аңгеме
Мар Байджиев: Бир тоголок самын
Биздин айыл абдан көркөмдүү жерден орун алган, жери да өтө жакшы. Семиз, бир гана жетишпегендиги – суу жок. Айылдын бери четинде чоң алыш бар, бирок, анын суусу бат эле соолуп, аштыкка да жетпей калат.
Ырас, азыр канал салынып, ГЭС курулду. Бирок ал кезде суу маселеси кыйын эле. Кышында кар эритип ичебиз, жазында болсо кыядан түшүп, эки-үч чакырымдай жерден, Жыргалаңдын так өзүнөн чакалап ташыйбыз. Албетте, бул оңой жумуш эмес. Өзүмдүн да кыйыгыраак кыялым бар эле, чаканын үнү шылдыр эткенде эле дыр коюп качам, апам: «Э, кокуй, жанагы дүмүрөйгөн шайтан азыр эле ушул жерде турат эле, заматта кайда житип кетти», – деп сыйпалап калат. Ал эми чукул жерден колго түшүп калсам, «белим ооруду, бутумду чыгарып алдым» деп атам өзү ишке киришмейинче тултуюп барбай коем. Бирок, кээде таптакыр башкача болот.
Зайранын чөйчөктөй чакасы болор эле, ал апкечин назик ийнине коюп, кыяны көздөй баратканын көрсөм, чымын-куюн болуп үйгө жетем.
– Апаке, суу алып келейинби?
– Ии, ботом, сени кайсы кудай жалгады?
– Алып келейинчи, апа! Суунун зыяны тийбейт.
– Кечээ атаң экөөлөп араң эки чака алып келтирдик эле, эми эмне болду? Таяк сага майдай жагат го, уулум. Суу бар. Кечинде алып кел.
Бирок мен ал сөздөрдү угуп отурууга чамам жок. Шапа-шуп чакадагы сууларды очоктогу чоң кара казанга шарылдатып куя салып жөнөйм, апам таң калып карап калат. Мен болсом чаңды буркулдатып чуркап отуруп Зайрага жетем.
– Зайраке, кайда баратасың? – деп сурайм билип турсам да.
– Сууга. Сенчи?
– Мен да, чогуу баралы ээ?
Зайра унчукпай башын ийкейт. Тал-тал өргөн чачтары сеңселе түшөт. Бир топко дейре унчукпай жүрүп отурабыз, анан Зайра үч чоң седеп тагылган жашыл баркыт бешмантын чечет да ийнине апкечтин алдына төшөйт.
– Ийниң ооруп кеттиби, Зайраке?
– Жок, жөн эле, – ал кандайдыр түшүнүксүз күлүмсүрөйт, ийини талып кеткенин менден жашыргысы келет, бирок, чакаларды өзүм көтөрүп алам. Кыздар өзүнчө бир кызык калк болот экен. Мурун төртүнчү, бешинчи класстарда окуп жүргөндө чогуу эле ойной берчүбүз. Ал тургай биз менен кошо мугалимдерден жашынып чүкө да атыша кетчү, бирок, бир топтон бери Зайра кандайдыр башкача болуп кетти, дайыма менден да, башкалардан да, ал тургай бүт дүйнөдөн уялып тургансыйт. Чүкө ойноп, тезектен чылым оромок тургай элдин көзүнчө жаныма келип, мени менен сүйлөшкөнүн да койду. Билбейм, эмне экенин. Бара-бара мен да уялчаак болуп кеттим.
Жыргалаңдын боюна жеткенде ызы-чуу салып сууга түшүп жүргөн балдарды, кыздарды көрөбүз, биз да түшөлү десем, такыр болбойт.
– Кетеличи. Үйгө суу керектир! – дейт ал.
– Кетсе кетели.
Кыядан бир аз көтөрүлгөндө, төө куйрук баскан дөбөлөр бизди сууга түшүп жаткан бала-чакадан далдалап калат. Мен Зайранын эки чакасын сол ийниме салам да, өйдө көздөй дыңылдайм.
– Киши келе жатат, берчи өзүмө, – дейт Зайра, чакаларын өзүнө берем, анткени, кыздын чакаларын көтөрүп жүргөнүмдү балдар көрсө, шылдың кылат деп чочулайм. Алдыдан чыккан адам бизден ылдый түшөрү менен Зайранын чакаларын кайра алам. Ал дайыма алдыда басат. Өтө тик жерлерде мага жупжумшак колун берет, мен чакаларымды кылтылдатып, анын колун кармап, бир-эки кадам басары менен, ал колун тартып алат да кете берет. Зайранын эки кулагында эки кичинекей сөйкөсү бар, алар алтын да эмес, асыл таштан да эмес, бирок, мен ошол эки кичинекей нерседен көзүмдү албайм, алар мага дүйнөдө баа жеткис кымбат заттардай көрүнөт. Мындайда мен Зайранын кежегесиндеги майда, аз-аз тармалдашкан жумшак чачтарына колумду тийгизгим келет. Бирок, кол барабы!
Эгин орулуп бүттү, сары жалбырактар шуудуруап жерге түшө баштады.
Кыя. Зайра экөөбүз суу көтөрүп чыгып келе жатабыз, күн бүркөк. Бир кезде көмкөрүлгөн асманды эбегейсиз чоң соп камчы менен бирөө шылый чапкан сыяктуу чагылган жарк эттире эки бөлдү, күндүн күркүрөгөнү кулак тундурду. Коркуп кеткен Зайра алайып мени карады.
– Эмне, коркуп кеттиңби?
– Жок, жөн эле, мен эч качан мындайды көргөн эмесмин.