Легендарлуу акындар: Токтогул

Легендарлуу акындар: Токтогул

“Толубайдай сынчы бол, Токтогулдай ырчы бол” – деп аты аңызга айланган ТОКТОГУЛ САЙДАЛИ УУЛУнун туулган жылы жана качан каза болгондугу тууралуу так маалымат жок.

Бирок, ырларында сакталган маалыматтарга караганда Токтогул ырчы Алтын Ордонун ханы Жаныбектин (1341-1357-жылдары бийлик кылган), анын иниси Бердибектин (1357- 1359 жылдары бийлик кылган), Мавереннахр, Түркстан, Хорезм, Иран, Ирак, Ооганстан, Закавказье, Туркия, Индиянын бир бөлүгүн бириктирген (Пенджаб) улуу империянын өкүмдары Аксак Темирдин (ал 1370-1405 жылдары бийлик кылган) тушунда жашаган деп айтууга негиз бар.

Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун фондунда сакталып калган бул маалыматтарга таянсак, Жаныбек хан – 1340-жылдан 1357-жылга чейин казак-кыргызда хандык кылган. 1357-жылы өз уулу Бердибектин колунан курман болот. Демек, Токтогул ырчы Жаныбек хандык кылып турган мезгилде, тактап айтканда, 1340-1357-жылдары атагы чыгып турган ырчы болсо, болжолдуу түрдө 1320-жылы туулган деп айтууга болот.

Ошол эле маалыматтарда Орто Азияны Тимур бийлеп турганда, болжол менен 1368-1405-жылдары, каардуу Тимурдун бийлигинен азап тарткан кыргыздардын арасында Токтогул ырчы болгон деп жазылат.

Айрым булактарда Токтогул ырчы Толубай сынчынын баласы делсе, кээде бир тууганы деп айтылып жүрөт. Ошондой эле элибиздин көөнөрбөс мурасы Айкөл Манас баянын эң алгач ким айтканы илимге азыр белгисиз. Бирок, улуу акын жана санжырачы Тоголок Молдо Ырамандын Ырчы уулунан бир топ заман өтүп, баш көргөндү көз көрбөй ызы-чуу түшкөн күндөрдү башынан кечирген кыргыз, башканы эмес, “Манасын” унута баштаган кезде, дал ушул Токтогул анын баш-аягын жыйнап, бүгүнкүдөй бир бүтүн Улуу эпос катары айтып чыкканын төмөндөгүдөй:

 “Ырамандын соңунан,

Иши келип оңунан.

Элден таап нускасын,

Арбытып айтып кыскасын.

Токтогул ырчы ырдаган,

Толубай сынчы сындаган.

Токтогул ырдап турганда,

Калктын баары тыңдаган.

Көрүп туруп көз менен,

Жомок кылып сөз менен.

Ырамандын Ырчы уул –

Жомокчунун башчысы.

Баарын тизген Токтогул –

Бул жомоктун ачкычы” – деп эскерет.

 

Токтогул деспот бийликке ар дайым каршы турган демократ акын болгону бизге жеткен аз сандагы эле ырларынан даана көрүнөт. Мисалы, Жаныбек хандын залимдигин, зулум зордукчул экенин тартынбастан ырдап чыккан. Ошондуктан айрым булактарда Токтогулдун бетке чаап, тике айткан сөзүнөн Жаныбек хан эл алдында уят болуп, аны мойнуна зоолу салдырып, айдатып жиберген деген маалыматтар бар. Ал Жаныбек хан өлгөндөн кийин гана эркиндикке чыгат.

Акын ашык болгон Буржундук Акмырза сулуу Аксак Темирге аргасыздан турмушка чыккандан кийин, Токтогул аз да болсо Акмырзаны көрүп туруш үчүн хандын кол ырчысы болуп кызмат кылат. Бул тууралуу ал өз ырында мындайча баяндайт:

Жетерде сага Акмырзам,

Жарадар кылды тийген ок.

Келсин деп жазган кабарың,

Көрмөккө сенин жамалың.

Булбулу болдум багыңдын,

Бул сенин кылган амалың.

Келтирди сенин кабарың,

Көздөрүң күйгөн жанарым.

Сен үчүн келдим ордого,

Бул менин кылган амалым.

 

Элдин эркиндигин талашкан адилет акын Амир Темир менен Кудаяндын кордугуна чыдай албай, амалсыздан көнүп жаткан элдин муңун муңдап ырдап хандардын каарына калат. Ошол мезгилде кыргыз элине жаңыдан кирип келе жаткан ислам динине каршы чыгып “Эшегин эптеп токуйбуз, намазын кантип окуйбуз?”, “Кудаярдын тушунда куурап калдык, кууругуч баштуу кожону туурап калдык” - деген саптары хан Кудаярдын каарын келтирип, ал Токтогулду туткундайт да, Аксак Темирге жөнөтөт. Аксак Темир ырчыны дарга астырат.

Динге каршы чыккан адам катары өлүгү көмүлбөй, жакын адамдарынын үн чыгарып ыйлоосуна тыюу салынган. Амир Темирдин каарынан корккон эл түн ичинде үй-бүлөсүнө жашыруун угузуп, кара эчки союп кара ашын беришет.

Асан кайгы, Жээренче чечен, Толубай сынчы, Акыл карачач, Алдар көсөө сыяктуу мурдағы Алтын Ордого караштуу көчмөн түрк элдери казак, кара калпак, ногой, кумыктардагыдай аты, кылган иштери аңыз сөз, уламыштарда сакталбаганына караганда, Токтогул кыргыз урууларынын биринен чыккан жана бүткүл кыргыздарга гана таандык аттын кашкасындай таанымал улуу акын болгон.

08.01.2026

Катталуу зарыл

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.