аңгеме
Мар Байджиев: Бир тоголок самын
– Ошентип менин атам киши өлтүргөн, – деди Турусбек. Ал тымызын соккон желге билинер-билинбес шуудураган жалбырактарды тиктеп, эчаккы болгон бир окуяны эстеп жатты окшойт.
Кичинекей үлүлдү жерден алып кармап турсаң, эки мүйүзүн сербейтип чыгарат, ал эми катуураак кыймылдатып койсоң, дароо седеп үйүнө кире качат, анан аны эмне кылсаң да чыкпайт, чукулап кыймылдатсаң, ого бетер жабышып, ары, так уюгуна кирип алат. Эгерде тийбей оюна койсоң, бир аздан кийин өзү эле текедей койкоюп чыга келет. Бала кезде мындай көрүнүштү далай жолу байкагандырсыздар.
Биз да солк этпей, үн катпай отура бердик.
– Бирок кеп мында гана эмес… – деп улантты Турусбек аңгемесин. – Согуш жылдары… Каатчылык. Айылдагы аскерге жарактуу эркектердин бири калбай майданга кетишкен. Мен анда жаш бала болчумун. Энем көбүнчө үй оокаты менен алек, ачуусу чукулураак адам эле. Бир буркандап алса атам экөөбүзгө күн көрсөтпөйт, ал эми атам болсо эч кимге пайдасы да, зыяны да тийбеген адам, бирок, кез-кезде ичип коймою бар. Айрыкча, Мырзабек зөөкүр деген досу кезиксе ичпей койбойт.
Кээ бирөө мас болсо кыжырланат, кээ бирөө тескерисинче, душманын да кечирип, өбүшүп, мээримдүү болуп калат эмеспи. Атам да ошондой киши: ичип алса момун болуп, каткырып күлүп, мени эркелетип, энем эмне дебесин кың дебей тилин алчу. Бирок, мыйндайда энем чатак чыгарчу, атамды тилдеп, мени каргап-шилеп үйдөн кууп чыгып, тамак бербей жүдөтчү. Атам энемден кадимкидей коркот.
Биздин үйдө болуп жаткан окуяларды эч ким билбейт. Дарбаза жабылуу, итибиз кабаган. Атам Мырзабек досунан башка менен сырдашпайт. Кээде, энем үйдө жокто сарайга кирип алышып, ичкилик ичишет, мындайда көбүнчө Мырзабек сүйлөйт.
– Ой, ушу сен да эркексиңби? Катын дегенди көп чойроктотпой бек кармаш керек. Зайыбынан корккон эркек адам эмес. Ал жөн эле бир жан! Кана, сенин кайратың үчүн! – деп бакылдап жатканын нечен жолу уккамын. Бала кезимде турмуш мени көп эркелеткен жок. Үйдө жанагыдай талаш-тартыштар күн алыс болуп турат. Энем атамды тилдегенде менин да «өлүк тиригимди» кошо көргүсү келип калат. Бирок, турмуш канчалык оор болбосун, үйдөн канчалык тил угуп, зээниң кейибесин, бир адамды көргөндө баарын унутам – бул Зайра.
Зайранын атасы согушка кеткен, энеси Сурмаш болсо бир-эки айдан кийин айылда дүкөн кармаган төкөр Маамыт менен баш кошуп, Казакстанга көчкөн. Зайра энеси менен кошо кетүүнү каалабай, чоң энеси Аалкандын колунда калган. Алардын үйү көчөнүн аркы башында. Кечинде энем «баланчаныкынан сүт алып кел» деп колума карапа берет, бирок, мен кимдикине жиберсе да сүттү Аалкан чоң энемен сурап келем. Айылда саат алты-жетилерде эл орунга отуруп, от жагыла баштайт, бул маалда мени кайда жумшаса кыңырылып үйдөн кетпейм, анткени, «балким Зайра биздикине от сурап келип калабы» деп ойлойм, бирок, ал келбейт. Ырас, бир-эки жолу көөмп койгон оту өчүп калыптыр, эмнегедир ортодогу үйлөргө кирбей биздикинен алып кеткен, андан кийин түк келген жок, ошондой болсо да «келип калабы» деген үмүтүм өчпөйт.
Зайра менден кичүү болсо да, экөөбүз бир класста окуйбуз. Мында жашыруун сыр бар, аны өзүмөн башка эч ким билбейт. Мен жетинчиде окуп жүргөндө, ал алтынчыда болучу. Адегенде 7 класс менен 6 классты бир бөлмөдө, бир мугалим окутчу, анткени, муглимдердин көбү согушка кетип, мектепте төрт гана окутуучу калган. Мындай системаны «карликовой» деп коюшчу эле. Сегизинчини өзүнчө мугалим окутчу. Байкасам, 6-га келгенде Зайра экөөбүздү эки бөлүп жибере турган, окууну бүткөндө, бир институттан окусакпы деген үмүт да бар эле. Ошондуктан, мен жетинчиде дагы бир жыл калып, Зайраны күтүүнү туура таптым. Албетте муну анын өзүнө да айткан жокмун.
Үчүнчү чейректен баштап сабакка көп келбей, келсем да үй тапшырмасын аткарбай, аткарсам да эсебин туура чыгарбай, жазуусун атайылап ката жазып келүүчү болдум. Буга мугалимдер таң калат, анткени мурда жакшы окуучумун. Директорубуз мени бир нече жолу кабинетине алып кирип жакшы да, жаман да сүйлөшүп көрдү. Айласы кеткенде үйгө барып ата-энеме даттанып таяк да жедирди, Бирок, мен өз максатымдан кайтпадым. Ошентип, жетинчи класка көчпөй калдым, ырас, ата-энем, ага-туугандарым бир топ капа болушту, чогуу окуган классташтарым да ызалабай койгон жок, бирок, мен ойлогон оюма, алдыма койгон максатыма жетиштим – эмдиги жылы Зайра экөөбүз бир класста окуйбуз, балким бир партага отурабыз, анан Пржевальскиге барып педагогикалык техникумга киребиз, муну эстегенде башыман өткөн мага сокур тыйынчалык да болбой калат.