Касым КАИМОВ

АНАРБАЙДЫН КӨПҮРӨСҮ

Касым КАИМОВ

Күн ысыкта ыштан жаңы чыккан сары чаначтар тургандарды ого бетер суусатты. Эгер атчан киши жаш болсо, кымызыңды сат дешип оюн-чынга салып, эсин оодарышмак. Бирок сакалдуу адамга эч ким батынбай жол ача беришип, салам айтышты.

– Ассалоом-алейкум!

– Алейкума-ассалам!

Карыя алик алды, бирок аларды таштап шыр өтүп кеткиси келбегендей ат тизгинин жыйды. Инженер абышканы көздөй озунду:

– Ата! Жол ачык. Чоочубай өтө берсеңиз!

– Балам, сен мени каякка өткөргөнү жүрөсүң?

– Каякка баратасыз?

– Менин жөн-жайымы коё туруп, буларды түшүрүп алгыла, – деди абышка.

Ушу сөздү гана күтүп тургандай жигиттер козу менен кымызды дарактын көлөкөсүнө алып барышты. Тааныш абышка өзү да атынан түштү. «Буларды кимибизге алып келди? Же сатмаккабы?» – деген ой ар кимсинин оюна келди.

Инженер абышканы жандай басып, көлөкөдө чогулган кишилердин жанына келди.

– Кана, кымызды ичпейсиңерби? – деп кожоюндан сөз чыкканча чыдамкайлык менен күтүп отурушту.

Ынак жана муздак кымызга эл каркындай түшкөндө гана чычайган аппак мурут абышка сөз катты:

– Балдарым! Жаңы көпүрөңөрдү куттуктайын деп келдим.

Иштин жайын туюп, кубанышкан жигиттер ага ыраазы болгондой баш ийкешти.

– Балдарым! – мен эски көпүрө менен коштошкону келдим.

Бул сөзгө эч ким маани бербеди.

– Балдарым! Силер да мени менен коштошсун деп келдим. Анын сөздөрү салмактуу жана ойлонорлук чыккандыктан, бул абышка ким өзү дегенсип, суроолуу тиктеп калышты.

– Эмесе, мени таанып алгыла! Анарбай деген менмин, – деди абышка.

Бардыгы тым-тырс. Алардын иреңинде таң калуу, карыяга уят болгондой нымтыроо бар. Кымыз кекиртектен өтпөгөндөй ар кимиси жер тиктешет. Нечен күндөн бери араларында көлөкөдөй илээшип жүргөн аксакал адам менен кишиче бир жолу сүйлөшпөгөнүнө уяткор болуп отурган жигиттерди ал жакшы түшүндү.

– Ар нерсенин учуру болот. – Абышка таягы менен жер чукулады. – Тааныша турган, сырдаша турган убакыт эми келди. Адегенде, кымызыңарды ичкиле, козуңарды сойгула.

Козу дароо союлуп, чоң казанга түштү. Кымыз ичилип жатты. Абышка узун сөзгө түшүүдөн мурда бир-эки собол таштады.

– Анарбайды силер ким деп ойлойсуңар?

– Уста...

– Жок, андай эмес. Менин усталыгым жок. – Ал экинчи соболуна өттү:

– Баягы күнкү сууга кеткен көпүрө кимдики – деп ойлойсуңар?

– Анарбайдыкы...

– Жок, андай эмес. Ал көпүрөнү өзүңөргө окшогон адистер тургузган.

Абышка таягын жанына таштап, ныкталып олтурду. Сыягы узун сөзгө түшчүдөй. Бардыгы тым болушту. Далайдан бери ачылбаган сыр ачылып, Анарбай өзүн-өзү таанытып отурганда, ар бир сөздү көңүлгө түйүп калууга ниеттеништи. Жадаганда, ашпоз да чөмүчүн колуна кармай келип, кулак түрдү.

– Анарбайдын көпүрөсү салынганга элүү жылдан ашты. Ал көпүрө бар болгону үч жылга турду... Андан берки көпүрөлөрдүн Анарбайга тиешеси жок...

«Бул абышка эмненин башын оорутат» – деп ойлоду уккандардын бир катары.

– Илгери биздин өрөөндүн эли жоокер келчү экен, –деп койду Анарбай, – Тышкы душмандар менен кармашпастан, өз ара чабышчу экен. Менин жаш кезим... Акыр жагына аралашып калдым. Өрөөндүн бир тарабын Кызылбаш болуш, бир тарабын Карабаш бийлечү. Алар өмүр бою касташты, чабышты. Далай эр өлдү, далайлар майып болду. Далай көз жаш төгүлүп, далай кун төлөндү.

Эки тараптын бири бирде жыгып, бирде жыгылып, бирок биротоло жеңилип, кол куушуруп бергени болбоду.

Чабышуу ушу суунун өйүзүндө же бүйүзүндө болор эле. Анда ушу темир көпүрөнүн ордунда эки узун жыгач салынган солкулдак көпүрө боло турган. Качкан тарап шашылыш түрдө солкулдак көпүрөдөн өтүп, анан жыгачты бери жээкке тартып коёр эле. Кууган жаат суудан өтө албай калчу. Ошол заманда солкулдак көпүрө оюнчук болгон. Эрегишкен тараптын кайсынысы болсун, аны каалаган убагында тартып коёр эле.

Ошентип өйүз-бүйүз болуп, өрөөн экиге бөлүнүп калчу. Жаатташуу, барымта күчөй турган. Өрөөндүн эки жагы бири-бирине душмандашып, бирдик, ынтымак кетип, кайран эл азапка түшкөн, алсыраган...

04.11.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.