Жек Лондон
Мартин Иден
Ал Мартинди каалап турганын өзү да билген жок; ал эми Мартин менен болсо иш таптакыр башкача эле. Мартин Руфту сүйөрүн билчү; аны өмүрүндө болуп көрбөгөндөй кааларын билчү. Баса, ал поэзияны башка сонун нерселер сыяктуу эле буга чейин деле жакшы көрчү, бирок Руфь менен кездешүү анын алдына махабат лирикасынын чексиз ааламынын дарбазасын ачып таштады. Руфь ага Бельфинч менен Гэйлиге караганда алда канча көптү берди. Мындан бир эле жума мурда ал мисалы: «Сүйүүгө чалдыккан муңдуу жигит, бир өөп туруп анан өлсө арманы жок» деген саптар туурасында ойлонуп да койчу эмес, бирок эми бул сөздөр таптакыр эсинен кетпей туруп алды. Бул сөздөргө эми ал эң улуу ачылыш сыяктуу суктанып турду; ошол саптар эсине түшкөнү азыр Руфка карап туруп ичинен: ооба, сени бир өпсөм, менин да арманым болбос эле деп ойлоду. Мындан улам өзүн ошол ырдагы “муңдуу жигитке” теңеп, ага тимеле рыцарлык даражага көтөрүлгөнсүп сыймыктанып калды. Мына, эмне үчүн туулуп, эмнеге умтулуп жашоо керек, мында жаткан турбайбы көрсө.
Мартин Руфтун сөзүн уккан сайын ойлору чечкиндүү болуп баратты. Анын колун кармагандагы ыракат сезимди эстеп, ошол дагы бир кайталанса экен деп самап турду. Кыздын сөзүн угубатканы менен бир туруп ачкөздүк менен анын эриндерине тигиле калат, бирок мында эч кандай жаман ой жок эле. Сүйлөп жаткан Руфтун эриндеринин ар бир кыбыраганын суктана кароо ага чексиз лаззат тартуулап жатты, бул эриндер аялдар менен эркектердикиндей эле кадимкидей эриндер эмес эле. Бул эриндер кан менен тандан жаралган эриндер эмес, адамдан төрөлбөгөн рухтуку эле жана жигиттин бул эриндерди өпсөм деген каалоосу башка аялдар козгогон көнүмүш каалоого түк окшош эмес эле. Ал кыздын үлбүрөгөн эриндеринен бир сүйсөм деп турду, эгерде ошентсе, анда бул кылганы теңирдин элеси түшүрүлгөн сүрөттү өпкөн менен барабар эле. Мартин дилинде алпурушуп жаткан бул өзгөрүүлөргө баа бере албай жатты, бирок кызды караган жалындуу көздөрүндө болбой эле махабат эңсеген кадыресе эркектананыкындай каалоо турганын түшүнбөй турду. Ошол эле учурда өзүнүн делөөрүй караганы кыздын жан дүйнөсүн аңтар-теңтер түшүрүп, бүлүк салып атканын да билген жок. Кыздын эч кимдин колу тие элек аруулугу анын ышкысын анын өзүнөн коруй тосуп, ээ жаа бербеген ысык каалоосун тээ бийикте жымыңдаган жылдыздардын муздак пакизалыгы менен суутуп тургансыды. Кадала караган өзүнүн каректеринен тарап жаткан сырдуу жылуулук кыздын жан дүйнөсүнө жетип, алоолонтуп атканын жок дегенде түкшүмүлдөп билгенде буга өзү да таңгалмак. Жигиттин караганынан бир туруп уялган, бир туруп чочулаган кыз кептин учугун бир нече жолу колунан чыгарып жиберди, кайра араң дегенде чачылган ойлорун жыйнады. Демейде Руфь сүйлөшүү учурунда эч качан минтип өзүн жоготчу эмес, эми да өзүнүн мындай абалын аңгемелешинин өзгөчө адам экендиги менен түшүндүрүүгө аракет кылып жатты. Ар кандай нерсени аша чапкан сезгичтик менен кабылдаган кыз акыры өзүн чоочун ааламдан келген мына бул адам аны тартынып уялууга аргасыз кылып турганына таң кала турган деле эч нерсе жок деген ой менен өзүн өзү жоошутту.
Жигитке кантип жардам берсем деп ойлонуп, аңгеме нугун ошол жакты көздөй бурганда Мартин андан өзү жардам сурап кайрылып калды:
— Сизден бир кеңеш суроого болоор бекен? — деди ал, анан Руфтун ошол эле замат жооп кайтарып, кеңеш бергенге жан дилим макулмун дегенине кубанып кеткенинен жүрөгү жарылып кете жаздады.
— Эсиңиздеби, өткөн жолу мен китептер жана ушул сыяктуу башка нерселер жөнүндө бирөө менен сүйлөшө албайм, бул колуман келбейт деп айтпадым беле. Анан жатып алып көпкө ойлондум. Китепканага барып толтура ар кайсы китептерди да алып келип окудум, бирок аларга акылым жеткен жок. Балким, мунун баарын кайра башынан баштоо керектир? Мен негизи эч качан чындап окуган эмесмин. Бала кезден бери тырбалаңдап иштеп келатам, эми китепканага барып китептерди көрсөм, мурда керектүү нерселерди таптакыр окубаптырмын. Түшүнсөңүз, фермада же пароходдун кубригинен маселен, сиздердин үйдөгүдөй китептер табылбайт. Мен иштеген жерлерде китеп окуш деген таптакыр башкача, мен ошого көнгөн экенмин. Мактаныч болсо да айтып коеюн, мен өзүм менен чогуу үлпөттөшүп жүргөндөрдөн таптакыр башка адаммын. Кеп эми мында деле эмес. Кеп, сиздердикиндей үйлөрдө мен эч качан болбогонмун, ошондо. Өткөн жумада сиздердикине келип, ага-инилериңизди, апаңызды, кандай тураарыңызды көрүп мага баары абдан жакты. Мындай нерселер туурасында мурда мен китептен гана окуган элем, эми китептерде жазылгандар чын экенин көрдүм. Мен да ушундай жашоону каалап турам, мен да китептер толтура, картиналар, башка толгон –токой кооз буюмдар бар, адамдар кыйкырбай акырын сүйлөшкөн, кийген кийимдери да таза, ойлору да таза сиздердикиндей үйдүн абасы менен дем алгым келет. Буга чейин мен дем алып келген аба ашкана, вино, сөгүшүү менен батир акысы жөнүндөгү сөздөр менен гана жыттанат. Сиз ордуңуздан апаңызды өбүш үчүн тура калганыңыз мага тимеле сонун болуп көрүндү — мындайды мен өмүрүмдө көрелек элем. Мен деле көптү көргөнмүн, керек болсо, башкаларга караганда алда канча көп нерсе башыман өткөн. Мен дагы көргөндү абдан жакшы көрөм, дагы бир сонун нерселерди көргүм келет.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.