Казат Акматов: Архат
ОН АЛТЫНЧЫ БӨЛҮМ
Адатта христиан адамы мындай учурда Иусус Христостун элесине (мыслеобраз) же болбосо Ыйык Петрдун, ал болбосо христиан адамы өзү жакшы биле турган апостолдорунун бирине жолугат.
Иудей дининдегилер Авраамга, Соломонго, Моисейге, же мусулмандар Мухамедге, Алиге; мусулман-кыргыздар болсо Кыдыр алейсаламга же болбосо ыйык аталардын» бирине туш болот. Же болбосо Манас баатырга, Бакай атага, Каныкей энеге кез болгон учурлар бар.
Мани Ясо ар бири үч күндөн эки мерте «самадхи» авалында отурду. Колундагы нускамада жазылгандай жаздыкты башына бийик коюп, абдан эле тикелей, түз оту руп көзүн таптакыр ачпастан Идам күттү, келбеди.
Жигит саруулай баштады. Идамдын келбеши эмне деген белги? Тагдырыңдын ташка чабылышыбы? Келечегиндин күүгүмдөп батышыбы? Тибеттеги он беш жылдык окуунун, өткөн өмүрдүн, болгон-бүткөн ой максаттын, тилеген тилектин ойрондолуп, сынган айнек сымал бычырашыбы? Эч түшүнүп болбойт. Эгер ава лы ушул бойдон кала турган болсо, анда Мани Ясо кара сыйкыр Додайдын таз кейпин эмитен кийип, эмитен эле бул жарык менен коштошо турган акыркы үңкүрүнө жөнөгөнү абзел. А балким өткөндө аны Далай лама эмес жан жараткан табигат өзү ошол кара Додайга жетелеп баргандыр. Тагдырына ошондой жол түшүп, маңдайына ошондой шыбага жазылып тургандыр. Мына ушул он беш жылдык өмүрүндө тапкан ташынган касиети, адамдын өзүмчүл «Менин» түзөй турган жаңы нускамасы, пенделердин пейилин оңоп, ыйманын тазартам, сабыр туттурам деген жаңы усулу балким эч нерсеге жараксыз, катадыр? Ошон үчүн Идам келбей жатат го. Жок дегенде өзүнүн карачечекей устаты Лама Цуга жолукса эмне!
Муздак суу менен арпа бадырак чайнап отурган Мани Ясонун бүткүл эс акылын ушул өңдүү жаман ойлор уйгак баскандай басты. Акырында ал жалгыз гана Лама Цуну эстей баштады. Ал сөзсүз келет го, келбей койбойт го. Мани Ясо сүкүттөн жаңылган күндө да ал келет эмес беле. Уулу Мани Ясонун жаңылыштыгын ата катары айтып деп кеңешин берет эле го! Дегеле Мани Ясо чектен ашып бузулуп бараткан ыйык жолунан чыгып кеткен күндө да атасы Цу бир сапар келип «ай» деп коёт эле го.
Ушуларды ойлоп бушайман болгон Мани Ясо үчүнчү жолу «самадхи» авалына кирүүгө бел байлады. Ошондо гана, үч күндүк терең сүкүттүн экинчи күнү таңга жуук айлананы курчаган ээн боштукта кимдир бирөөнүн келе турганы бирок ошонун али көзгө көрүнгүс, кулакка угулгус белгилери пайда боло баштады. Дагы бир аздан кийин келе турган Идам Мани Ясо күткөн өз устаты Лама Цу экени даана туюлуп бирок устат өзү келбестен, азырынча анын билинээр-билинбес дабышы угулду.
«Сиз садгьяманы алып салбай жатасыз, Ясо уулум» деген үн Мани Ясонун кулагына даана угулду. Менин Сизге жазып калтырган экинчи катымды тез ачып окуңуз. Анда садгьяманы кантип алып салуунун эрежеси жазылган. Тез окуңуз!»
Мани Ясонун ушунда гана алапайы кетип шашылып калды. Көрсө, Агнийогадан чыгуунун жети шартынын эң авалкысын эсинен чыгарып отурган экен. Садгьяманы алып салмайын ал баары бир сүкүттөн чыгалмак эмес. Шакиртинин ушул кыйчалыш авалы Лхаса көрүстөнүндө өлүк-тирүү отурган Лама Цуну аябай кыйнап жибергени анын мунканган үнүнөн даана сезилди.
Буйдалып, экинчиден устатынын алдында уят болгон Мани Ясо Лама Цунун экинчи катын окуур менен өзүн өзү тосуп алган курчоону психикалык энергиясынын күчү менен тезинен ала баштады, ошол эле учурда устаты Лама Цунун биротоло жанына жакын келишин күтүп жатты.
Идамдын келишин сүкүттөгү адам адегенде ар кандай жолдор менен сезет. Кимдир бирөөнүн кулагына дем алган жылуу тыноо угулуп, а кимдир бирөөнүн көзүнө элес көрүнөт.
Мани Ясо болсо ийнине кандайдыр жумшак кол тийгенин сезди. Лама Цу экен деген үмүт менен караса эмнегедир ал эместей. Мани Ясо өйдө турууга аракет кылгыча болбой ийнине тийген кол аны билектен алып алга жетеледи. Билегине оролгон манжалар шадылуу экен. Мани Ясо адеп ошол манжаларды гана карап жүрүп отурду. Башын көтөрүүгө эмнегедир дарманы жетпейт. Бирок сезди, өзүн жетелеп бара жаткан киши каркайган, сөөк-саактуу, индус түспөл адам эке нин бүт тулкусу менен сезип баратты.