САНАТТАР

КАЛЫГУЛ БАЙ УУЛУ

САНАТТАР

 

* * *

Өлүм кезек бергендей,
Баштыкка тезек тергендей,
Аңдып турат артыңдан,
Адис болгон мергендей.
Алтындан кеежим тор түйүп,
Алганың калат бу жайда,
Айдап айдап мал берген,
Алтын чырай нур сөөлөт,
Арзыган калат бу жайда.
Күмүштөн кеежим тор түйүп,
Күткөнүң калат бу жайда,
Күрпөң-күрпөң мал берген,
Күмүш чырай нур сөөлөт,
Күйгөнүң калат бу жайда.
Бул жалганчы дүйнөнүн,
Өлүмү шундай күн жайда.
Алты азамат бириксе,
Алты кетмен топурак,
Үйүп коёт эмеспи.
Алты арык суу менен,
Жууп коёт эмеспи.
Баш аягын кепиндеп,
Бууп коёт эмеспи.
Анан албан төөгө,
Жүктөп коёт эмеспи.
Агайын иниң ыйласа,
Калың журтуң жыйылып,
“Бу жалганчы дүйнөнүн
Өлүмү шундай болот” деп,
“Шүк” деп коёт эмеспи.

 

* * *

Атын баккан азамат
Катын (дагы) багаар.
Итин баккан аялдар
Элге жагаар.
Элге жаккан ал аял
Эрге жагаар.
Шатыратып күн жааса
Жерге жагаар.
Жакшы чыккан азамат
Элин билеер.
Элин билген ал адам
Билим билеер.
Эчен түрлүү адамдын
Дилин билеер.
Чыгып турган ал адам
Чынар болоор.
Чымчык сайрап чынарга
Булбул коноор.
Түбү жоон тамырлуу
Терек болоор.
Көлөкөсү көп жанга
Керек болоор.
Андай адам табылбайт
Кайда болоор?
Ошол чыкса дүйнөгө
Пайда болоор.
Тийип турган асманда
Күндөй болоор!
Макулуктун баарына
Бирдей болоор.
Ошол адам ойлосоң
Кимден чыгаар?
Алтын, күмүш асылдар
жерден чыгаар.

 

* * *

Карагай сөксөөл өкөбү,
Көп катышкан дечү эле.
Аягында ал экөө,
Жек болушкан дечү эле.
Кийин дагы айрылгыс,
Дос болушкан дечү эле.
Арасында табылгы,
Элчи болгон дечү эле.
Уялгандан табылгы
Кызыл болгон дечү эле.
Коркконунан табылгы
Узун болгон дечү эле.
Түрлүү заман ушинтип,
Өтүп кеткен.
Тегеренип шум дүйнө,
бизге жеткен…

 

КАЛЫГУЛ БАЙ УУЛУНУН САНАТТАРЫНАН

Арыса тулпар этинен,
Алмагы кыйын жал кайтып.
Кетсе дөөлөт колуңдан,
Келмеги кыйын ал кайтып.
Кедейчилик жигиттин,
Кейпин бузат далдайтып.
Баштагы пейли бузулат,
Барды болсо бай кайтып.
Берейин десең малың жок,
Бересе кылат шалдайтып.
“Келе” десе бересиң,
Кейитип жанды саргайтып.
Калаалуу коргон бузулса,
Калаа болбойт там кайтып.
Туйгунуң учса колуңдан,
Тууруна конбойт ал кайтып.
Келип өтсө өмүрүң,
Жигит болбойт чал кайтып.
Чырпыгы сынса талыңдан,
Чынар болбойт тал кайтып.
Чындап ажал келгенде ,
Чыкса калбайт жан кайтып.
Өткөн өмүр качкан куш,
Өкүрсөң келбейт ал кайтып.

 

* * *

Алыска сапар жол жүрсөң,
Аземдүү жорго ат жакшы.
Окусаң илим үйрөнүп,
Оорундуу жазган кат жакшы.
Сараңдардан миңдеген ,
Бирда болсо сак жакшы.
Пайдасы жок туугандан,
Мамилелүү жат жакшы.
Билбес жаман туугандан,
Билеселүү жат жакшы.
Бедери жок жакындан,
Бек кармаган ат жакшы.
Кесепеттүү катындан,
Келте оору дарт жакшы.
Мөмөсү жок дарактан,
Жапайы чыккан тал жакшы.
Шатыра жалкоо жигиттен,
Сарамжалдуу чал жакшы.
Тамчы тамган боз үйдөн,
Дубалдан соккон там жакшы.
Башыңа келсе жалгыздык,
Бекерчилик кам жакшы.
Каз өрдөккө көл жакшы.
Бербеседа бедерлүү,
Берекелүү эл жакшы.
Дыйкандарга жер жакшы,
Жигиттерге эл жакшы.
Кадыр тапкан эр жигит,
Каары жашка тең жакшы.
Чарба малга тос жакшы.
Качса кетет кутулуп,
Кайберенге тоо жакшы.
Көралбаган туугандан,
Каршылашкан жоо жакшы.
Жигиттерге кыз жакшы,
Мүлүшкөргө куш жакшы.
Тил албаган жаманга,
Акыл сөздөн муш жакшы.
Бул дүйнөдө нур жакшы.
Булбулдарга гүл жакшы.
Муңдуунун черин жазууга,
Булбул күбөө тил жакшы.

 

* * *

Келиниң жаман болгонсоң,
Итиң ичкен ашка тең.
Уулуң жаман болгонсоң,
Апийим саткан сартка тең.
Катының жаман болгонсоң,
Кетпес жаман дартка тең.
Алганың жаман болгонсоң,
Жамбаштан өткөн сызга тең.
Жеңең жаман болгонсоң,
Жети айы кыска кышка тең.
Иниң жаман болгонсоң,
Арак ичкен маска тең.
Атаң жаман болгонсоң,
Эрегишкен каска тең.
Келиниң жаман болгонсоң,
Керексиз жаткан ташка тең.
Жигитке бир ат болбосо,
Минсе чаты толбосо,
Чалгыны сынган кушка тең.
Сарамжал үйдө жок болсо,
Көтөрүп койгон ышка тең.
Чайкалып шибер чыкпаса,
Жай деле болсо кышка тең.
Бетинен бедер кеткенсоң,
Кымкап та болсо бөзгө тең.
Кадырлаш болсо зайыбың,
Картайсада кызга тең.
Эрди катын эки жан,
Эркек бала болбосо,
Кулагы туюк ышка тең.
Кайыры жок байларың,
Кабакта жаткан ташка тең.
Акылы жок боз бала,
Соодагы болсо маска тең…

 

* * *

Урайын десе кудайым,
Улуу душман жубайың,
Кызы салат кыйынга,
Кеежи баспайт жыйынга,
Келини чыгат кер айтып,
Кемпири чыгат тир айтып,
Жат бутуңду сырайтып.
Жамбы берген жакының,
Жакшылык кылбайт кылайтып.

12.10.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.