Казат Акматов: Архат

БИРИНЧИ КИТЕП

Казат Акматов: Архат

Жүрөгүм кайрадан туйлап кетти. Эрксизден тапанчамды кабынан алып, патрондорумду түгөлдөдүм. Болгону эки пачка - элүү ок чыгара алам, эгер кокус бирдеме болсо. Анан эки миздүү мерген бычагым. Болгон куралым ушул. Жаныбызды сактап калыш үчүн жардамы тийээр бекен ушулардын? Ай ким билет? Алдым капкара түндөй белгисиз туңгуйук. Эгер тамагыбыз түгөнсө бирдеме атып алам го, болгон үмүтүм ошол.

Аңгыча кайрадан күн күркүрөп аска-зоолор күлдүр-күлдүр. Биз жаткан жардан да таш кулады. Үңкүрүбүздүн асты ташка толуп кетти.

Эртеси араң жолго чыктык. Коркконум эле эми түтөк болуп келатат. Себеби мергенчилер айткан, мөнгүгө жете электе түтөк кармайт, а жетип алсаңар кармабайт деп. Карта боюнча дал мөңгүнү көздөй кара шагыл кыр менен кетип баратабыз. Шамалдын катуусунан Анжела ыргалып кетип атты. Айла жок. Ыктоо беттер менен басууга болбойт, үстүңөн таш кулайт. Кырлар менен гана жүрүүгө аргасызбыз. А кырларда суук ыктоого караганда беш-он градус жогору. Негизинен 35-40 градус суукта бараттык. Ар бир саатта мен Анжеланын бети-башын атайын май менен сүртүп келаттым. Күн өткөн сайын рюкзактарыбыз салмагын азайткан менен биз үчүн ого бетер оордоп барат. Түштөн кийин Анжела: «Чыкыйым ооруйт», — деди. Сол ууртунан кичине көбүк чыккансып калыптыр. Менин коркконум ошол болчу. Демек түтөгө баштады. Анжеланы чоң бурчуктун далдасына отургузуп коюп, бийик зоого өзүм салт чыгып барсам аржагы уюган эле ак мөңгү экен. Бир чети сүйүнүп кеттим. Мөңгүнүн учу-кыйыры жок. Салаа-салаа болуп кокту-колотторго кирип жатат. Ошол коктулардын кайсынысын көздөй басабыз?

Турнабай салсам көзгө илинээр эч бир өзгөчө белги көрүнбөйт. Аска-зоо, тооташ, ак кар, көк муз - башка эч нерсе жок.

Ал күнү ошол Анжела отурган үйдөй борчуктун конулуна түнөдүк. Палаткабыздын таарларын үстү-астыбызга төшөп катуу чүмкөндүк да, кучакташып уктадык. Мен ойлойм, таң аткыча жүрөктөрүбүз араң дегенде мүнөтүнө отуз жолдон согуп чыкты го деп.

Эртеси Анжеланы жетелеп отуруп, акырын жылып мөңгүгө бут койдук. Тай туяктарыбызды кийип алганбыз. Бир түндө кыздын денебою биз жүргөн бийикке көнгөнсүп калыптыр. А мөңгүгө жеткенден кийин биз өйдө эмес саал ылдыйлай баштамакпыз. Муздун үстүндөгү катуу карды издеп басыш керек. Бул өзү адамга кыйла жеңилдик берет. Ошентип кар кууп жүрүп отурдук да, мен кайрадан мойнумдагы илинген турнабайды көзүмө салдым. «Туман!» дедим капыстан бир коктунун ичиндеги тумандын чекесин көрө коюп кыйкырып. Анжела да жаш балача сүйүндү, себеби ал дагы айтып келаткан - туман баскан кокту карандай ачык жерге караганда бир нече градус жылуу болот деп. Башка эч бир божомолубуз жок болгон соң биз түз эле туманды көздөй салдык. Акыры туманга жеттик. Чынымды айтайын, муздак туман эч бир жылуулуктун белгисин берген жок. Болгону нымды сездик. Капюшондорубуздун боолорун бекем тартууга туура келди. Себеби нымдуу муздак аба кургакка караганда коркунучтураак. Тумандын ичи менен эч максатсыз бирдалайга дейре жүрүп отурдук, Тумандын ичинде отуруп алып түштөндүк. «Эмне үчүн быякка кирип алдык?» деп Анжела өкүнө баштады. Ошентип ал менден эки жолу сурады. Мен болсо жооп таба албайм. «Керек болсо тумандан чыгып кетсек болот» - дедим мен. Бирок дароо эмес, дагы бир аз алга жүргөндөн кийин, анан капталга чыкмай болдук. Кантсе да бийикти көздөй баскыбыз келбей атты. Нымда жүктөрүбүз оорлогонун даана сезе баштадык.

Ошентип баратып эле бир кезде ысык жел бетибизге бир ургансып кетти. Ишенбей дагы бир нече кадам бастык эле, чын эле туман ыпысык экен. Мен, ал түгүл чочуп кеттим, вулкандын оозуна келип алдыкпы деп. Себеби бут астыбызда гы шагыл да ысык экен. Бир топко дейре алга жыла албай турсак ылдыйтан өйдө каптаган туман аздап суюла баштады. Бут алдыбызда муз да, кар да жок, баягы кадимки кара шагыл. Болгондо да ысык шагыл. Биз өзүбүз гейзер издеп келатабыз.

Бирок гейзер эмес жанартоого кептелип калганбызбы деп чочулаганымды Анжелага айтсам ал дагы селейип калды. Ал колкабы менен бетин сүрөм деп чочуп кетти, мээлейи ысып чыгыптыр.

Аңгыча каалгыган туман бизден биротоло өтүп кетти эле алдыбыз шаңкайып ачыла түштү.

17.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.