КАДЫРКУЛ ДАУТОВ:

КЫСКА САПАРДАГЫ УЗУН ӨМҮР

КАДЫРКУЛ ДАУТОВ:

 

Табылды Муканов бүткүл болмушу менен акын эле. Анда мүнөзүнөн баштап жүрүш-туруш манерасына чейин акындыктын белгилери жатчу. Бардыгын акынча жашаган: түз сөз айтса да акынча айткан, жаңылганда да акынча жаңылган, сүйгөндө да акынча сүйгөн, жек көргөндө да акынча жек көргөн. Баары үчүн акынча күнөөсүз, акынча айыптуу болгон. Ал адабий ыйманын да нукура акындарча таза сактаган. Кээ бир шылуун жулкунбай жаштарга окшоп ыр жазганды үйрөнө албай жатып, китеп чыгарууга, үч кишиге таанылбай жатып жазуучулар Союзуна мүчөлүккө өтүшкө жол издеп чуркабай, оболу жакшы ыр жаратып алуу керек экендигин ойлогон. Мансап күтүүгө эмес, поэзияга ак кызмат етөөгө кантип жетишүү керек деген маселеге жүрөгүн өйүткөн. Бүткүл өмүр жолу менен калтырган мурасы ушул ойду ырасташат. Ушунусу менен да көптөргө сабак берет, өрнөк көрсөтөт, көзүн ачат.

 

Табылды Муканов жөн эле ыр жазган акын эмес, акындык тагдыр күтө баштаган акын эле. Ага чоң башталмалар келип жаткан. Өзүнүн субъективдүү мамилелерин иштеп чыгуу жагы активдешип, чыгармаларынан личносту башбактап калган. Жеке стилин тапкан, бөлөктөрдөн кадимкидей айырмалап аласың. Тыныш белгилерин коюуга чейин өзүнчө кийлигишет, барында Мукановдун бузуусу менен түзөтүүсү.

 

Акын бир ырында «Өзүмдүн тагдырым да тарткандай эмес зымга» дейт. Ал тагдыр тек гана өмүр баянда калган эмес, ырларына да кирип турган. Көпчүлүк ырларынын таржымалы да зымга тарткандай эмес. Мындан он беш-он алты жыл мурда жаралган айрым мыкты ырларынын убагында таанылбай эми жарыяланып жатышы көптү айтып салбадыбы. Мына эми, өзү да өлгөндөн кийин признаниеге ээ болгону жатат. Дагы кандай тагдыр керек?! Бул жыйнак чыгаары менен «каны жерге тамбай» таланат. Буга жадыңдай ишенип коё бер.

 

Дегинкиси Табылды Муканов сөз өнөрүнүн түп табият-сыры менен акындык парзды эрте түшүнүп, эрте көзү ачылып, эрте жетилген. Бактысы экен, кыргыз поэзиясында өзүнчө бир күчтүү толкун көтөрүлүп, адабий атмосфера аябай катуу жанданып, чуулуу талаш-тартыштар чыгып турган учурда (60-жылдардын чок ортосу) чыгармачылыгын баштап, дал ошол кезде Университетке кирип калды.

 

Чоң чөйрөгө аралашып, чоң сабактар алды, айтыштарда ысымдары мисалга түшүп турган гигант акындардын баарын өз маалында окуп улгүрдү. Алдында ориентация кылчу үлгүлөрү, адашса багытын түздөп берчү тажрыйбалуу акылчылары болду. Ушулардын баары ага эртелеп өзүн өзү издеп, өзүн өзү таап, өз жолун өзү чаап кетүүсүн шарттаган.

 

Табылды Муканов — сабаттуу окурмандардын акыны, кечегисинен бүгүн түшүнүктүүрөк, бүгүнкүсүнөн эртең көбүрөк окулат. Анын аты мезгил менен кошо өсүп, мезгил менен чыгат. Ал сөздүн кеңири жана тар маанисинде стих-ырдын акыны, бүткүл ойлоо стихиясы ошого ыңгайлашып калыптанган. Обон менен ырдалбаган да поэзия болобу деп ойлоо — бир жактуу тар түшүнүк. У.Уитмен, Г.Апполннер, В.Маяковский, П.Неруда, Н.Хикмет, Э.Межелайтис сыяктуу дүйнөлүк алптардын ырларына кайсы композитор обон чыгарып, ким ырдап жүрүптүр? Же ошондон алардын популярдуулугуна доо кетип, кичирейип калышыппы? Билгиңер келсе Табылды Мукановдун ырларына башка обон чыккан. Өзүнөн угалычы: «Ырыңа обон неге чыкпайт деп капа болбо, обонун ырларымдын небак эле чыгарган жаратылыш жана турмуш!» Туура жооп.

 

Акын кыска сапарында узун өмүрүн жасады. Өзүнүн мукановдук стиль, колорити бар, жекече архитектуралык чечилиштерге бай, жакшынакай поэтикалык имаратын тургузуп кетти. Анын пайдубалы бекем, нечендеген мезгил сыноолоруна солк этпей туруштук бере алат. Азыркысынан да келечегине көбүрөк кам көрүлгөн, бактысы ошол жагында. Анткен менен ал имараттын ич бөлмөлөрүндө кем-кетиктер калган, айрымдары жарым-жартылай бош, айрымдары жарым-жартылай аземделген, жарашыгына ылайык керектүү буюмдар киргизилип, жай-жайына коюлган эмес. Баарын ойдогудай жасалгалап, айланасын гүлбактап чыгууга акынга шум ажал тоскоол болду. Бирок ошол оңдолуп, толукталчу жерлердин ордулары белгиленип, түшүрүлгөн чиймелери көрүнүп турат. Аларды баамчыл окурман өзү толуктап улап, өз логикасы менен маани-жайын бузбай окуп алсын…

07.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.