Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

 

XXX ГЛАВА

Күздүн күнү мээримдүү ачык күнү, мындан бир жыл мурда эрте күздө экөө алгачкы жолу бирин-бири сүйөрүн билдиришкен күнкүдөй эле Мартин Руфка өзүнүн «Сүйүү жөнүндөгү сонеттерин» окуп берип жатты. Экөө далай татуу ирмемедерди өткөргөн баягы көзгө тааныш жакшы көргөн дөңсөөлөрдүн арасында отурушту. Мартиндин окуп аткан ырын Руфь бир нече ирет шаттанган доошу менен токтотту. Мартин окуп бүтүп, кыз эмне деп айтар экен толкундана күтүп калды.

Руфь азыр айта турган сынын бир аз жумшарта турган керектүү сөздөрдү издегендей көпкө чейин унчукпады.

— Бул ырлар мыкты жазылыптыр, — деди ал акырында, — ооба, албетте, сонун экен. Бирок, сиз буга акча ала албайсыз да. Мындайча айтканда, менин  эмне айтайын деп жатканымды түшүнөсүзбү, — кыз муну жалооруй айтты, — сиздин жазгандарыңыздын баары турмушта колдонууга жараксыз болуп калып атпайбы. Мунун себеби эмнеде экенин билбейм, — балким, рыноктун шарттары күнөөлүүдүр, — бирок сиз өзүңүздүн чыгармаларыңыз менен эч нерсе иштеп таба албайсыз. Мени туура түшүнсөңүз, кымбаттуум. Мен бул керемет ырлардын мага арналганына абдан сыймыктанам албетте, антпесем аял болгонум кайсы.— —Бирок булар биздин үйлөнө турган күндү жакындата албайт, туурабы Мартин? Мени ач көз экен деп ойлобоңуз. Бирок мен дайыма экөөбүздүн келечегибизди ойлоном. Мына, бири-бирибизге сүйүүбүздү билдиргенден бери бир жыл өттү, ал эми үйлөнүү тоюбуз болсо, баягыдай эле бүдөмүк. Сиз бул айтып жаткандарымды эрөөн албаңыз: себеби кеп менин жүрөгүм, менин бүткүл жашоом жөнүндө жүрүп жатат. Эгерде сиз жазганды ушунчалык эле жакшы көрсөңүз — анда бир гезиттен иш издеп көрбөйсүзбү? Жок дегенде, убактылуу болсо да кабарчы болуп албайсызбы? 

— Анда мен стилимди бузуп алам, — жай гана жооп кайтарды Мартин, — мен мындай стилге жетиш үчүн канчалык көп эмгек сарптаганымды сиз элестете да албайсыз.

— Бирок сиз акча табыш үчүн гезиттерге фельетон жазып да жүрбөдүңүз беле?

— Бул таптакыр башка иш, мен аларды керели кечке иштеген оор жумуштан кийин жазчумун. А кабарчылык жумуш менен керели кечке алектениш керек, ага бүт өмүрүңдү беришиң керек! Мындай жашоо куюнга айланып, мүнөт сааты жок, же өтмүшү менен келечеги жок жашоого айланат да калат. Кабарчы кабарчылыктан башка эч кандай стиль тууралуу ойлоно да албайт. Бул болсо адабият эмес. Менин эми стилим жаңыдан калыптанып, жолго түшүп баратканда кабарчы болгонум — адабиятты биротоло көмгөнгө барабар болмок. Азыр деле мен үчүн фельетон жазгандын ар бир сөзү азаптын азабы, өзүмдү өзүм зордоп жазгандай болом! Мага мунун кандай оор экенин сиз элестете албайсыз. Өзүмдү кылмышкердей сезип кетем. Жеңил –желпи аңгемелерим сатылбай калып, кастүмүмдү кайрадан күрөгө тапшырганда ичимен кубанып да калган элем. «Сүйүү жөнүндөгү сонеттеримди» жазып жаткандагы сезген ыракатым менен жыргалымды эмне менен салыштырууга болот? Анткени чыгармачылыктын кубанычы бул жер жүзүндөгү эң асыл кубаныч эмеспи. Бул менин бардык көргөн азабымдын эсесин жүз эсе кылып кайтарды.

Руфка «чыгармачылыктын кубанычы» деген жөн эле көңдөй сөз экенин Мартин билген жок. Кыз бул сөздү өзү да көп айтаар эле, чыгармачылыктын кубанычы дегенди Мартин алгачкы ирет анын оозунан уккан. Руфь муну окуган, университеттин профессорлорунун лекцияларынан уккан, алтургай, искусствонун бакалавры даражасын алуу үчүн сынак тапшырып жатканда да муну нечен ирет кайталаган. Бирок кыз өзү табиятынан түркөй, чыгармачылыктын ышкысы деген түшүнүктөн таптакыр куржалак болгондуктан, чыгармачылык жөнүндө башкалардын айтканын гана тоту куштан бетер кайталай берчү.

— А балким редактор сиздин «Деңиз ырларыңызды» оңдоп туура кылгандыр? — сурады Руфь. — Адабий чыгарманы туура баалай албаган редактор да редакторбу.

— Мына, көпчүлүк кабыл алган пикирлердин туруктуулугунун дагы бир далили, — деди Мартин өзүнүн душмандары — редакторлор жөнүндө сөз козгогондугуна жини келе түшүп. — Көзгө көрүнүп турган нерселердин баары туура гана эмес, мыкты деп эсептелинет.  Кандайдыр бир нерсенин болуш фактысы аны актап турат деп түшүнүлөт жана ушуну билип коюңуз, бул азыркы эле шартта эмес, түбөлүк ушундай. Албетте адамдар буга, Вейнингер абдан сонун айткандай, өзүлөрүнүн эскинин туткунунан чыгалбаган наадандыгынан, өздөрүн-өздөрү алдаганынан улам гана ишенип келатышат. Наадан адамдар өзүлөрүн гана акылдуу элестетип, чынында ой жүгүртө билген адамдардын тагдырын башкарып жатышат. 

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.