АКАДЕМИК АБДЫЛДАЖАН АКМАТАЛИЕВ УЛУТТУК РУХАНИЙ МУРАС ЖАНА ДҮЙНӨЛҮК ГУМАНИТАРДЫК ОЙ ЖҮГҮРТҮҮНҮН КЕСИЛИШИНДЕ
Азиз Биймырза уулу
3.2. Манас жана дүйнөлүк эпикалык салт
Дүйнөдө ким Гомерди “Илиадасы” менен, Гётени, Шекспирди, Толстойду, Пушкинди кандай тереңдикте изилдесе — кыргыз дүйнөсүндө "Манас" менен Айтматовду дал ошондой масштабда ким изилдеди?Француз илиминде Гомер таануу, немис филологиясында Гёте таануу, англис адабиятында Шекспир таануу, орус гуманитардык илиминде Толстой жана Пушкин таануу кандай фундаменталдуу мектептерди түзсө - кыргыз гуманитардык илиминде Манас таануу менен Айтматов таанууну дал ошол деңгээлге чыгарган инсан Акматалиев болду. Муну баса белгилеп эле айтышыбыз керек! Бул аналогия - салыштырма метафора эмес, илимий масштабдын дал келиши.
Уюштуруучулук ишмердүүлүк - илимдин инфраструктурасы
Акматалиев феноменин анын уюштуруучулук ишмердүүлүгүнөн бөлүп кароо мүмкүн эмес. Анын жетекчилиги менен жарык көргөн: "Эл адабияты" сериясынын 40 томдугу, "Кыргыз адабиятынын тарыхы" 7 томдук басылышы - кыргыз маданиятынын тарыхындагы стратегиялык илимий долбоорлор болуп саналат. Советтик идеологиянын айынан көмүскөдө калган Калыгул, Арстанбек, Жеңижок, Үмөтаалы, Солтобай сыяктуу ойчулдардын мурастарын элге кайтаруу - бул илимий гана эмес, жарандык жана руханий миссия эле.
Илимий мектеп жана интеллектуалдык мурас
Абдылдажан Акматалиев -ири илимий мектептин негиздөөчүсү. Анын жетекчилиги менен жалпысынан 101 окумуштуу илимдин кандидаты жана доктору даражасын жактаган. Анын шакирттери Кыргызстандын бардык аймактарында, ошондой эле орус, түрк, казак, кытай улуттарынан. Чоң мектептен өткөн илимпоздор цивилизациялар арасында татыктуу иш алып барып жатышат. Бул көрүнүш Акматалиев мектебинин көп улуттуу жана эл аралык мүнөзүн тастыктайт.
Эл аралык илимий мейкиндиктеги орду
Акматалиевдин эмгектери түрк, орус, англис, француз, немец, кытай, жапон, казак, өзбек, азербайжан тилдеринде жарык көрүп, дүйнөнүн Москва, Париж, Бээжин, Токио, Сеул, Анкара, Стамбул, Астана сыяктуу ири илимий борборлорунда, лабораторияларда таанылган. Бул - кыргыз илиминин глобалдык гуманитардык ой жүгүртүүгө кошкон салымы.
Канондоштуруучу окумуштуулар жана дүйнөлүк аналогия
Дүйнөлүк гуманитардык илим тарыхы көрсөткөндөй, улуу көркөм мурастар ар дайым улуу чечмелөөчүлөрдү жаратат. Ар бир цивилизациялык тексттин тагдыры аны изилдеген, канондоштурган, методологиялык деңгээлге көтөргөн ири окумуштуулардын ысымдары менен ажырагыс байланышта. Мисалы: Немис гуманитардык ой жүгүртүүсүндө Гётени философиялык-тарыхый масштабда чечмелеп, аны европалык руханий өнүгүүнүн өзөгүнө айланткан фигура - Вильгельм Дильтей. Англис адабият таануу илиминде Шекспир феноменин драматургиялык, психологиялык жана философиялык тереңдикте системалаштырган окумуштуу - А. К. Брэдли. Орус гуманитардык илиминде Лев Толстойдун көркөм дүйнөсүн диалогизм, этика жана адам философиясы аркылуу жаңы теориялык деңгээлге чыгарган ойчул - Михаил Бахтин. Александр Пушкинди структуралык-семиотикалык, тарыхый-маданий контекстте кайрадан ачып, аны орус маданиятынын борбордук коду катары тааныткан окумуштуу - Юрий Лотман. Эгер Дильтей - Гёте таануунун,
Брэдли - Шекспир таануунун,
Бахтин - Толстой таануунун,
Лотман - Пушкин таануунун канондоштуруучу фигуралары болсо, кыргыз гуманитардык илиминде Манас таануу менен Айтматов таанууну дүйнөлүк илимий деңгээлге чыгарган канондоштуруучу окумуштуу - Абдылдажан Акматалиев экендигин толук негиз менен айтууга болот. Бул салыштыруу формалдуу аналогия эмес. Бул - илимий функциянын, методологиялык ролдун жана цивилизациялык масштабдын дал келиши.
Универсалдуулук жана гуманизм
Абдылдажан Акматалиев - универсалдуу окумуштуу. Ал бир эле тармакта эмес, бир нече дисциплинаны бириктирип, жаңы интеллектуалдык синтез жаратат. Башка дүйнөлүк мисалдар менен салыштырганда: Индиялык Р. П. Кумар, Глобалдык гуманитардык ой жүгүртүүгө таасир эткен Ноам Чомски, Льюис Томас - алар илимдин универсал мыйзамдарын чечмелешсе, Акматалиев улуттун руханий эс тутумун илимдин тилине салган. Агай “Манас” эпосун жөн гана фольклордук текст катары эмес, цивилизациялык код, тарыхый акыл эстин формасы, руханий система катары талдап, дүйнөлүк илимге сунуштай алды.