Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

Поезд он алтынчы көчөгө келип токтоду. Ушул замат бекетте күтүп турган трамвайдын кондуктору элди шаштыра коңгуроону катуу каккылап кирди.

— Бол эрте, отура калгыла! — кыйкырды Жим. — Тез! Кете бергиле! Тигилерди болсо биз токтотуп турабыз.

Берки каршылашкан топ адегенде бул амалга башы жетпей турду да, анан вагондон секирип түшүшүп, качкындардын артынан кетишти.

Трамвайдагылар шашып-бушуп, чуркап кирип, алды жактагы эки бош орунга отура калышкан жарашыктуу кийинген жаш мырза менен татынкай кызды көрүштү. Отургандардын бири да бул жуптун вагондун тепкичине секирип чыга калып вагон башкаруучуга кыйкырып аткан Жимге тиешеси бар экенин ойлоп да койгон жок. Жим болсо:

— Эй достум, бол, зуулдат эми, эч кимди киргизбе! — деп кыйкырып жатты.

Ошол замат ал жерге секирип түшүп, трамвайга кирүүгө жутунгандардан муштуму менен коргонуп кирди. Мушташуу трамвайдын сыртын бойлой уланды, Жимдин достору ачык вагондун узун тепкичтерин бүт ээлеп, муштумдар тапырап ишке кирди. Трамвай катуу чыккан коңгуроодон улам ордунан козголгондо Жим менен достору тепкичтерден секирип түшүп кала беришти. Ошентип салгылаш талаасы артта калды, бирок отурган жүргүнчүлөрдүн биринин да башына бул салгылаштын себепкери тетиги отурган жарашыктуу кийинген мырза менен татынакай кыз тура деген ой келген жок.

Салгылашуу Мартиндин канын кызытып, эчаккы күжүрмөн ышкысын козгоп кеткендей болду. Бирок ошол эле замат кайрадан мурдагы көнүмүш маайына кайтты да жан дүйнөсү ээндей түштү. Ал эми онтоорго оорусу жок, шамалдай эркин мына бул жаштык курдаштарынан бүтүндөй бир кылым улгайып кеткен эле. Басып өткөн жолу ушунчалык узак болгондуктан, артка кайтууга эч бир болбос эле, аны ойлоп да кереги жок болчу. Аны мурдагы жашоо образы тартмак түгүл, кайра түртүп турду.  Досторунан таптакыр эле четтеп кетиптир. Алардын турмушу эми ага эчак унутуп калган арзан баа пийванын даамындай жагымсыз эле. Ал абдан алыс кетип калыптыр. Өзү менен досторунун ортосун эми миңдеген китептер дубал сыяктуу бөлүп турду. Мындай абалга достору эмес, өзүн өзү кириптер кылбадыбы. Аны артка кайтууга мүмкүн болбогон акыл-эстин чексиз мейкиндигине жасаган саякаты оп тартып кетиптир. Бирок ал деле пенде болгондон кийин аны дагы эле адамдардын чөйрөсүнө тартып турду. Азырынча өзүнө башбаанек болор мекен жай таба элек. Аны достору да, тууган-туушкандары да, жаңы буржуй тааныштары да, алтургай, өзү абдан жогору баалап сыйлаган мына бул кыз да түшүнбөйт. Муну Мартин кейишке бата ойлоп турду.  

— А жигит менен кайра жарашып алыңыз, — деп кеңеш берген болду Мартин Лиззиге, аны базар менен Алтынчы көчөнүн ортосунда турган жумушчу көчөсүндөгү үйүнө чейин узатып келгенде.

Жарашып ал деп Мартин Лиззинин жанагы тааныш жигитин айтыбаткан эле.

— Эми... жараша албайм, — деди ал жооп кыла.

Болбогон кеп! — Мартин тамашалай куунак кыйкырды. -Көз ымдап койсоңуз өзү эле чуркап келет.

Иш анда эмес, — деди Лиззи токтоо гана.

Мартин анын эмне айтайын дегенин эң сонун түшүнүп турду.

Лиззи күтүлбөгөн жерден Мартинге кынала түштү. Бирок бул кыймылында эч кандай өкүмдүк менен опсуздук жок эле. Бул тартынчаак жана тагдырга баш ийгендик болчу. Мартин дил түпкүрүнө чейин чексиз ыраазы болуп кетти. Кызды ушунчалык аягандыктан, бекем кучактап, өөп жиберди.

— О, Кудайым, — деди бышактаган кыз. — Мен сиз үчүн өлүмгө да даяр элем!.. Сиз үчүн өлсөм арманым жок!..

Ушуну айтты да ошол замат Мартиндин кучагынан суурулуп чыгып, дарбазага кирип көздөн кайым болду. Мартиндин көздөрүнө жаш кылгыра түштү.

— Мартин Иден, — деди ал күбүрөп, — сен айбан эмессиң, бирок эч нерсеге жарабаган ницшеанчысың. Сен ушул кызга үйлөнүп, аны ушунчалык өзү умтулган бактысына жеткирүүгө тийиш элең. Бирок бул иш сенин колуңдан келбейт. Мунуң уят жана шермендечилик! «Кайырчы чал зарын айтып даттанат» деди күңк этип, анан Гэнлинин: «Биздин бүткүл жашообуз — катачылык менен шермендечилик!» дегенин эстеди. Ооба, биздин бүткүл жашообуз — катачылык менен шермендечилик!

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.