Касым КАИМОВ
АНАРБАЙДЫН КӨПҮРӨСҮ
(аңгеме)
Тоо суусу миң кыялдуу. Аны сүйбөй койбойсуң, махабаттын азабына кайылсың.
Кырка тоолордун мээримдүү койнунда мемиреген кең өрөөндүн көркүн ачып, атагын көкөлөтүп, кыял күүсүн козгогон – анын шар суусу менен көк-жашыл токою. Өзөн бойлоп, кыркалекей тартып, шуудураган токой кээдэ тирелишип, жыш, кээдэ суюлуп, өрөөндүн этегине жетпей түгөнөт. Өзөн болсо сай-сайдан куйган туура суулар менен кубаттанып, тоонун деми жана эпкини сүрөп, өрөөндүн чегинен алыска-алыска, чексиз мейкиндикке сапар тартат.
Бул өрөөндүн табиятынын дагы бир өзгөчөлүгү көкүрөк жагы да, этек жагы да ачакей, тагыраак айтканда, ал чакан эки өрөөндөн биригишип башталып, чакан эки өрөөнгө бөлүнүшүп бүтөт.
Баш-аягын ачакейлентип бөлүп турган да тоо кыркалары, аларды өз койнуна имерип, кайрадан бириктирген да тоо кыркалары. Тоо байырлуу жана бейпил болгондуктанбы, айтор ал жөнүндө беймазалаган жан жок.
Кишилерди ойлонткон, убарага салган – суу. Кургакчылыкта анын кааты өтөт, жаан-чачын арбыса каары өтөт.
Көкүрөк тарапта өрөөндүн ичинен өрөөн чыгарган адырлуу кырканын этеги кызыл урчуктуу аска болуп чалкаят да, өзөн дал ушул жерден кууш тартып, агымы таштан-ташса урунуп, зоо жаңырат. Ушул жерден эзелтен көпүрө үзүлбөйт, жүргүнчүлөр тынбайт.
Кызыл урчуктагы көпүрөнү эл Анарбайдын көпүрөсү деп аташат. Көпүрө аман турганда эки өрөөн тынымсыз байланышта, анын ачакейлиги да сезилбейт. Көпүрө бузулса тигишинен ыдырап, эки багалеги эки жакка кеткен шымдай болуп, өрөөн бири-биринен ажырап калат.
Ал эмне үчүн Анарбайдын көпүрөсү деп аталган? Анарбай устабы? Же жердин аты ошондойбу? Аны менен жүргүнчүлөрдүн иши барбы? Жол шыдыр, көпүрө ордунда болсо, андан башка эмне керек.
Күндөрдүн биринде Анарбайдын көпүрөсүнө коркунуч түштү. Күтүлбөгөн учурда суу ташкыны күчөп, кууш өзөн алабармандап көтөрүлүп олтуруп, шарпылдаган ылайлуу шардын чачырандысы көпүрөнүн үстүнөн өткөн кишилерге серпиле баштады. Машиналар өйүз-бүйүздө шыкалып, атчандар да, жөөлөр да жарданышып токтоп калышты.
Баарынын көзү көпүрөдө. Өрөөндүн тарыхында кулак угуп көз көргөндөрдүн ичинен эң мыктысы ушу көпүрө эле. Ал он жылдан ашык убактан бери суунун ташкыны менен каптаган селдин далай сынынан өткөн.
Анын ишенимдүүлүгү – көпүрө суунун деңгээлинен үч метр жогору жана ортодогу тиреп турган түркүгү өзүнчө керемет. Түркүк дегени өңчөй бекем жана сууга чирибей турган жыгачтардан кайчылаштырып, жоон темирлер менен чырмалган үч бурчтуу тирөөч, анын ортосуна казандай таштар толтурулган. Анын үстүнө түркүк агымга кыр жагынан коюлуп, суунун кысымы күч келтирбей тургандай орнотулган. Суу канчалык кирсе да, орто эсеп менен белгиленген деңгээлинен үч метр көтөрүлүүгө мүмкүн эмес. Ал эми түркүк узак жылдарда акырындап өзүнчө чирип бүтмөйүнчө тилсиз жоого алдырмакчы эмес.
Айтор, билермандардын болжолуна караганда көпүрө чейрек кылымга моюн бербейт.
Тоо суусунун кыялын болжоого мүмкүн эместигин кишилер бүгүн түшүнүштү. Суу жетпейт делген үч метр бийиктеги көпүрөнүн үстүнө ташкындаган толкундар жабыла берип жатты. Керемет түркүк кычырай баштады. Жүргүнчүлөр арасында кобурашуу башталды:
– Анарбай чала иштеген экен, дагы бир метр бийик көтөргөндө болмок экен!
– Бирок түркүгү түркүк экен!
– Силер эмнени айтып отурасыңар? Анарбай деген киши эбак дүйнөдөн кайткан.
– Дүйнөдөн кайта электе ойлогондо болмок экен.
– Антпей эле бул Анарбайдан кийин салынган көпүрө, – дейт дагы бирөө.
Суу ташкыны күчөдү. Анарбай жөнүндөгү талаш курчуй берди.
– Деги Анарбай тирүү бекен? Аныгын билген киши барбы?
– Ким билсин, көпүрө жөнүндө айтсаңчы?
– Силерге көпүрө болсо болду. Анарбайдын бар жогу кеп эмес.
– Анын эмнесин талашасың? Көпүрө салган уста акысын алгандыр. Башка дагы эмне керек?
Суунун жарадар аюудай күркүрөшү, жолдон калууга кыжырлануу сөздү жай жана жүйөлүү сүйлөөгө мүмкүндүк бербеди. Өйүз-бүйүздө кажылдашуу, сабырсыздык күч алды.
Бир оокумда качыр-кучур эткен шумдуктуу дабыш чыкты. Шойком болорун сезип, аны күтүп тургандар сестее калышты. Шумдуктуу дабыш чыкканда түркүк кыйраган окшойт, чейрек кылымга моюн бербей турган даңкайган чоң көпүрө бел ортосунан бүктөлө түшүп, мүрдөмгө келбей ылайлуу шарга аралашып, жок болуп кетти. Ар кайсы жерден сорок эткен жыгачтар гана көрүнүп баратты. Көпүрөнүн эки башынын орду эңшерилип, чаңы уюлгуп калды.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.