АКАДЕМИК АБДЫЛДАЖАН АКМАТАЛИЕВ УЛУТТУК РУХАНИЙ МУРАС ЖАНА ДҮЙНӨЛҮК ГУМАНИТАРДЫК ОЙ ЖҮГҮРТҮҮНҮН КЕСИЛИШИНДЕ
Азиз Биймырза уулу
IX. Лирикалык акыл жана руханий медиаторлук
Абдылдажан Акматалиев - гуманист-окумуштуу. Анын илимий тексттеринде философиялык ой жүгүртүү, поэтикалык интонация, улуттук көркөм сезим табигый айкалышат. Чыңгыз Айтматовдун: "Мелис айланайын, мен сага өзүмө ишенгендей ишенем" - деген сөзү - жеке ишеним эмес, руханий мурастын тагдырын ишенип тапшыруу. Акматалиев эпосту талдаганда поэтиканы философиядан ажыратпайт, текстти тирүү организм катары кабыл алат. Мына ушул касиет аны жөн гана илимпоз эмес, руханий медиатор, эл менен дүйнөнүн ортосундагы интеллектуалдык көпүрө кылат.
Академик Абдылдажан Акматалиев феномени - улуттук руханий жоопкерчилик менен планетардык ой жүгүртүүнүн органикалык биримдиги. Ал "Манас" менен Айтматовду кыргыз эли үчүн гана эмес, адамзат цивилизациясынын интеллектуалдык мурастарынын катарына алып чыккан окумуштуу катары тарых жазган улуттук сыймык. Агайдын илимий мурасы кыргыз гуманитардык илиминин алтын фонду, ал эми методологиясы келечек муундар үчүн ишенимдүү таяныч бойдон кала берет.
Автор: Азиз Биймырза уулу