Казат Акматов: Архат

ОН АЛТЫНЧЫ БӨЛҮМ

Казат Акматов: Архат

ОН АЛТЫНЧЫ БӨЛҮМ

__________________________________________________________________

 

Адамдын жан-дүйнөсү үчүн сүкүткө кириш татаал иш, ал эми сүкүттөн чын гыш андан да оор.

Манас көлүнө жыгылчудай салаңдап турган бийик асканын койнундагы байыртан бери будда дүйнөсүндө ыйык деп эсептелген жашыруун жай Мани Ясо үчүн бир жыл бою жанүрөп чымырканган оккульттук окуунун, акыркы үч ай, үч күнү болсо сүкүттүн болгондо да «Агни-йога» усулундагы үзгүлтүксүз татаал сүкүттүн мезгили болду.

Адампенде сабында сейрек жарала турган акпейилдиги бар монах Дей ар бир үч жумада, көзгө сайса көрүнгүс түндүн койнунда тамак апкелип берип кетчү. Майга куурулган арпа бадырак менен желим челектеги таза сууну бийиктен аркан түшүрүп өйдө тартып алгандан кийин Мани Ясо ичи элжиреп Дейге ушунчалык рахмат айткысы келет, айтканда да катуу-катуу эле унчугуп, дилиндеги сөзүн ачык чыгаргысы келет, а бирок, тилеке каршы антүүгө болбойт- эки асканын кабышкан жери бийик көңдөй келип кенедей үн чыкса айасманга жаңырат.

Ошон үчүн Мани Ясо эки алаканын оозуна кармай калып акырын шыбырашка мажбур.

- Рахмат, Дей ага. Жакшылыгыңызды унутпайм.

А, Дейден болсо жооп деген болбойт. Керектүү сөздөрүн ал кагазга жазып туруп баштыктагы бадырактын үстүнө коюп коёт. Бүгүн ал минтип жазып коюптур:

«Кечээ Пекин радиосунан берди, Тибет бийлигинен качып жүргөн дагы бир «Ыйык Миларепа, Палкор монастрынан колго түшүрүлдү» деп. Ха-ха». «Качып жүргөн» деп өзүнө карата айтылган ушул сөзгө Мани Ясо түшүнүптүшүнбөйт». Эмне үчүн «качып жүргөн?» «Мен кимден, эмне үчүн, кайсыл күнөөм үчүн качып жүрөм? Мени кубалап, издетип жаткан Далай лама, бирок анын алдында эч жазыгым жок. Менин жазыгым кара сыйкырдан набыт болушкан Лама Тойба менен Лхасанын мэри Панчен-ламанын алдында. Бирок мен алардан качкан жерим жок. Рас, маркумдардын балдары мени өлтүрөт имиш. Ушундай деген сөздөрдү көп угам...»

Мани Ясонун убактысы тар. Дей тигинтип анда-мында бир жеткирген жаңылыктар жөнүндө чала-була ой жүгүртө салат да тамагын жеп, кээде чай, кээде тиме ле чийки суудан иче коюп ишине киришет. А иши деген мындан беш миң жыл мурда инди акылмандары тарабынан санскритте жазылган пергамент тексттердин жана футурологдордун эмгектеринин тибетче котормосу. Котормонун көбү Миларепанын устаты, будда тексттерин тибет тилине биринчи которгон атактуу агартуучу Марпаныкы. А Марпанын эски тибет тамгасы менен жазылган кол жазмаларын болсо Мани Ясонун өзүнүн атадай болгон мугалими Лама Цу жаңы тамга менен көчүрүп чыккан, андан соң калган эмгектердин котормосуна өзү автор болгон. Балким ошонүчүндүр, буддизмдин метафизикалык философиясына ширелген бул классикалык текстер жанына жакын, акыл-сезимге кандайдыр жугумдуу, атүгүл Цунун колунан чыккан бардык кагаздардан өзүнө кадыресе жылуулугу сезилет. Окуусунун программасы да Лама Цунуку: Эң оболу тибетче, «тава»: башкача айтканда тексти өтө кылдат, түшүнүү менен окуп чыгуу, андан соң «теме»: окулган текстин мааниси менен маңызын издөө; анан, «гом»: окулган нерсенин тегерегинде ой жүгүртүү, жаңы ачылыштарын табуу, акырында, «чиепа»: алынган сабакты жыйынтыктоо, эске тутуу. Программанын жалпы аты - «түз жол» деп аталат. Мына ушул түз болсо да окуучу үчүн чытырман жолдо Мани Ясо тогуз ай бою толгонду. Ал эми акыркы үч айы калганда монах Дейге: «Дей ага, мында аркы үч айда мага келбеңиз. Өзүңүздү сактап, үч айдан кийин мени тосуп алыңыз» деген кагаз жазып аркан менен ылдый түшүргөн болчу.

Үч айлык сүкүттүн эң жыйынтыктоочу бөлүгү болуп акыркы жумалардагы «Идам» тосуу расмысы эсептелет. Идам-тагдырыңды же болбосо келечегинди тосуу дегенди билдирет. Сүкүтүң кандай аяктады? Ал сага натыйжа бердиби? Кандай ыйык касиетке ээ болдуң? Дегеле сүкүтүн туура өттүбү? Жаңылган жоксуңбу? Мына ушул жагдайыңды билиш үчүн «Идам күтөсүң Ал үчүн өтө терең «самадхи» (эс учту атайылап жоготкон авал) кирип, көз алдындагы чексиз мейкиндикке сүңгүп отура берүүн абзел. Ошондо сенин эртеби же кечпи, айтору ыйык деген бирөө көрүнүш керек.

17.01.2026

Катталуу зарыл

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.