Легендарлуу акындар: Токтогул

Легендарлуу акындар: Токтогул

 

 

ТОКТОГУЛ ЫРЧЫНЫН САНАТТАРЫ

 

Амирин күчтүү болсо,

Жанымды аларың бар.

Бирок мен жалынбаймын,

Тагдырга таарынбаймын.

Өлтүрсөң өнөрүм бар,

Өлбөөчү өнөрүм бар.

Астырсаң денем калар,

Ырларым оттой жанар.

Жакынга салам айтам,

Жашоодон кабар айтам.

Өлгөнгө көңүл айтам,

Тирүүнө өмүр айтам.

Дос көрсөң сырым айтам,

Жаңшаган ырым айтам.

Мен дагы дүйнө салып,

Өмүрдөн бир күн кайтам.

Көзүмдү жумсам түш көрөм,

Көктөгү учкан куш белең.

Кайберен болуп бутана,

Качан бир жүрүп туш келем.

Арманда жатып түш көрөм,

Айланып учкан куш белең.

Ак марал болуп бутуна,

Акмырзам качан туш келем.

 

СОҢКУ ЫР

Ырымдан башка дүйнөм жок,

Ырдасам жүрөк күйгөн чок.

Аларда сени Акмырзам

Артымдан келип тийди ок.

Сазымдан башка дүйнөм жок,

Сагынып жүрөк күйгөн чок.

Жетерде сага Акмырзам,

Жарадар кылды тийген ок.

Келсин деп жазган кабарың,

Көрмөккө сенин жамалың.

Булбулу болдум багыңдын,

Бул сенин кылган амалың.

Келтирди сенин кабарың,

Көздөрүң күйгөн жанарым.

Сен үчүн келдим ордого,

Бул менин кылган амалым.

Сүйүүгө акмын, тазамын,

Көтөрөт бардык жазанын,

Сүйгөнүм үчүн Акмырза,

Тартарсың сен да азабын.

Капаска түштүк экөөбүз,

Сайрашып жүрүп өтөбүз.

Ширини татпай дүйнөнүн,

Чырактай бир күн өчөбүз.

Тузакка түштүк экөөбүз,

Кол жетпей зарлап өтөбүз.

Жазыгын көрбөй жашоонун,

Турмуштан бир күн көчөбүз.

Алыска сапар алып,

Үн салып кербен кетет.

Тааныштай токтой калып,

Көк менен булут көчөт.

Сагынтып турагыма,

Шыңгыры конгуроонун

Угулат кулагыма.

Жымыңдап жылдыз көктө,

Зынданда жатсам көрөт.

Апапак булут өтсө,

Кошулуп кетким келет.

Кыйырсыз чексиз аалам,

Тар болуп калганым көр.

Ырчыга ушул арман,

Кабарлап койсоң кана,

Үнүмдү угар болсон,

Сазы жок ырчың мына,

Сагынып күткөн болсон,

Ак булут айтып барар,

Армандуу ырчысы жок,

Кербендер кайтып барар.

Мен минген каймал жайдан,

Ээсин издеп барар,

Кербендер уруп айдап,

Тили жок күйүп жанар.

О жүрөк эстен танар,

Мен минтип каларымды.

Боз каймал боздоп барар,

Угузуп кабарымды.

Сырдашып бусун болуп,

Ыйласам ыйлап барат.

Гүлгө окшоп турсам соолуп,

Аяйт го атаганат.

Бере албай мага канат,

Барамбы барбаймынбы.

Ак булут, аппак булут,

Айта бар кабарымды.

 

ЖАНЫБЕК ХАНГА АЙТКАНЫ

Аз Жаныбек ханыбыз,

Аман жүрсүн жаныңыз.

Хан болсоң да кабарлайм,

Сөзгө кулак салыңыз,

Азирет ханым, кебим бар,

Арзымды угар эбиң бар.

Арзыгып кылган ишине,

Арылбай турган кебиң бар.

Ата түрктүн балдарын

Алды-алдынан айдадың.

Адилет ишке барбадың.

Карчыга салдың калкылдап,

Ааламды алдың арчындап,

Эр өлтүрүп кун бербей,

Талап алып, бул бербей,

Канкорлугуң арбыды,

Сенден кордук көрбөгөн,

Түрк баласы калбады.

Эрдин башын байладың,

Кошунуңду эсиртип,

Кодулап журтту жайладың.

Кемер курду байландың,

Журттун сөзүн укпастан,

Залимдикке айландың.

Акыретке барганда

Чыкпас торго кармалдың.

 

ЖАНЫБЕК ХАНДЫ ТАБАЛАП ЫРДАГАНЫ

Атым менин - Токтогул,

Аз Жаныбек, соттодуң.

Айтып ырым чача албай,

Армандуу болуп токтодум.

Аз Жаныбек тушунда

Армандуу болуп боздодум.

Жалпы журт көргөн жабырды,

Жайын айтып козгодум.

Жалпы түрктө сайраган,

Булбул элем Токтогул.

Чарчабаган аргымак,

Дулдул элем Токтогул.

Тартынбаган ар иштен

Кургур элем Токтогул.

Качырганын кайсаган

Тунжур элем Токтогул.

Толубайга жапжакын

Тууган элем Токтогул.

Топту бузуп, туу жыккан

Буудан элем Токтогул.

Жаныбек басты белимди,

Калмактыгы билинди,

Калк ичинде сүйлөтпөй,

Кагып салды жинимди.

Арманы көп Токтогул

Айнып калдым акылдан.

Айрылып калдым жете албай,

Агам Толубай жакындан.

Зили душман калмактан,

Көрдүк далай кордукту.

Келин-кызга ээ кылбай

Кылып турду зордукту.

Аябады жаныңды,

Алып турду малыңды.

Кызыталак ит калмак,

Кызылдай сорду каныңды!..

Берендигин карматып,

Бердибек болду ханыбыз.

Берен түрктүн балдары

Тынчыды эми жаныбыз,

Куттуу болсун ханыбыз.

Кумардан чыктык баарыбыз.

Атпай түрктүн балдары,

Аман болсун жаныңыз!

08.01.2026

Катталуу зарыл

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.