ААЛЫ ТОКОМБАЕВ

КҮҮНҮН СЫРЫ

ААЛЫ ТОКОМБАЕВ

– Ооба, ооба, байбичем! Чын айтасың, – деп койду да: – Ошентип баягы кыздын колунда алты жыл жүрдүм. Кыздын атасы бир элдин мыктысы жана байы болгондуктан, анын салтанаты да бөтөнчө экен. Кызынын өзүнчө өргөөсү бар. Анын кол алдында бир үйлүү коңшу малайы бар. Алар оту менен кирип, күлү менен чыгышат. Мен кыздын чайчысы болуп калдым.

Малайдын аялы жаш гана келинчек эле. Ал сөзгө уста, ишке чебер, кыймылы куюндай, шамдагай киши болчу. Мен ага жакын болуп кеттим. Бирок жатагым малайдыкы эмес, өргөөнүн улагасы.

Кыздын улагасында кул жатыш, ал кезде бөтөнчө атак болор эле. Ал адат азыр калып баратат, балам.

Мени ким, эмне үчүн алып келгендигин, ошол келинден түшүндүм. Сен тигил кыздын калыңына келген кулсуң. Сени алып келген кыздын күйөөсү, ашкан баатыр. Ал жигиттин Кызыл буурул деген аты, Ак чыгыр деген мылтыгы бар. Кыздын атасы: «Ошол экөөнү бересиң, аларды бербесең, үч кул бересиң», – деген. Жигит ат менен мылтыкты бербестен, үч кул алып келип берди. Ошонун үчүнчүсү сенсиң. Экөөнү мурун алып келген эле, ал экөөнү олжого эки киши алып кеткен. Сенин бактың бар экен, олжого кетсең куруйт элең. Эми сени кыз менен кошо берет, – деди келин.

Кыз кээде эркекче кийинип, жигиттер менен талаага кетер эле. Кайта келишкенде: бугу, аркар, карышкыр, кээде жолборс атышып келишчү. Эмнени ким атканын ким билсин, эмне сөз болсо да чоң үйдө болор эле. Ал үйгө барууга табиятым тартчу эмес. Анын үстүнө кулунун тооруктуу (Сатылып келген дегени - ред.) болушу элге да аңыз сөз болор эле. «Баланчанын кулу ток маарек, ач көз эмес» деген сөзгө өзүм да кубанып, ошол атактан түшпөөгө тырышчумун. Ошондуктан чоң үйдөгү көп сөздөн кур калчумун. Көбүнчө сөздү кыздын өзүнөн угар элем. Эрмек үчүнбү, мактануу үчүнбү, же мени аягандыктанбы, уйкусу келбесе, төшөгүнө жатып, түрдүү сөздөрдү сүйлөр эле.

Аны мен «Эрке эже» дечүмүн, анткени элинин бардыгы: «Эрке кыз» деп айтышчу.

Эрке кыздын күйөөсү жигиттери менен келип, бир-эки конуп кетчү. Күндөрдүн биринде, жайдын толгон кезинде, күйөө дагы келди. Ал келишинде жалгыз гана келди. Жалгыз келсе да, мурунку тартип боюнча, конок жатагы башка үйдө болду. Каада боюнча жеңелери кызды күйөөгө жолуктуруп жатаарда өргөөгө кайта алып келишти.

Ал кездеги балдар азыркыдай чабал болчу эмес, балам. Эмнеге болсо да эртерээк жетишчү. Мен уктабай жаттым. Эл уктай электе жигит колуктусуна келди. Мен ал жигитти көргүм келбейт. Бирок «баатыр» деп элдин баары аны макташат. Анын эмне баатырдыгы бардыгын мен эмдигиче билбеймин. Демимди ичиме жыйнап, алардын сөздөрүн тыңшадым. Бир оокумда сөздөрү чатакка айланды.

Кыздын сөзү өкүм чыккан сайын, менин жаным кирет.

«Ушул жигит кыздан ылайым айрылып калса экен» деп тилеймин. Алардын сөзү да эсимде, – деди карыя.

Карыя сөөмөйү менен комуздун кылын өйдө, төмөн сейрек дилдиретип койду да, күйөөнүн сөзүн баштады:

– Эркем! Эми калың болсо бүттү. Атаң дагы чатак кылып жатат. Качпайсыңбы? – деди жигит.

– Жок, мырзам! Атамдын жалгыз кызы болсом, той тойлотпой туруп, босогодон аттабаймын. Атам эмне чатак кылып жатат? – деди кыз.

– Кызыл буурулду, же Ак чагырды бербесе, кызымды бербеймин, – дептир.

– Экөөнүн бирөөнү берип, атамды ыраазы кыл. Атам айтканын кылбай койбойт.

– Жок, мен атым менен куралымдан айрылып, кыз албаймын, – деп жигит чорт гана айтты.

– Экөөнүн бирин атам алмайынча, мен сага барбаймын, – деп кыз жигиттин сөзүн кесе сүйлөдү.

Жигит кыз менен көп сүйлөшүп олтурган жок:

– Экөөнүн бирин берсем, сени албай эле энемди алып калайын, – деди.

Кыздын кербездиги ого бетер күчөдү.

– Экөөнүн бирин бермейинче сага тийсем, мен атама тийип калайын, – деди.

Өзүңөр билесиңер, кыргызда мындан чоң каргыш, мындан чоң ант жок. Кыз менен күйөө катуу эрегишип кетишти.

– Сени атаңдын төрүндө карытам: өзүм да албаймын, эрге да бергизбеймин. Бирөөгө бере турган болсо, айылыңарды кызыл кереге кылып чабам. Өзүңдү жайдак атка мингизип барып, күң кылам, – деди.

12.10.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.