проза
Кенеш Жусупов: Аздек
Бу алакчы дүнүйөгө Адам болуп жаралган соң, тирүүлүктүн вазийпасы оор жүк болгон соң, Салижан Жигитов башына түшкөн түйшүктүн баарын эрдик менен жеңе алды: ачкачылыкты, жетимчиликти, жалгыздыкты, жалкоолукту, кайдыгерликти, караңгылыкты, өзүмчүлдүктү, дартты… Акыры шум өлүмдү жеңе албады. Буга Будда да, Христос да, Мукамбет да, Сократ да, Конфуций да, Салижан да алсыз экен. Жараткан Теңир улууну да, кичүүнү да, ханды да, кайырчыны да келме кезекте теңеп коюптур.
Аттиң, анын көп ою, чыгармасы, арманы али да айтылбай, өтөсүнө чыкпай, жазылбай ичте кетти.
Буга чейин батышчылар Сократ айткандай, чыгышчылар Кунфу айткандай деп ооздорунан түшүрүшпөгөн сыңары, эми биз Салижан айткандай деп какшанып калабыз.
XX-XXI кылымда кыргыз маданиятына, илимине жана рухий дүйнөсүнө адил эмгектенген далай залкарлардын бир даары көзү тирүүсүндө бийликтен сый-урмат көрбөй, татыктуу наам, илимий даража ыйгарылбай а дүйнө кетишти. Ошонун бири Салижан Жигитов. Эми ага окшогон адамдарга алтын медаль эмес, алтындан эстелик койсоңда аздык кылат. Ата, алар көзү тирүүсүндө эмгегинин үзүрүн көрсө, канчалык канимет болор эле. Наам, даража албай калган алардын кемчилиги эмес, доордун, анан калса биздин кейиш, биздин кемчилик, биздин түркөйлүгүбүз.
Не дейли. Тирүүлүк — биздин олжобуз. Бизди таштап тиги чын дүйнөгө эрксиз кеткен берендин сөздөрүн, жоругун, күлкүсүн, шакабасын эстеп жүрөрбүз. Эмгегин кайра-кайра окуйбуз. Тукулжурап турарбыз. Кыргызда келечекте кайран Салижандай талант, кунарлуу булбул чыкса экен деп тилейбиз!..
Үч келме
… Ал мени селт эттирип капыстан шак ойготуп жиберди. Караңгы жети түн экен.
Тобо, Салижандын күңүрт элесин сезип турдум.
Анан, ал мени мурда деле ойготуп жүргөн турбайбы деген ой келди.
Ал мени ойлонбой эле шатыра-шатман бейкапар жашап жүргөнүмдө деле ойготуп жүргөн турбайбы дедим дагы.
Мен аны учурунда туйбапмын да, түшүнбөпмүн да. Аттиң, ойгонгон эмес экенмин. Ал мага: уктаба, жалкоолонбо, кекиртегиңди тый, ойлон, иште, ойгон! — деп капаланчу тура.
Илгертен бери кыргыздын акыл устаттары баарыбызды ушинетип ойготкон! Салижанга ынандым да, чын эле качанга чейин уктай берем деп намысыма келип, ардандым. Ал кара башынын жыргалын ойлонгон жок. Ага капа болгон жок. Башкаларга капа болгон тура.
Ал бизди ойготкон тура.
Ал улуттун азыркы абалы, рух, духу, аны тазалоо, келечекте сактоо жөнүндө капаланган, ойлонгон тура.
Анын оюнда эч бир карасы жок эле. Ал ичине эч бир жаман сөз, бечел ой жымырып катпады. Акыл, ой дарбазасы ачык болчу.
Ал артынан зор бапыраган байлык, мүлк, аксарай, банк таштаган жок. Аны табууга акыл кудурети жетет эле.
Ал артына тунук сөздү, акылды ак кагазга таштады. Ал улуттун акыл казынасына аманат таштады.
Ал бизге акыл килемин алдыбызга жайып таштады. Биз сулуулуктун, акылдын, чакырык нускоонун үстүндө отурабыз. Аны сезип, асырап, баалай алганга шаабыз, акылыбыз жетээр бекен!
* * *
Рух, дух өлбөйт дешет. Акыл да жоголбойт, өчпөйт дешет. Кыргыздын рух, духун байыртан изилдеп, асырап, жыйнап, жаңылап, ардактагандар кыйла эле болгон. Түбөлүктүү түйүнү чечилбеген суроолор көп. А бирок жандырмагын тапкандар бар.
ХХ кылымда кыргыз рухун көтөргөн далай дааналар чыкты. Алар бизге ыймандай сырын ачык айтып, жеке өмүрдү кантип жашап өтүү керектигин, атуул, адам кандай болуу керектигин чечмелеп жашоо формуласын таштап кетишкен. Ар биринин өзүнчө өмүр баяны, ажары, нускоосу, акылы бар.
Салижан Жигитов кыргыздын мөл тунук сөзү менен Акылдын эстелигин куруп, тургузуп кетти. Анын чыгармасын окуган эси бар кыргыз: «Мобул улуу сөз, акыл эстелигин курган, коңгуроо кагып турган Жигитов деген акыл дарыгери ушу турбайбы » деп, «Эми эмне кылуу керек?» деген суроого жооп таап берген улууга секин таазим этээр.
* * *
Өмүр — булак.
Өмүр — чагылган.
Өмүр — аккан суу.
Өмүр — осуят.
Өмүр — акыл.
Ушуну Салижан чечмелегендей, ойлонгондой, мээнеттенгендей, жашагандай башыбыздан кечире алар бекенбиз?!