Айгүл Узакова
КӨЛ ТҮСТҮҮ КӨЙНӨК КИЙИП БҮГҮН ТҮНҮ
* * *
Өмүргө өйдө-төмөн түшкөн жолдун
Мен эми кайсы бирин айтып тынам…
Жаз күтүп, жашыл кийип чыгам десем,
Жашыган көңүлүмдү кайда алпарам?
Ал сезим экөөбүздө жүрүп-жүрүп,
Акыры алыстарын сезген элем.
Анткени менин эрке тентегимдин,
Багына теңсингендей сен ким элең?
Мен сени тоспоюн да, узатпайын,
Бизге эми анын кандай мааниси бар.
Өзөктү өрткө айлантып өчпөй калган
Өзүңдү бир ыр дайым таанып турар.
Качандыр сен жөнүндө сүйлөп калсам,
Дарактар зыңкыйышып сыр катышар.
Мезгилдин мээ кайнаткан табы менен,
Мен өңдүү жашыл сынын уурдатышар.
Мен балким жалгыз-жарым атка конуп,
Жашаармын сен көргөндөн башка болуп.
Өмүрдөн өгөй болуп өтпөс үчүн,
Өзгөнүн бакчасына өспөйт гүлүм.
Эртеңки келер жаздын асманы ачык,
Эси жок күндөрүмө өксөйм бүгүн.
* * *
Ыр келиптир бүгүн менин үйүмө,
Калем кармап, тосуп чыктым жүгүнө.
Көптөн бери көкүрөгүм бош эле,
Күбүрөнүп, жыргап калдым сүйүнө.
Жазылбаса жанга тынчтык бербеген,
Жазга ынак айдарым жел дем менен.
Ырларымды алпечтегим келет эй,
Кыйындарга кээде мени теңдеген.
* * *
Күздө кеттиң… Күздөй токтоо кабагың,
Же сен жакта күз ушундай сырдуубу?
Көп бүшүркөп неге кылчак карайсың,
Же көңүлдө өткөн күндөр нурдуубу?
Автобуста жөнөп кеткен азыркы,
алып кеттиң өзүң менен шаттыкты.
А мен сага көп сүйлөгүм келди эле,
мисал кылып биз өрттөнгөн жаштыкты.
Күз сөөлөтү бийлеп биздин асманды,
байкадыңбы, жыш булуттар басканын.
Жалбырактар дирилдете сабалап,
дарактар да мендей өңдөн азганын…
Кеттиң жөнөп үмүтүмдөй акыркы,
Ичтен сызып, дагы бир жол бөксөрдүм.
Караан үзүп алып кетер бул жолду,
Карегимден өткөргүм жок, өткөргүм…
* * *
Ишен мага, мейли ишенбе, өзүң бил,
Сен тарапка учпай калдым мен бүгүн.
А самолет менден башкалар менен,
Ээлеп кетти көк асмандын кеңдигин.
Күттүң, билем, күзгү кечти кулпуртуп,
Көңүл менен көздөрүңдөй жайнаган.
Ошол сезим, ошол жакшы ниетти,
Ошол бойдон эми кантип кайра алам?
Кечигүүнүн түйшүгүнө көп түткөн,
Мен күтүүнүн баркын билер жан элем.
Анан кандай болуп кетти бул тагдыр,
Кантип айтып берер экем сага мен…
Калгам жалгыз, канча жолу кабарсыз,
Келгин куштар эчак кайтып кетишкен.
Менде болгон бардык чыдамкайлыкты,
Күн менен түн эчак сынап көрүшкөн.
Жолугушсак болмок, сүртүп көңүлдөн,
Көр турмуштун бизге маалим жактарын.
Мен буюгуп турган жолдо эки анжы,
Балким шаңк деп бир ачылмак асманым.
* * *
Өкүнүчтү өзүм тандап алгансып,
Мынча шайыр көздөр менен карадың
Ызалагың келсе эгер көөнүмдү,
Ишенип кой, бул ишиңде жарадың.
Өзөгүмдү үзө тарткан сагыныч,
Бир шооласын издээр эле жүзүңөн.
Көңүл эргип турган чакта жолукпай,
Жүдөп турам ушул жолку күлкүңөн.
Сен жөнүндө башка бирөө ой жоруп,
Кыялданбас деп ойлопмун менчелик.
Билбептирмин каларымды өкүнүп,
Ал кыялдан баш тартууга кез келип.
Не демекмин, мейли эми кайыр кош.
Күн келбесин күлкүң өчүп жашыган.
А мен болсо, кыял менен байыган
Бар сырымды алдырганга басынам…
КЕЧ ЖАРЫК
Тагдырга деле тамаша болмок эмесмин,
Койбогон күндө оң маани берип сөзүңө.
Бардыгын таштап, кайрадан жанар шам болуп,
Каларсың дегем, канатташ болуп өмүргө.
Мендеги ошол сезимди багып, күталбай,
Мезгилдин катуу шарына элпек акканың.
Тагдырым экен деп, өксүп кабыл алалбай,
Жаштыкка салып, таналбай турган арманым.
Үйүнө жалгыз жөө кетти депсиң, кейипсиң
Үзүлсүн үмүт, үлпүлдөп эми жана албайм.
Кайрадан шоокум салгыча таңдын шооласы,
Сендеги шойком обондун күүсүн чалалбайм.
Эси жок күндүн эсебин табар – кеч жарык,
Эстебей кетсем эзилген жүрөк жаратын.
Эркиме койбос көз жашка берип эркиндик,
Экөөбүз делбей, эстелбей өчүп барасың.
ӨЗҮМӨ
Тагдыр сага табышмактуу жол чийип,
Татаал мүнөз тартуулаган экен э!
Жакшылардын жанган оту жылытпай,
Жамандардын ысмын жазып чекеңе.
Ойдо санаа олтургузбай тынчыраак,
Жүрөктү өйүп, көңүлүңдө дарт турат.
Карегиңде булбул жанган эскерүүң,
Дагы далай, далай санаа тарттырмак.