттуу ак сыйкырдын чоң устатына шакирттикке суранат. Марпа Тойпаганы окууга алыштан мурун абдан катаал сыноолордон өткөрөт. Анын дилин агартып, кара сыйкырын кетирип, кылган күнөөсүнөн арылтыш үчүн кырк беш жашка чыккыча өтө оор жумуштарга салып, азаптуу күндөрдү көргөзөт. Акыры, Тойпаганы «мен» деген Эгосунан арылтып туруп анан ак сыйкырдын босогосуна кийирет.

17.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.