проза
Кенеш Жусупов: Аздек
Биз залкар жазуучунун үйүнө түштө бардык эле, бабырашып отуруп кеч кайттык. Жолдо далайга үн катпай келаткан Салижан бугу чыгып кеттиби, жерге түкүрүп-түкүрүп, залкар жазуучуну замандаштары баалабаганыбызга жаны ачыды. Андайда Салижан сөздү сөөккө жеткире айтар эле. Көпкө дейре басылбай, талант, устат, шакирт, салт, намыс, патриоттук жана кыргыздардын кылык-жоругун бакылдай берди.
Бул жолугушууну Сакем далай эскерер эле. Салижан Жигитов да Түкөмдөн кем калбаган күрөшкер, патриот эле.
Рухий байлыгы таза, мол С.Жигитов академиядабы, энциклопедиядабы, элчилигиндеби, илимий окуу жайдабы, кайда болсун, иштин майын чыгарар эле. Анын Кыргыз Совет энциклопедиясын жаңыдан чыгаруудагы атуулдук эмгеги баа жеткис. Окумуштуу-энциклопедист катары да ысмы түбөлүккө өчпөй калды. Окумуштуунун кеңири ой жүргүзгөн илимий изилдөөлөрүн, маектерин кудум көркөм чыгармадай ынанып, суктанып шыдыр окуйсуң.
Ал чындыкты айткан, жамы элди ойготкон жана жол көрсөткөн жөнөкөй, дүнүйөкапар адам болчу: жеке өмүрүндө таза жашоону, көз карашында тунук ойчулдугун тирүүлөргө көрсөттү; абайласак, айылда туулуп-өссө да, элеттик, трайбалисттик шаан-шөкөт, күлпөт курбаган, уюшмага аралашпаган, ой жүргүзүүсү бийик, дүйнөлүк интеллектуалдардан калышпаган рухий кудурети, маданияты күчтүү аалым эле.
Кыраакы киши азыркы бейпай доордогу кыргыздардын рухий, зээн запкысынан кантип кутулуунун өзгөчө үлгүсүн, сабагын айта алды. Анын чаңырган коңгуроосун уктукпу, сездикпи биз?
Акылдан ой курган С.Жигитовду жакшы көрбөгөн кыргыз жок чыгар. Анын досу көп болчу, а душманы жок дээр элем. Эмне үчүн десең, «душман мага окшогон кыйык киши болуш керек, кыргызда андайлар табылбайт» деп шакаба чегип коер эле.
Рух асылы
Ал турган турпаты менен пенделик бийик деңгээлге, өзүнүн кара эмгегине таянып, рухий шатынын ар баскычын өжөрлөнүп, улам өөдө чыгып отуруп, акыры туу чокусуна жетти.
Доордон эрте туулган сергек, жапакечти Теңирим биздин доорго атайы жиберсе керек. Байыртан бери ар бир доорго кыргыздарга улуу инсандар жаралып турган. Аларды элибиз пир, шер, каган, акын, бакшы, чечен, олуя ж.б. аташкан. Кыргыздар андай айкөл, бакубат өмүр сүргөн шааларын учурунда баалабай, урматтабай, сөзүн таназар албай кайдыгерлик жасаганы да чындык. Акыры алардын артында артыкбаш дүнүйөсү, байкер жашоосу эмес, көөнөрбөс эмгеги, накыл сөзү гана калат тура.
С.Жигитов дээринен сезимтал, зирек өскөн, өзүн-өзү чыйрак тарбиялаган, өмүрүн куру кыялга жетектетпеген, тилек-максаттарын алыска мелжеген, чаалыкпас эмгекчил, акылгөй жана жашоого кайраткер жан болгон. Адам катары ал коркоктуктан, азгырыктардан эрте кутулган. Ага акча, наам, даңк кеп эмес эле, алардын артынан сая кууган жок.
Салижандай жашап, иштеп, ойлоп жана күрөшүп өткөнгө биздин чама-чаркыбыз, кудуретибиз жетер бекен?! Бүгүн эле Салижандай жашап, акын, жазуучу болом деп обу жок шымалангандарга ишенбейм.
Жеринен ниеттеш болбой туруп, эми эле Салижандай ойчул болуп кетем, көптү айта аламын, мен андан кем бекем?! — деп озунгандарга ишенбейм.
Буга дейре кайдыгер жүрүп, эми Салижандай күрөшчүмүн, патриотмун дегендерге ишенбейм.
Анткени, Салижандай болом деген адам бир күндө, бир жылда, беш жылда боло койбойт, балагаттан тартып көз жумганга чейин, өмүр бою өзүн тарбиялаган, чаалыкпай изденген, эргип-өсүп отуруп, доорго, элине ак жүрөк, акыл кеменгери, көпчүл жана элин сүйгөн рухий дарыгер болуш керек.
Жоктоо
Ысыккөлдөн кайгылуу кабар угуп, Салижандын зыйнатына турам деп, эсил кайранды жолдо катар жоктоп келдим, өксүгүр дүнүйө.
Салижан десе, азил сөзүн эстеп алып шаттыкка маашырканып калар элек, а бүгүнкү күндө бейиши болгурду «кайраным» деп жоктоп муңканып, кабыргабыз кайышып турат.
Салижан Жигитов деген адамдын гүлү эмес беле…
…Акыркы күндөрү өмүр кыскалыгын туйганбы, дартка дабаа жоктугун сезгенби, айтор бейтап Сакем али жазыла элек эмгектерин санап, маектерин берип, үн жазгычка элеттеги эскерүүсүн калтыргысы келген.