Казат Акматов: Архат
ОН АЛТЫНЧЫ БӨЛҮМ
Айкел-касиеттүү Саки Муна -Будданыкы эле!!
- Кудурети улук Саки Муни Будда! Мен бүгүн кубанычыман жарыла жаздап алдыңызга келип турам.
Шадылуу узун бойлуу Адам өйдө созгон башын эңкейтпестен, айкелди жалдырай карап тура берди. Мани Ясо дагы аны туурады, бирок анда-санда көз кыйыгын жанындагы адамга жиберип коёт. Касиети улук Будданын эки көзү тең чала жабык экен. Эриндери бекем кымтылуу, жаш барчындын канаты сымал эки жака серпилип учкан каштары гана билинээр-билинбес дирилдегенсийт. Сейде кылгандар көпкө турушту. Мани Ясону ээрчитип келген Адам ал арада жанагы айткандарын дагы эки мерте кайталады. Ошондо гана Саки Мунинин айкелинен эмес, тигил турган экөөнүн арт жагынан, бийик аска тараптан дем алган тыноо угулду, андан соң үн чыкты:
-Мен тирүүлүктөн кечкен адаммын. Менин өзүмө эмес, сөзүмө гана кайрылып жүргүлө дечү эмес белем, ыйык Миларепа!
Мани Ясонун денеси дүр этип жанып кетти. Көрсө аны ээрчиткен бейтааныш өзүнүн мурунку жашап өткөн түгөйү Миларепа турбайбы! Капырай ушундай да окуя болоорбу?! Өз түгөйүн өзү тааныбай! Же жок дегенде Миларепа өзү бир ооз бирдеме деп койсочу, атаганат!
Мани Ясо бети албырып толкунданды. Өзүнө бойлош, бирок кууш далылуу, жука чапан кийген түгөйүн карап көзү жалжылдады, сүйүнгөнүнөн жылмайып күлгүсү келди эле, анте алган жок.
Анткенге үлгүрбөй калды- ыйык Миларепа сүйлөй баштаган:
– Бүгүн адамзатка бир ишеним келип турат. Ошон үчүн Сиздин айкелиңизге түздөн-түз кайрылдым, кудурети улук Саки Муни.
- Ишенимби? Адам баласын кайгы-мундан, азаптан арылта турган ишеним табылдыбы?
Миларепа жооп бербей бир далайга үнсүз туруп калды. Андан соң эмнегедир мукактанып, ишенимсиз сүйлөдү.
- Мынабул ЖИГИТТИН Кыргыз ысымы Адилет, Тибет аты Мани Ясо. Бир жыл бою өткөргөн бул жигиттин «Агни-йога» сүкүтүн баштан аяк тирмийип аңдып отурдум. Бул жигит адамдагы эң негизги залалды – анын ички өзүмчүл «Эгосун» түздөштүн амалын тапты. Будда жана лама текстеринин бардыгын карап отуруп акыры түбү мурда жок, жалаң адамдын ой жүгүртүүсүнүн күчүнө негизделген жаңы нускама жаратты. Ал нускаманы өзү да ишке ашыра алат, же болбосо ар бир Адам машыгуу жана мантра жолу менен өз «Эгосун» өзү түздөй алат. Ушундай эки жол тапты бул жигит.
- Адамзат бу жарыкта төрт миллион жыл жашайт. Өсүп-өнүктүм дейт. Бирок алдына тыңгылыктуу чоң максат коё албады. Кана, болсо айтып бериңизчи, ыйык Миларепа?! Адамзаат дегениңиздин алдында жаркын максаты барбы? Жок! Ошонүчүн мен «Өмүр айлампасынан» чыгып, сансараны таштап, биротоло Нирванага кетпедим беле. Менин адамдар үчүн болгон кайгы-мунум, менин жеке өзүмдүн көртурмуш азабым ошондо гана токтогон. Сиз аны жакшы билесиз да, ыйык Миларепа.
-Ооба, ооба кудурети улук Саки Муни. Бирок сиздин даанышман окуу бүткүл чыгыш элдерин касталарга бөлүнүүдөн, биринен-бири өйдөсүнүп, бирин-бири кордоп, кул кылып жашоодон арылтпадыбы. Азыр сиздин окуу дүйнө жүзүнүн үчтөн бирине тараган. Дагы арылап тарап жатат, кудурети улук Саки Муни!
- Ошонун баарысы биригип келип, менин жана менден башка өздөрүн пайгамбар атагандардын окуусунун баардыгы биригип келип жаңы төрөлүп аткан бир баланын эти ооруп, жаны кейип ыйлагандагы ыйын баса албадык го. Анан сиз, алдагы жаш жигит экөөнөр эмне кылалы деп турасыңар, ыйык Миларепа?
- Биз кишилерге ишенип турабыз, кудурети улук Саки Муни! «Эгосун» түздөгөн адамдын пейили онолооруна, ыйманы тазараарына, сабыры төп болооруна ишенип турабыз. Ошентип барып ал кишилер акыры ыйык «Адам» атына көтөрүлүп жетет деп ишенип турабыз, кудурети улук Саки Муни!
- Ишениппи? Саки Муни дал ушул суроону берген кезде чала жабылуу көздөрүн саал ачып, алдында турган экөөнү бир карап алгандай болду. Андан кийин мурунку суроосу на дагы бир сүйлөм кошту:
- Адам өзүн баардык жан-жаныбарларга түбөлүк мөмө берип турган даракка айланта алса гана бактылуу болмок.
- Ага кандай жол менен барабыз, кудурети улук Саки Муни?!
Бул өзүнө тааныш эмес үндү укканда Будданын күндүн нуру сыяктуу жылтылдаган кирпиктери серпилип кеткендей болду. Ооба, дал ошентти. Анткени, эмелеки суроону берген башка, таптакыр башка үн эле ыйык Миларепаныкы эмес, башкача үн болчу. Ал үн ыйык Миларепанын жанында турган мынабул бейтааныш баланын үнү эле. Анын азандагы кыргыз аты-жөнү Адилет Нарбаев, Тибет астрологиясы берген аты Мани Ясо. Далай ламанын өкүмү менен ыйгарылган наамы Лама Ясо, бирок антип башкалар атаса да жигит өзү бир мертебе бул наамын оозанган эмес.