аңгеме

Жунай Мавлянов: Жайлоодо

аңгеме

Бизди алып барбайсыз го, болсо? деди жайлоонун жаркын күнүнөн, нары аз да болсо сыр кеседен ууртап отурган кымыздан торсоюп эки бети кызарып, тегерек көздөрү моймолжуп чыккан небереси эч нерседен бейкапар.

Алып барса болот, деп койду биерге бут койгондон бери эчаккы окуя эсине түшүп, кыжалаттана баштаган энеси.

Качан? деди бакыракай көз сегиз жаштагы небереси, көлөкө жапкандай ажары күңгүрттөнө түшкөн энесинин жүзүнө ишенбегендей тиктеп.

Быйылкы жайлоо маалы бүтүп атпайбы, уулум. Эми келерки жылы барабыз да. Сен экинчини жалаң «беш» менен бүтсөң, өзүбүздүн жайлоого алып барам, деди ал ушул сөзү менен да небересин бир нерсеге милдеттендиргендей. «Келерки жылга чейин эсинде жүрмөк беле менин бу убадам. Унутуп калат да эртең эле. Бала эмеспи», деп Жаркынай ичинен бейкам жыйынтыктап койду.

Машиналардын жытынан алыс, алардын күр-шарынан да алыс, абасы таза, туш тарабы көкмөк жыттанган жайлоо Жаркынайдын ой-санаасына бүлүк салып, санааркатып таштады. Баласы политехникалык институтун бүтүп, илим-изилдөө институтунда иштеп калган. «Үйлүү болдук, апа, биз менен бирге туруңуз» дегенге көнгөн эмес эле. «Балалуу болдук. Эми небереңиз үчүн да келбейсизби?» дегенинен көңүлү түтпөй шаардык болуп калган.

Жок, небереси эстен чыгарбаптыр энесинин андагы убадасын. Мурда жайлоо дегенди укса да өз көзү менен көрбөгөн ага Каркыра катуу таасир эткен го. Түшүнө да кириптир бир жолу. Энесине айтып берген. «Баягы чоң кырдын төбөсүндө жүрүптүрбүз кол кармашып. Тизеден чөп, гүл. Үстү жагыбыздан бир нерсе шуулдайт. Өйдө карасам чоң куш шукшурулуп келатыптыр. Жайлоодо жүргөндө сиз айткан бүркүт дегендин өзү. Канаттары кулач келет. Көздөрү бир нерсени аларында сенин көздөрүңдөй болуп чоңоюп, анан оттой жанып кетет дебедиңиз беле? Кийикти, түлкүнү айры-куйрук жөжөнү көтөргөндөй эле көтөрөт. Аларына эч нерсе табылбай калса, жаш балдарга деле кол салгандан тартынбайт дебедиңиз беле? Эсимде калган экен ошентип айтканыңыз. Анан канаттарын капталдарына кыса кармап, төмөн карай шукшурулганда үңкүр оозуна кирип жаткан шамалдай күүлдөп угулат дегениңиз да эсиме түштү алигини көрүп. «Эне! Бүркүт! Бүркүт келатат!» деп кыйкырган бойдон ойгонуп кеттим», деп энтиккен наркы бөлмөдөн чуркап келип, бүркүттөн качкан канаттуудай кенже небереси менен жаткан энесинин колтугуна башын ката берип Азиз.

Анда бир эске салат энесинин убадасын. Жаркынайды ал түндүн калган бөлүгүн уктабай өткөрүүгө мажбурлаган. Жайлоо жөнүндө дагы сураган. «Жаш балага коркунучтуу немени айтып, натура иш кылган экенмин», деп небересинин алиги түшүнөн улам өкүнүп алган эне эми жалаң гана жакшы нерселер тууралуу кеп салат. Жайлоонун жанга жагымдуу абасын, жылга сайын эритилген коргошундай жылтырап аккан булак сууларын, бийик чокулардын этегинде эл көчүп барган кезде деле мелтиреп жатчу нык, нары муздак мөңгүлөрүн, жүк түшүрүлүп, үйлөрдүн керегелери али жайылып-жайыла электе өзү сыяктуу айылдын жаш балдары, кыздары топтолуп алышып, ошол мөңгүлүү тоолордун капталдарынан солкулдаган ышкын терүүгө баргандарын, айлуу түндөрдө «Ай көрдүм! Ай көрдү-ү-үүм!» деп айылдын жаштары кечкисин кой-эчкилерин эртерээк саадырып бүтүп, козу-улактарын көгөнгө мурдараак байлап коюшуп, оюнга чыгышарын, андай түнкү шаңдуу чууга жамаатташ отурушкан, кемегелеринен түндүн бир оокумуна чейин асман төшүнө көк түтүндөр булап, кечки абаны тезектин, арчанын жан сергитчи жытына толтуруп, кут орногондой камур-жумур бойдон түн койнуна көшүлүп кирип бараткан кокту-колоттогу, кырдагы айылдардан да шарактаган жаштар келишип, оюн курулчу жайык жер боз балдарга, бийкечтерге толуп чыгарына чейин, небересине эмес, ошол оюндарга өзү менен моюндашып бирге барчу курбу кызына көптөн кийин жолугушуп, өткөндү чогуу эскеришип жаткандай Жаркынай толкундануу менен сүйлөп берген эле. Ошонусу менен небересин дагы бир жолу бүтүндөй башка дүйнөгө үндөп таштаганын, аны өз көзү менен көрүүгө дегдетип таштаганын эне байкаган эмес. Түшүнөн чоочуп калган небересин сооротуш үчүн гана айткан. Жанагылардан тышкары кере тартылган желелерден кечке маал агытылган кулундардын оюн салганын, болочокку аргымактары энелеринин үстүнөн ары-бери секирип ойногондорун, көгөнгө тизилген козу улактардын энелерин көргөндө айылды түп көтөрө маарагандарын, ачык асмандан төмөн төгүлгөн аппак ай нурун колдоруна шамдай кармап алышып, кызыл ашыктан келип желпилдеген жашыл шибер ичинен «Ак чөлмөктү» издеп жайылып жүргөн балдарды, кыздарды, же тегерене отура калышып, бирин-бири эшилген жоолук менен кууп ойношконун энесинин эргий жатып айткандарынан так элестеткен небереси айыл ортосундагы кык жыттанган короо ичинде жуушап, күн бою жеген чыктуу чөптү аш кылуунун аракетинде кепшеп анда-санда гана оор онтошкон малына чейин мемиреген түнкү айылдын бейкуттугун бузган күкүк үнүнө дейре мөңгүлөрдөн төмөн жылга менен агылган суулардын шылдырына чейин кулагына угулгансыган, башын ийилте желге ыргалган ышкындарды өз колу менен терип, өткүр тиштери менен «кырт-кырт» эттире бир четинен тиштеп жеп киргендей сезген неберенин, сөзсүз, жайлоо дегенге барууга, барганда энеси айтып берген булардын баарын адатынча анын колунан кармай жүрүп, өзү көзү менен көрүүгө үмүтү, тилеги биротоло бекемделип калганын да эне байкаган эмес эле.

23.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.