аңгеме

Жунай Мавлянов: Жайлоодо

аңгеме

Кайсы айда барабыз? деген небересинин акыркы суроосу болгон.

Урра! Биздин окуу бүткөндө тура! Барабыз, энеке, барабыз! деп төшөктүн жакасын арыга кайрып таштап небереси кыйкырып жибергенде, сол колтугунда бышылдап уктап жаткан кенже небереси ойгонуп кетпесин деп чоочуган эне анын оозун алаканы менен баса калган.

Июнь эмес, апрелден тартып эле, кээде дем алыш күндөрү папасы, мамасы, апасы менен автобуска олтурушуп, эл менен кошо белгилүү аялдамага чейин барышып, андан ары көк жыттанган, ным жыттанган, нары күн жыттанган талаага сейилдеп чыккандан тартып Азиз «Жайлоо, баягыда энеси айтып берген керемет жайлоо» жөнүндө тез-тез эстей баштады. Папасынан да, мамасынан да жайында айылга, андан ары жайлоого барууга убадасын ала баштады. «Таекемдикине барабыз. Сүтү бар, майы бар. Тооктору бар. Биз мине турган эшеги да бар. Ошол алып барат андан ары жайлоого», деп бар болгону ал эс тарткандан бери эки жолу гана болгон энесинин айылдагы колхозчу инисин айтып, чоңдордун бир нерсени шылтоолоп буйтап кеткенине жол койбостон жүрдү. Шаардын четиндеги ал көргөн чөптөр, ал көргөн көпөлөктөр деле Каркыра жайлоосунда көргөнүнө окшошпой туруп алды. Карагайлары кана? Чөбү эмне үчүн андагыдай тизеге чаппайт? Булактарычы? Тамылжытып жагымдуу ныксыраткан кымызычы? Энеси айтып берген жайлоо андан бетер кооз. Али уга элек жомоктой кызык. Балалык кыялы менен сүрөтүн тарта баштаган ал ажайып көрүнүштү шаардын четинен көргөндөрүнө салыштырса такыр эле окшошпойт. Каркырага барганга чейин биерге келген сайын жаңы эле ваннага жуунуп, аарчынып чыга калгандай тазара да, жеңилдей да түшө турган. Бу жолу антпеди. Аркы-берки басышкан ата-энесинин жанында алыстабай суз жүрүп, суз кайтты. Анткени жайлоо, энесинен уккан күмүш булактуу, дың этип чымын учпаган, коңур салкын жайлоо, жылкылары бетеге жегендиктен кызгылт кымызынан бир пияла ичсең эле магдыратып уйкуну келтирчү касиет чөптүү, түркүн үндө сайраган куштарга толгон токойлуу жайлоо, чындап көзүнөн учуп калган болчу. Күндө болбосо да күн алыс энесинин мазасын ала берди: «Жайлоого барабызбы?» «Барабыз» анын жообу. Башка шылтоо жок да. Папасы, мамасы гана бир жолу «Биздин отпускабыз кандай болор экен быйыл, билбейбиз (мамасы ошол эле институтта лаборантка болуп иштөөчү). Мекемеде график деген болот, уулум, алдын-ала түзүлгөн. Ошо боюнча отпуска берилет. Азырынча ал түзүлө элек. Биз барбасак да энең, сөзсүз, барат сени ала барат», деп анын үмүтүн үзүшкөн эмес.

Жайлоо жөнүндө сөз болгондо небереси менен кошо Жаркынай өзү да кийинчерээк, эмнегедир, толкундай түшчү болду. Көптөн бери жолугуша элек кишиси менен кездеше тургансып, ашыгып, шашып калып жатты.

Жаркынай өз баласы да билбеген 11-июнду болжолдоп жүрдү. Акыры небересин алып баруу керектиги чечилген соң ошол күндү, кырк жылга жакын убактан бери жыл сайын бир жолу эсине түшүп, бир топ күнгө чейин бүткөн боюн шалдыратып, алдан тайгызып, көңүлүн эңшерип, сүйгөн жары менен жаңы гана коштошуп кала бергендей жалгызсыратып таштачу учур менен аргасыздан беттешүүгө бел байлады

Ошентип, небере менен чоң эне күткөн күн да келди! Жыл бою жайлоону сөз кыла берип, өзү менен кошо энесин да дегдетип таштаган Азиз, бирок тигинин жүрөгүн өйүгөн кусалыкты сезген жок. Кичинекей алакандарын шакылдата чапкылап «Ура-а. Ур-а-а!» дегенден башкага жарабады энеси: «Камын, эртең жөнөйбүз айылга, андан ары жайлоого», деп билдиргенде.

Жаркынай небереси менен айылга 8-июнь күнү келишти. Эки-үч күн инисиникинде болуп, өзү болжолдогон күнү жайлоого бармак. Жайында аякка каттаган машиналар көп болорун билчү. Малчыларга азык-түлүк, койлорго туз, жакага сүт, кымыз ташышат. Ошолордун бири менен жетип алат да. Аердегилердин дээрлик баары: мейли уй кайтарганы, мейли койчулары, мейли жылкычылары болсун, аны таанышат. Анткени айылдаштары да.

Жаркынайдын согушка кетип, келбей калган күйөөсү да ушу өзүнүн айылынан эле. Бул бир колхоздо бириккен эки айыл качан казылганын биердегилердин эч кимиси билбеген чоң арыктын эки жагынан орун алган эле. Бу эки айылдын бирге ойноп, бирге өскөн, мектепте да чогуу окуган балдары жана кыздары: «Медеттер, Жаркынайлар болгондо «Арыктын астындагы айылдан», «Арыктын үстүндөгү айылдан», деп гана бөлүп сүйлөшчү керегинде.

23.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.