ААЛЫ ТОКОМБАЕВ

КҮҮНҮН СЫРЫ

ААЛЫ ТОКОМБАЕВ

Кыз тайманган жок:

– Үч айдын ичинде экөөнүн бирин берип албасаң, мен өзүм билип кул болсо да күйөөгө чыгам. Эр болсоң кегиңди менден ал. Мен үчүн айыл айыптуу эмес, – деди кыз ордунан козголбой.

– Үч айдын ичинде ыктыярың менен барбасаң, түбөлүк күңдүккө кармаймын, эсиң барда акылыңа кел, – деди жигит каарданып.

– Күң кыла албасаң, төшү түктүү жер урсун!

– Эрге тие албасаң, төбөсү ачык көк урсун! Булар экинчи сүйлөшкөн жок.

Күйөө кеткенден кийин кыз бир топ күнгө тилсиз немедей болуп жүрдү. Менин кубанычым койнума батпай, кыз ошого тийбесе экен деп жүрдүм.

Бир күнү кыз жатууга даярданып, жибек жууркандарын толкундатып силкип жатып:

– Бөбөгүм! – деди мага жылмайып, – сен төргө мага жакын жат. Мына бул жуурканды салын, – деп кара кашка ыпча жуурканды төргө таштады да: – Жаздыктын бирин алып жазданып ал, – деди.

Мен анын төшөгүнө жакын жаттым. Ичим эле кымылдайт. Бирок түшүнбөймүн.

Жатар менен кыз мени суракка ала баштады:

– Сенин атаң атактуу кишиби? Кайсы жактан келгениңди билесиңби? Мындан эче күндүк жол? – деди. Менин жүрөгүм сүйүнгөндөн ээлигип түштү. Атамдын кадырын ого бетер чоңойтуп жана билбегенимди «билем» дей баштадым.

– Атаң элден доо алып, же доого жыгылганын билесиңби? – деди.

– Билем. Мен сегиздеги кезимде чоң уруш чатак болуп, биздин элге тогуз эрдин куну түшкөн. Менин атам ошол тогуз эрдин кунун таптакыр бербей койгон. Биздин эл абдан көп жана баатыр болот. Кул доолаганды кайта айыпка жыгып, үч тогуз, бир кыз тартуу алышкан, – деп калп айтып жибердим.

Кыз менин калпыма түшүндү окшойт, үнүн чыгарып күлүп жиберди да:

– Мен сени менен качкым келет. Сен мени сүйөсүңбү? Куткарып кете аласыңбы? – деди.

Кул өсүп калгандыктанбы же жаштыгымданбы, төшөгүмдө жатып сүрдөдүм. Бирок тез жооп бердим:

– Эмне үчүн куткарбаймын. Мен да жигитмин, менин да элим бар! Мен эми бөрүдөй болуп өстүм. Элге кур кетүүнү ылайык көрбөй жүргөн элем, – деди кишисинип.

Кыз дагы ачыгыраак күлдү. Ал менин кур кайратыма жана кетүүгө дилгир экендигиме ачык түшүнгөн болуу керек.

– Сен жашсың, бирок жүрөгүң эрдикиндей. Сен көркөм, сүйкүмдүү жигит болосуң. Сенде акыл да бар. Ошондой болсо да сен ойлонбоюраак шашып жатасың, чынбы? – деди кыз.

– Жок, мен ойлонуп эле чын айтып жатам. Бир кызды куткармакка эмне! – дедим.

– Мейлиң, чын айтканың жок, – деп колун сунуп, менин башымдан сылап эркелеткендей болду.

Мен жыйырмадагы жигиттей болук элем жана жүрөктүү элем...

– Мен эми сеникимин. Бирок элиңе жеткенде, башым кутулганда гана сенин эркиңе өтөм. Азыр сенин каалооң аткарылбайт. Эртең менен туруп, малга барып, келген жолуңду байка. Төөлөрдүн ичинде жез буйлалуу боз инген бар. Ошону кармап минип сууткун, – деди.

– Кайсы инген, абамдын тушуна байлануучу эмеспи?

– Ошонун өзү. Ал төөнүн желмаяны. Атам аны уурудан коркуп өзүнүн тушуна байлатат. Дайым анын кепшегенин тыңшап жатат. Сен ал төөнү үч күнү жашырып сууткун. Үчөөндө тең түн ортосунда туруп атамдын тушунан агытып жибер. Бирок буйласын чубалтып жибер, – деди.

Эмне үчүн деп сураганым жок. Айтканындай иштей баштадым. Биринчи агыткан күнү, төө үйдөн аз эле алыстаганда кыздын атасы чыга калып, аны кайта алып келип байлады.

Экинчи күнү агытканымда төө узап кеткен эле. Кыздын атасы чыгып карады да, кайта кирип жатты. Үчүнчү агытканымда кыздын атасы чыккан жок. Бирок эртесинде:

– Желмаянды кандай байласам да, болбой бошонуп кете турган болду. Жарыктык Ойсул ата колдоп жүрсө керек, – деп сүйлөгөнүн уктум да, тим болдум.

– Атам төө тууралу эмне сүйлөсө, мага айт, – деген болучу кыз. Мен бул укканымды дароо кызга сүйлөдүм.

– Абдан сонун, атам алданды, – деди кыз. – Эми эл жатар менен төөнү коктуга алып барып, мына бул килемдер менен комдогун (Току дегени - ред.). Мына бул жууркандарды үстүнө кошо комдо, – деп бардыгын мага көрсөтө баштады.

12.10.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.