Айгүл Узакова
КӨЛ ТҮСТҮҮ КӨЙНӨК КИЙИП БҮГҮН ТҮНҮ
Бул ичке жол узун жана үмүттүү,
Жүктөп алып сен көтөргөн күйүттү.
Ай нурунда чуудаланган мажүрүм,
талдын ыры үмүттүү да, күйүттүү.
Ал ырларды уккуң келбей, алыстап,
Бир аралжы болот дедиң гүлбурак.
Шаттыгыңа шапар теппес кыялың,
Кимге батып, кайдан гана кулпурмак.
Анан баары алмашылып жаз, күзгө,
Өттү мезгил кайра конбос куш болуп,
— Кечир, – дедиң, – менин баёо кезимди,
Калсам эгер эскерүүңө туш болуп…
БИР КҮНҮ
Бир күнү мен сүйүүмдөн айрылдым да,
Моло таштай муздап калдым бозоруп.
Анан мага аз келгенсип ал күнү
Булуттар да үстөмдүгүн көрсөтүп,
айланамды каптап алды бозомук.
Безилдеп үмүт кушу
Күн-түнү сайрап турчу
Көөдөнүм тымып калды.
Арманым тиреп чыккан жүрөгүмө
чыңырып,
— Бул чындык! – деп угузалбай,
Карайлап өрткө түшкөн сезимиме
Кадимки акыл-эсти жугузалбай
Кулагым тунуп калды.
Же нөшөрлөп төгүп ийбей күн дагы
Же шолоктоп ыйлап ийбей мен дагы
Шамал да шамалдыгын көрсөталбай,
Бир бүркүп талкалабай үнсүздүктү
Булуттар туруп алды.
Билбеймин өттү түнбү, өттү күнбү,
Каршымда турмуш турду өктөм үндүү.
ЖОЛУКПА МАГА, ЖОЛУКПА
Кирдеген көңүл тазарбас эми кайрадан,
Мен минтип тажап турган соң чындап өткөндөн.
Бул тагдыр менен аркалай албайм сени мен,
Канча жыл мага кымбатка түшкөн, бөксөргөн.
Жаз менен чыдап, күз менен күткөн күндөрдү,
Ак жайдын күнү алмашып кара жоолукка.
Баратам жалгыз кайчылаш түшкөн бул жолдо,
Жолукпа мага, жолукпа мага, жолукпа.
Таң калба мага, жылдызым түшкөн чагымда,
Жалгыздык эми бакыттай ысык көрүнөт.
Көчөдөн өтсөм сөөмөйү менен көрсөтөр,
Достор да чыгып, атыма айың бөлүнөт.
Ишенчээк жылдар изиме салып дүрбөлөң,
Кыялкеч күндөр күбүлдү дарак бүрүндөй.
Кыярып бүттү жүрөккө таштап сары оору,
Мен кыйбас сезим, кымбатым сага билинбей.
Айдарым желге ак таңын тоскон гүлбурак,
Алыстап калбай, азаптуу түштөй азгырат.
Тагдырым баштап кеч калган ушул тар жолдо,
Акылга эмес, санаага көңүл алдырат.
Күлкүмө бүгүн тамчылап агар жаш болуп,
Таалайым эмес, жолуктуң бир кез шорума.
Мен жакшы билген санаанын жайын сары оору
Ар кандай элпек ойлорго эми жоруба.
Бүк түшүп күткөн күндөргө берип эркиндик,
Жаңылгам катуу жандырып түгөл сырымды
Айдады шамал касыма, доско карабай,
Түтөсөм ичтен бактыма салып сыртымды.
Өлөмүн дебейм, акыры турар бир кезек,
Жаркылдап, бакыт курам деп бербейм убада.
Кайда да болсо таналбай сени бул жүрөк,
Тарттырар мага, тарттырар далай убара.
Мен эми кайра жанбаймын көңүл отуна,
Күйгүзүп тынды жүрөктү эзген бул санаа.
Мизилдеп дагы миң түркүн өмүр батырар,
Мен көчүп кетип, сен көчүп келген чоң калаа.
Күз менен кеттиң күкүгү болуп көңүлдүн,
Күйгүзүп албай… чырагым турат бозоруп.
Караңгы бөлмөм, кабагым болбой бүркөлгөн,
Кел эми, тышкы жамгырдын ырын созолук.
САГА
Жоодураган көздөрүңдө арман бар,
Аны ар кандай кабыл алып алган бар.
Сенин мөлтүр көз жашыңа татыбайт,
Жага жетпей, өзү арманда калгандар.
Өзөгүңдө өкүнчүңдү басылтар,
Өмүр үчүн жайнай турган чагың бар.
Мезгил деген мерес жолду багынтар,
Маңдайыңда жанып турган шамың бар.
Бир жакшыда бир өкүнүч бир жүрөт.
Тагдырдын бул табышмагын ким билет?
Эч көөнөрбөй жашайт сендик өмүрдө,
Эр жигиттин багын ачар кудурет!