Айгүл Узакова
КӨЛ ТҮСТҮҮ КӨЙНӨК КИЙИП БҮГҮН ТҮНҮ
ЖАЗ
Көпкөк болуп асман ачылып,
Күмүш кирпик күн нуру чачылып.
Жылуулукка бербей туруштук
Бууга айланып карлар шашылып.
Жазым келди жашыл жамынып.
Жашыл сөйкө бактар тагынып,
Жашыл килем тоого салынып.
Сайма сайып талаа четине,
Эндик сүйкөп кыздар бетине,
Жазым келди жаштык сагынып.
Жаштык чертип шайыр бий күүсүн,
Асман күлөт мээрим жүгүнө.
Алмаштырып көйнөк гүлдүүсүн,
Тагынышып гүлдүн бүрдүүсүн,
Жаз келиптир кыздар жүзүнө.
Жыттаганда черим жазылып,
Аба салкын, көктө ай, жылдыз.
Көлчүктөгү сууга чагылып,
Калган өңдүү мени сагынып,
Жазым келди жаштык жамынып!
КӨЛ ТҮСТҮҮ КӨЙНӨК КИЙИП БҮГҮН ТҮНҮ
Көл түстүү көйнөк кийип бүгүн түнү,
Бүгүн түнү түшүңө кирсем экен.
Качанкы кайрылбаган жаштыгыңдын,
Бир үзүм жалынына күйсөң экен.
Ал түндө чертер сенин терезеңди,
Сыдырым желге ийилип жаш бутактар.
Алыстан сапар тарткан каркыралар,
Сагынып көл үстүнөн жаз кучактар.
Анда сен эстей албай тааныш үндү,
Шарпылдак толкундарды сапырарсың.
Көздөрүң толуп кетип кусалыкка,
Обонун улуу жаздын чакырарсың:
Ал – үмүт бийиктикте жанып турган,
Сагыныч сени көздөй шашып турган.
Өкүнүч көңүлдөгү аяр сезип,
Сезимге бир муңайым жашынышкан.
Аны сен изде, ташып кайра толуп,
Шатырап кызыл кечте жамгыр болуп.
Издегин жүрөктөгү арзуу болуп,
Жазында таңды тосчу жаңы ыр болуп.
Көл түстүү көйнөк кийип бүгүн түнү,
Бүгүн түнү түшүңө кирсем экен.
Эсиңе түшө калган жаштыгыңдын,
Бир үзүм жалынына күйсөң экен,
Чын эле мен түшүңө кирсем экен…
ТҮНКҮ АСМАН
Түпсүз, чексиз түнкү асманды ээлеген,
Эсимде бир көз караш бар өчпөгөн.
Сагынычтай мени коштоп келаткан,
Сары оорудай көкүрөктөн кетпеген.
Көз караш бар мен өмүрдө жетпеген.
Жымжырттыкта дил шыбырын тыңшаткан,
Тирүүлүктүн тирегиндей түнкү асман.
Кебелбеген кеңдик менен мага деп,
Сан жылдыздар арасынан нур чачкан,
Сага деген сагынчымды ырдаткан.
Бейпил, тунук көк деңиздей тынч жаткан.
Төгөт мээрин түпкүрү кең түнкү асман.
Түйшүк үйгөн турмуш менен түйшөлүп,
Түгөнбөгөн кыял менен сырдашкан –
Канбай бакыт түнкү асманда ыр жазган.
АЗ ӨМҮР ҮЧҮН КӨП КОЙДУМ ОКШОЙТ ЖАҢЫЛЫП
Түн катып келсем, терезең чертип бороондо,
Куйбагын досум, алагды кылар шарапты.
Күз түнөп кеткен көңүлдүн жайын айтайын,
Куйбагын досум, алагды кылар шарапты.
Эмне дейт элең, бушайман болбо, сооротпо,
Мен эчак кайткам санаанын сары көлүнөн.
Сагынып келдим сендеги сергек мүнөздү,
Мен эчак кайткам санаанын сары көлүнөн.
Чырагың менен отуңду бүгүн өчүрбө,
Эстейли баарын. Уйкуну калтыр бүгүнчө.
Узун түн менен түш көрүү чындап жадатты,
Эстейли баарын. Уйкуну калтыр бүгүнчө.
Аз өмүр үчүн көп койдум окшойт жаңылып,
Кечигип сезип бул күндүн баркын бир келген…
Кар жааган сайын эстечү болдум мен аны,
Кечигип сезип бул күндүн баркын бир келген.
Көзүмдөн учкан караанын кайра тартуулап,
Кайкыган куштай кайрылса мага ошол кыш.
А балким жазга алмашпай тосуп алмакмын,
Кайкыган куштай кайрылса мага ошол кыш.
Түн катып келсем, терезең чертип бороондо,
Узун түн менен түш көрүү чындап жадаткан.
Куйбагын досум, күз түнөп калган көңүлгө,
Аз өмүр үчүн көбүрөөк ичкен шараптан.
АЙТЫП КОЙ ДЕЙСИҢ
Айтып кой дейсиң,
Болгон эс, акыл, күч менен.
Жаштыктын кайтпас
Жаркырак канат жылдарын.
Жылдызы кымбат
Кадыр түн тосчу ак жайык,
Канткенде кайра
Ыйгармак мага ыргагын.
Сагыныч түтөп,
Чоочундап өтүп желаргы.
Ышкылуу түнгө
Сыр бербей турса айдың көл.
Толкунун козгоп,
Ырбаткың келсе ызасын,
Тик багып карап,
Аялуу сырың айтып көр…
КӨП ЖЫЛ ӨТКӨН КӨҢҮЛ КУШУН ЭСТЕТИП
Көп жыл өткөн көңүл кушун эстетип,
Көздөрүбүз кайрадан бир жолукту.
Мезгил изи өчү бардай келди эзип,
Мен эч кимге болгон жокмун колукту.
Бул жолугуу – тагдырдын бир ызасы,
Көңүлүңө бүлүк салар кез күткөн.
Болсо дагы жүрөктүн бир кусасы,
Мага эми сергек көңүл көз бүткөн.
Чамам келбес, сага баарын айтууга,
Сагынычтан үмүт тамар учур жок.
Жол дагы жок эми артыма кайтууга,
Өмүр экен өчсө жанбас кызыл чок.
Жаштык калып, жашыл кыраң ыраакта,
Жалгыздыкты эчак танган түрүң бар.
Сен кайдыгер болалбайсың бирок да,
Жалгыздыкты жазга айлантар ырым бар!