аңгеме

Султан Раев: Топурак

аңгеме

Мурат апасынын акыркы сөзүн укпай калды.

 

Алыскы Швецияда иш сапар менен жүргөн.

 

Мурат узак жолго сапар тартар алдында Ошко келип, апасынын жанында көпкө отурган. Жарым жылдан бери төшөктө узак жатып калган апасынын акыбалы күндөн күнгө оорлоп, өңү өчүп, купку тартып, жаак эти шылынып түштү. Кумсарган жүзүндө тирүүлүктүн изи өчүп бараткандай сезилди. Иреңи суз. Ара чоло эриндери бүлк-бүлк этет. Ичинде жыландай уюп жаткан ооруунун зардабы, жанын жан алдырбай каттуу ичтен бурап, эртели кеч онтототуп чыгат. Дүйнөсү чарк айланган кемпирди ажал тушап, сары чырмооктой жабышты. Көзүн жумса эле көргөн актыгы шүүдүрүмдөй кулап, жуумулган көздүн карегине уюлгуйт. Алп урушкан өмүр булуттай ыйлап, узун түш жаадында көз жаштай кулап, өткүн мисал төгүп өттү. Ушул аралыкта шамалдай сапырган буулуккан ойлору асылып турат. Күн алыс сайган ийне да дене чыйралтып, демине дем кошо албады...

Мурат апасынын колун кармады. Узун арык манжалардын сүлү качканын сезди ал...

Жарым жылдан бери апасынын денесинде тирүүлүк менен өлүмдүн кармашы жүрүп келет. Керебетке жабышкан денеси оңоюу менен оңдурбай калды сыягы Күн алыс үч маал сайылган ийне жан кашайткан ооруну бир азга тыным алдырат да, кайрадан эле түн бою онтотуп чыгат. Таң эрте келген дарыгер да , апасын айланчыктап отурган кыздарына, алыска сапар улап жаткан Муратка кеп ачыгын айткан . Ашып барса ”эки жумалык ” өмүрү калды деп. Бу сөздү укканда ортончу карындашы зиркиреп ыйлап жиберген. Ал да алыста, үй-бүлөсү менен Оруссияга иш артынан кетип, апасынын оор абалына чыдабай,баарын таштап, бир жумадан бери ушерде. Апасынын кашында. Бүтпөгөн бу жашоонун арманына... көр оокаттын айынан алыста өтүп жаткан турмушуна кейип, “жаныңдан чыкпай жатсам кана” дегендей өкүсүп, утуру-утуру үн кырып ыйлап алат. Азыр да догдурдун айтканы кейишке түшүрдү. Ачуу ыйлатты. Кыз киши энеге жакын болоорун Мурат сезип турду. Ыйы жаныңды эзет. Эркек киши жүрөгү мересирээк болобу, апасынын бу акыбалына жан үрөп кейине албай, түк үйрүлүп түшө албады. Апасы уул-кыз арасынан Муратты айрыкча жакшы көрөр эле. А, балким эркек балага болгон мамиле ушундайбы?.. Кайран апасы ага бир башка жанын чабып, үйгө келген сайын “садагаң болоюн” деген сөзүн оозунан түшпөйт эле. Ага аспейит мамиле кылар эле. Мурат элүүдөн ашса да энеге, баягы баягыдай эле баладай сезилчүбү...же, уулдун орду кыздардан башкабы...

Апасы бойлуу, сөөк-сактуу аял эле.

Эстесе... апасынын буга дейре ооруганын, жаны жер тартып бүк түшүп жатып калганын эстей албады. Апасы тиричиликке тың аял эле. Өткөн күндөр дем күчүн уурдап, төшөктө чүкөдөй кемпир жатты. Бу кемпир жашында ургаачынын өңдүсү, кебетеси келишкен ажарлуу жан эле. Анын баары какымдай учуп, калтардай кара чачтарын бубак басып, кенептей купкуу. Көзүндө жарыгы жок.

Мурдагы жолу келгенде апасы алда канча тың, сөзгө чыйрак, ал гана эмес ал-акыбал сурап, кыйла тирик көрүнгөн.

Азыркыдан бир аз алдыруук эле. Тили чалыштабай, күрмөгө келип, кеп сөзгө жарап турган. “Кандайсың, садагаң болоюнум?... Бала-чакаң тынчпы, аялың демдүүбү?”,— деп шыпшына алсыз сүйлөгөн... Бу саам апасы уй мүйүз тартып отурган кыздарына кайрылып, “Силер бир азга эшикке чыга тургула, агаңарга айтаар кебим бар...”,— дегендей ишаарат берген. Кыздар да бу сөзгө такат бербей, ордунан козголуп, сыртка чыкты.

Бөлмөдө экөө калды.

Апасынын арык колдору уулунун колун кармады. Кармады да, деми сууп бараткан оозуна уулунун колун жакындатып, жансыз эриндери менен жыттап, акырын өөптү. Кургак өөптү. Ал апасынын саамайынан жытап, колу менен аппак чачтарынан сылап, энесинин бырыштуу маңдайынан сүйдү. Эне уулунун колун бекем, алсыз, тамыры ташына тепкен ипичке манжалары менен кысып, кургак эриндери менен Мураттын колун өөптү. Кусалуу өөптү... Ушу саам эненин көзүнөн сымаптай жаш баш бакты. Көз кудугу эбак кургап калаган апасы бу жылтыр жашты жан тамырынан сыгып чыккандай болду. Эки сымаптай көз жашы... уулуна болгон бүткүл энелик кусасын төгүп ийгендей көрүндү ага. Апасы үн чыгарбай, ичинен койгул көзүнөн жаш чыгарбай кыйналып ыйлады. Денеси да бүлк эткен жок. Үнсүз ыйлады. Уулунун көзүнөн каканактаган жаш каректен бери сыртка чыгалбай койду...

13.01.2026

Катталуу зарыл

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.