САНАТТАР

КАЛЫГУЛ БАЙ УУЛУ

САНАТТАР

Кайгысыз киши карыбайт,
Калп айткан киши жарыбайт,
беш тогоол болбой жай болбойт,
Пейли тар киши бай болбойт,
Көп болсо жылдыз ай болбойт,
Көөну тар киши шай болбойт.
Көгүчкөн учаар жем чыкса,
Көк тулпар чуркаар тер чыкса.
Көрүктүн оту тутанбайт,
Көт жагынан жел чыкса.
Көч жүрө албай токтонот,
Көө учкан бийик бел чыкса.
Көңүлү тынаар көпчүлүк,
Көзгө толоор эр чыкса.

Жалгыз өлсө чуу чыкпайт,
Жер куласа суу чыкпайт,

Жалгыз аттан чаң чыкпайт,
Талды чапсаң кан чыкпайт,
Жапаң-жупаң кар жааса,
Жаш куурай башын көтөрбөйт.
Жаман эрден мал тайса,
Жастыктан башын көтөрбөйт.
Ак чаңгыл тоонун бооруна ,
Адис мерген кийиктейт.
Алганы жакшы жолукса,
Азамат көөнү бийиктейт.
Бирөөгө бирөө бата албайт,
Эки жаман иш болсо,
Талаага жалгыз жата албайт.
Бар болбой малың чачылбайт,
Башына мүшкүл иш түшбөй,
Малың арзан сатылбайт.
Экөөгө бирөө баталбайт,
Жаман адам жакшыга,
Кебин түзүк айталбайт.
Каза кетпей күн бүтпөй,
Башыңдан жастык тартылбайт.
Булбулдун доошун эшитпей,
Буралып талаа ачылбайт.
Күкүктүн доошун эшитпей,
Муңдуунун доошу басылбайт.
Күн жайпалбай ачылбайт,
Күйүттүү болгон неменин,
Күндө доошу басылбайт.
Эки ат минген кеч калбайт,
Эл четинде ач калбайт.
Аттуга жөө жете албайт,
Жакшыны жаман көрө албайт.
Арык койду бөрү албайт,
Бий болбогон бий болсо,
Айтылбаган сөз калбайт.
Бай болбогон бай болсо,
Башы бүтүн чөп калбайт.
 

АКЫР ЗАМАН

Азиздер айтып кетиптир
Акыр заман болжолун.
Ак Азирети пайгамбар,
Адам ата баш болуп:
Акыр заман кишиси,
Кичине болоор мүчөсү.
Илгери өткөн адамдан
Башка болот деп айткан.
Адеби жок сүйлөгөн,
Кашка болот деп айткан.
Конушу такыр, чөбү жок
Ташка конот деп айткан.
Элдин нурку азайып,
Ачка болот деп айткан.
Акыр заман адамы
Бакыл болот деп айткан.
Мал азайып арымдап,
Жакыр болот деп айткан.
Эгини өнүп, чөп чыкпай
Такыр болот деп айткан.
Андан кийин замана
Акыр болот деп айткан.
Акыр заман адамы
Алым болот деп айткан.
Аяттын сөзүн бек тутпай,
Залым болот деп айткан.
Аганын тилин ини албай,
Чагым болот деп айткан.
Биринин тилин бири албай,
Жайыл болот деп айткан.
Капыр менен аралаш,
Ошондо айыл конот деп айткан.

 

* * *

Шатыратып күн жааса,
Жерге жагат дечү эле.
Жакшы чыккан азамат
Элин билет дечү эле.
Ошол адам ойлосоң,
Кимден чыгат деп айткан.
Ушул турган калайык,
Элден чыгат деп айткан.
Алтын-күмүш асылдар
Жерден чыгат деп айткан.
Текши жерге тегирмен,
Жүрүп турат деп айткан.
Тегеренип баарысын,
Билип турат деп айткан

Кызыл, кызыл кыялар,
Кыргый талга уялаар.
Такыясын колго алып,
Кыз-жигитти кубалаар.
Жашыл ала кыялар,
Жагалмай талга уялаар.
Жакшы заман келгенде,
Жаштар бизди кубалаар

Өңү сары, көзү көк
Орус чыгат деп айткан.
Миң түтүнгө бир киши,
Болуш чыгат деп айткан

Буйрук менен кондурган
Конуш чыгат деп айткан.
Узун чөптүн баарысын
Оруп чыгат деп айткан.
Кыска чөптүн баарысын
Коруп чыгат деп айткан

Эркек үндүү аялдын
Уяты жок,
Катын үндүү эркектин
Кубаты жок.

Өгүз мүйүз инектин
Сүтү болбойт.
Инек мүйүз өгүздүн
Күчү болбойт.

Кээ бир адам күпкүрөйт,
Магдыры жок,
Кээ бир адам достошот,
Тамыры жок.

Жылдан жылга замана
Кыйын чыгат ошондо.
Эсеп кылып, мал алган
Тыйын чыгат ошондо.

Андан кийин билимдүү
Атың чыгат деп уктум.
Түрдүү ошондой акылдуу
Аяр чыгат деп уктум.
Калайыкты бийлеген
Аял чыгат деп уктум.
Албан түрлүү ушундай
Заман чыгат деп уктум.

Кийин чыккан адамы
Илим билген амалдуу
Аяр болот деп уктум.
Кандай кылган жумушка
Даяр болот деп уктум.
Ошондогу адамдар
Молдо болот деп уктум.
Миңген атын карасаң,
Жорго болот деп уктум

От араба, дилгирем,
Жол кыскарат ошондо.
Этек, жеңи чолоюп,
Тон кыскарат ошондо

Айттырбаса, жедирбей,
Аяр болот ошолор.
Жоо дегенде, дегдеген
Даяр болот ошолор.
Түн ичинде уктабас
Батыр болот ошолор.
Бысмылданы айтпаган
Каапыр болот ошолор.
Жарды, байы билинбей
Жалпы болот ошолор

Кара жердин бетине
Аштык чыкпай, жер калбайт.
Атасынын сөзүнө
Бала кулак көп салбайт.
Атанын тилин бала албайт,
Андан артык биле айлбайт

Кыйкырганы бел ашпай,
Үн кыскарган бир заман.
Кылса, жумуш бүтпөгөн,
Күн кыскарган бир заман.
Кожо-молдо жоголуп,
Дин кыскарган бир заман.
Орозо-намаз окубай,
(Дин) Тил кыскарган бир заман.
Ошол жакшы, биз жаман,
Өтүп барат бир заман.
Биз жүргөн жер тар заман,
Кийин келээр зар заман

Кайгысыз киши карыбайт,
Калп айткан киши жарыбайт.

12.10.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.