Казат Акматов: Архат
БИРИНЧИ КИТЕП
Биз Көкбел деген жонду ашып Үзөңгүкууш өтмөгүн көздөй бурулганда артыбызды бир карап алдык. Жыргалаң өрөөнүн курчаган аскалардын ошол күнкү шаңкайганы тимеле бир башкача! А Ысык-Көлчү! Эч убакта эстен кеткис көрүнүш.
Кырда тамактанып отурсак эки суткадан бери басылбай келаткан Анжеланын ыйы басылып калды. Табигаттын кооздугунун күчүн кара! Кыздын оозу ачылып, айтууга эч бир сөз таба албайт. Чайнаган нанын жута албай: «Укмуш!», «Укмуш!» - дей берди мени карабай эле. Мен болсо ичимден акырын көл менен коштошуп аттым.
Жана тээ төмөндө сайдын суусуна түшүп атканда карасам байкуштун денесинде соо жери жок көгала экен. Азыр ошонун бирин эстеп койгон жок. Көрсө мезгил денедеги жаратты билгизбей акырындап дарылай берет турбайбы. Ал эми көкүрөктөгү жарат түбөлүк кала берет деп ойлойм. Барлас ачышкан жүрөгүн ушалап койду да, кайрадан сигаретин күйгүздү.
Адилет анын түтүндөн сапсары болгон, темир болттордон курап жасаган сыяктуу манжаларын коопсунуп карайт. Сезимтал баланын көз алдынан али да болсо баш сөөгү эки бөлүнүп, мээси жерде чачырап жаткан кишинин элеси кетпей турган болчу.
Экинчи күнү биз алыстан «Хан Теңир» аскасын көрдүк.
- Жанына барабызбы?! - деди Анжела көздөрү ченемсиз бакырайып.
- Кадим сүрөттөгүдөй турбайбы, ээ. О кудай, мен муну кимге айтсам да ишенбейт. Хан Теңиринин түбүнө барып өз көзүм менен көрдүм десем ал түгүл папам, мамам да ишенбейт мага, көрөсүң го, Барик! Кийин Будапештке барганыбызда так ушуга өзүң күбө болосун Ишенишпейт.
Анжела мойнундагы фотаппаратын кайрадан көтөрдү...
Дүйнөдө теңдеши жок Хан Теңир бир ойго кирип, бир кырга чыгып кыбыраган эки адамды дээрлик эки күн кечке шаңкайып карап турду эле, акыры аны менен коштошо турган үчүнчү күн да келди.
- Бизди унутпа! Кайра ушул жер менен өтөбүз! Көрүшөбүз! – деди Анжела чокуга кол булгалап.
- Мээлейинди чечпей эле кол булгаласаң болмок, - дедим мен Анжеланын колун ушалап. - Бат эле үшүк уруп кетет. Өзүң да билбей каласың
-А кандай болот үшүк урганда?
- Кызарып ысып чыгат, анан кычышат.
- Анан?
-Анан көгөрүп барып, жаны өлүп калат үшүгөн жердин.
- Ужас!
Анжела апакай колуна мээлейин кийгиче шашты.
- Костюмдарыбыз бутубузга дейре альпинистики. Бети-башты майлаганды эле унутпасак болду. Үшүкө алдыра койчудай эмеспиз.
Хан Теңирден алыстаган сайын оюм онго бөлүнүп санаага төндүм. Анткени миң сан окшош аскалар, миң сан окшош борчуктар, миңдеген кокту-колоттор алардын кайсынысын болжол кылам, кай тарапка барам, издеген ысык өрөөндү кантип табам?
- Картага түшүрүлбөгөн гейзерди табууга болобу? - деди менин жүрөгүмдүн өйүгөнүн түшүнгөн Анжела.
- Коркпо. Мергенчилер айткан багытта баратабыз.
Кыздын жүрөгүн түшүрбөш үчүн колумдагы Тянь-Шань, Тибет, Гималай тоолору бар картаны ага көрсөтүп койдум.
- Бүгүн мына бул борчукка жете барып түнөсөк, эртең нарыдагы агарган мөнгүгө жетебиз. Менин атамдын айтуусу боюнча ошол мөңгүлүү коктулардын биринде көл бар. Көлдү тапсак болду...
Эртеси аба ырайы капыстан бузулду. Аска зоолордон шамал улуп, муз аралашкан терсек кар бут астыдагы какыраган кара шагылды сабап кирди. Күн небак көтөрүлсө да жар түбүндөгү үңкүрүбүздөн чыкпай жашындык. Кечээ жарыкта куураган арчалардан отун чогултуп алгам. Тамак-аш түгөнө элек, ошон үчүн Анжеланын көңүлү кадыресе тынч.
- Мынакей, мен бала чагыман эңсеген романтикам! Жапайы тоолор, бийик аскалар, мен болсо сүйгөн жигитим менен капкара үңкүрдүн ичинде отко жылынып отурам! Астыбызда күлүк атыбыз гана жок.
Мен кызды карап жылмайдым да жүзүнчү, мининчи жолу ичимен таңыркадым. Адам адамга ушунчалык да байланабы? Ушунчалык да ишенип, өз өмүрүн бирөөнүн колуна бейкапар карматып коёбу? Коёт экен да көрсө! Ишенет экен да!
Бугу баса элек наристе ата-энеси колуна көтөргөндө жерге түшүрүп ийет деп коркобу? Албетте коркпойт, антип ойлобойт дагы. Анжела дал ошол наристе сыяктуу жан экен көрсө. Менин жанымда келатканы үчүн эле бүткүл дүйнөсү түптүгөл, башканын кереги да жок. А мен буга кандай жооп бере алам? Сактай аламбы ушу өз тагдыры эмес, бүткүл өмүрүн ишенип койгон адамды?