Күздөгү жаандар
Мар Байжиев
Айша келгенде редактор чай ууртап, кол жазма оңдоп жаткан экен. Ал башын көтөргөндө, Айша-апа машинкага басылган арызын берди, анда: «жашым улгайып, ден соолугум начарлап кеткенине байланыштуу, мени пенсияга чыгарууңузду суранам», – дептир.
– Ысык– Көлгө же Крымга барып эс алып келбейсизби! Москванын жанында эң сонун эс алуу үйү бар. Карагай токой, таза аба, азыр ЦК профсоюзга телефон чалып, аларда эмне бар экенин билейинчи, – деди редактор.
– Жок, Акматбек, камкордугуңузга чоң ыракмат. Мен иштеп бүттүм го. Батып бара жаткан күндү токтотууга болобу? – деди Айша-апа.
Редактор улгайган машинистканын чөккөн көңүлүн көтөрчү сөз тапканча, ал кабинеттен чыгып кетти.
***
Редакциянын чакан залына редактордон баштап үй шыпырган Лиза менен Зууракан апаларга чейин бардык кызматкерлер чогулушту. Столду жашыл сукно менен жаап, үстүнө десте гүл, торт, конфет, шампанский жана машинка коюшту. «Айша-апа менен иштеш кандай жакшы эле, эми Сизди минтип пенсияга узатып жатабыз, ден соолугуңуз чың болсун, жакшы эс алыңыз, бирге иштешкен эмгектештериңизди унутпай, редакцияга баш багып туруңуз», – деген сыяктуу таттуу сөздөрдү айтып, Айша-апага белек кылып көп жылдан бери иштеп жүргөн машинкасын тартуулашты. Отургандар шатырата кол чабышты, фотограф сүрөткө тартты, Айша-апа белекти алып, ракматын айтарда гана бир аз жашып кетти. Отургандар пенсияга чыккан апага узак өмүр каалашты да, редакциянын машинасы менен үйүнө жеткизип коюшту.
Кийинки күнү газетанын бетине «Кош болуңуз, Айша-апа!» – деген кичинекей кабар басылып чыкты. Ошол күндөн тартып Айша-апа кызматка барбай калды.
Биринчи күндөрү эч жакка шашуунун, эрте туруп автобустун токтоочу жерине жүгүрүүнүн эми кереги жок деген ойго көнө албай жүрдү. Үйрөнгөн адаты боюнча, эрте туруп саатын карап, шашып кийинип, тамактанат, анан бара турган жери жок экени эсине түшүп, диванга көпкө дейре отуруп калат. Ал гана эмес, бир жолу редакцияга чейин барып, эшиктин алдында турган Манязов деген корректорду көргөндө гана пенсияга чыгып кеткени эсине түшүп кайра тартты, керээли кечке шаарды кыдырып жүрө берди, анткени, үйдө деле кылар иши жок болучу.
Ошентип тыптынч, тунжураган бири-бирине окшош күндөр өтө берди. Эч ким шаштырбайт, эч ким каттабайт, өзү да эч кимге баргысы келбейт.
***
Март айы келди. Короодо эрий баштаган сары кар жатат. Көчөдөгү арык-чуңкурлар сууга толду. Жумуш кийимчен бир нече киши үйгө кирип келгенде, Айша-апа терезени жууп жаткан эле. Алар саламга келбей үйдүн ичин метрлеп өлчөп киришти. Рулетка кармаган эки бала баткак буттары менен үйдүн ичин аябай булгады. Айша-апа алардын астына суу чүпүрөк ыргытты эле.
– Э-э, апа, эми мунуңдун кереги жок! Бул үйдү бузабыз, өмүрү бүттү! – деп коркурады бирөө.
Жумушчулар кетишти. Айша ошол замат тактайды сүртмөкчү болуп, суу алып келип, чүпүрөктү сыкты да токтоп калды. Бекер убара. Эми бул тактайды жуудуң, жуубадың – баары бир! Көп жылы жашап турган үйүң менен коштошуу оңой бекен. Бул үйдүн босогосун ал кыз кезинде аттап кирди эле. Ушул эле босогодо ал эри менен, анан баласы менен коштошкон, эми минтип жалгыз бой кемпир болгондо биротоло чыгып кетмек болду.
Айша көчөнүн аркы жагында майда балдардын арасында эски үйдүн бузулуп жатканын карап турду. Жап-жаңы комбинзон кийген он сегиз чамасындагы улан каадаланып тамекисин бир соруп, трактордун рычагын тартты. Анан калса түгөнгүрдүн кебетеси деле сүрдүү жана айбаттуу көрүнөт. Берки балдар аны суктанып карап турганын байкап, ого бетер делдейип, азыр деле көкүрөгү пулеметтун амбразурасын жаап, же болбосо танкы менен жекеме жеке чыгып талкалап жиберчүдөй кейпи бар. Бульдозер анын колуна биринчи жолу тийгени байкалып турат. Бала эски дубалды быркырата талкалап кирди. Бульдозер темир бегемоттой күркүрөп, үйдү көздөй жулунуп, сол жагынан бир сүзүп алып кайра артка кетенчиктеди, камыш төбөсүнөн чаң бурк этип, үй кечирим сурагансып майрыя жүгүндү да күр этип жерге кулады, ак тозоңу буруксуп асманга көтөрүлдү.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.