КЫРГЫЗДАР: АЯЛЗАТКА ЫЗААТ

Тарыхый салт-нарк

КЫРГЫЗДАР: АЯЛЗАТКА ЫЗААТ

АЯЛЗАТКА ЫЗААТ

 

Умай эне. Кыргыздар Умай эне (Май эне, Бай эне) кудурети күчтүү, аялзаттын, наристенин, үйдүн колдоочусу, мол түшүмдүн жолдоочусу дешкен. Ыйык эне бөбөк төрөлгөн үйдө киндигин кесип, непада ноокастаса айттырбай өзү келип коргоп жүрөт, эмчегин берип аны ыйлатпай, кирпиктерин жөлөп, жашын алаканы менен аарчып, аны ойнотуп турат дешкен байыркылар. Кээде жоокердин колдоочусу, оттун ээси (От эне) катары байыркы СаянАлтайдагы көчмөн уруулардын көбү Умай энеге сыйынышкан, балким, бул ызаат эненин кадыры өскөн доордо пайда болгондур. Кыргыздар Умай энеге биздин доордун VI кылымында эле балбал таштан эстелик койгон: чырайлуу, бакжайган, мээрими ашкан, жылдыздуу, алпейим, элечеги керемет байбиче. Ал эми VII–VIII кылымдардагы рун сымал жазууларда Умай эненин аты эскерилет. Дагы кыргыздар Умай энени төлдүн жана түшүмдүүлүктүн Кудайы дешкен. Түшүм мол болгон жылды: «Умай эненин төшүнөн сүт агып жатат» – деп айтышкан.

 

Орто кылымдын адепки мезгилинде түрк элдери Теңирге, Жер-Сууга жана Умай энеге табынышкан, каганды Теңирге, канышасын Умай энеге окшоштурушкан. Бул VII–VIII кылымдардагы руникалык тексттерде кездешет.

 

Умай энени кыргыздар өтө урматтап алпештеген: чебер уз аялдар «Умай» энени учкан куш түрүндө саймага сайышкан.

 

Байыркылардын башчылары, айрыкча адамдар үйлөрүндө Умай эненин турпатын алтындан, күмүштөн куйдуруп же сүлдөрүн куурчак түрүндө жасатып, бекем, таза жерге сакташкан.

 

Байыркы бабалар Умай энеге көп алкыш айтышкан. Ошонун бири:

 

Кырк кыздын ичинде, Кыздан аруу Умай эне. Отуз кыздын ичинде Оттон аруу Умай эне.

 

Ай Теңири түшкөндө, Айнуру менен бир түшкөн. Күн Теңирден түшкөндө, Күн нуру менен бир түшкөн. Ак баканды байлап түшкөн, Ак түркүктү кармап түшкөн. Көрбөөчүнү көрсөтпөгүн, Үркпөөчүнү үркүтпөгүн.

 

Кыргыздар сүрү күчтүү жана акылман аялдарды, ханышаны Умай энеге теңешкен. Умай эне жөнүндө ыр менен бата кылышкан. Умай эненин мазары дешип, кээ бир булак башатына сыйынышкан. Алыска жол тарткан балдарына ата-эне: «Умай энеге аманат тапшырдым» – деп көңүлү жайланган. «Менин колум эмес, Умай эненин колу», «Умай эненин дарысы» – деп эмчи-домчу наристелерди эмдешкен.

 

Кыргыздар эрте жаздагы келгин жылкычы кучкач чымчыгын Умай эненин касиети бар деп, аны келтек, ташбараңга алдырышпайт. Аңыз боюнча эненин курсагындагы ымыркай, бул тирүүлүккө «кыз болуп келем, уул болуп барам» деген тилекти каалайт имиш. Эркек, кыз болуп төрөлүш Умай эненин колунда экен.

 

Кээ бир түрк элдеринде «Кимде ким Умай энеге жандили менен тайынса, уулду болот» дешкен. Непада наристе ээн үйдө жалгыз калса, энелери: «Умай энеге тапшырдым» – деп баласына кабатыр болгон эмес. Наристенин бетинен жылдыз жанса: «Умай эне тууду» – деп жоруп коюшчу илгеркилер. Эгинден мол түшүм алганда же мал башы көбөйгөндө «Умай эненин төшүнөн сүт акты» дешкен тоолуктар. Кыргыздар апай таш бетинен оюлган тактарды көргөндө Умай эненин жерге түшкөндөгү бутунун изи деп жорушкан. Бүбү бакшылар, эмчи-домчулар минтип учуктап дарылашкан: «Эмчилер өткөн, эми бизге калган. Домчулар өткөн, дому бизге калган. Менин колум эмес, Умай эненин колу. Ооруңду көтөрө албайт, кара жер көтөр. Кайт! Кара жерге кайт!

 

Умай энеге болгон сый-урматтан улам элибиз эзелтеден аялзатын урматтаган.

 

Кыргыз аңыздарында Умай эненин образы, баяны жөнүндө бир кыйла көркөм чыгармалар жаралган. Умай эне жөнүндөгү түшүнүк кийинчерээк да түрк элдеринин көпчүлүгүнүн мифологиясында сакталып калган.

 

Муну эсиңе тут:

Алас, алас Умай эне,

Тарак баштуу Май эне, Убай эле, куш эне.

Өзүң берген наристе, Таттуу эмчек тартып тур. Оң колтукка катып тур, Оң эмчегиң эмизип тур.

Киндик кескениң актай көр, Кирин жууганын сактай көр.

Көзү жаманга көргөзбөй жүр, Көңүлү жаманга тыңшатпай жүр. Түн уйкусун жайкап тур, Төшөнчүсүн камдап тур, Жалынганын угуп тур, Жалбарганын жалгап тур. Аргымагын байлап тур, Жебе, огун камдап тур.

08.01.2026

Катталуу зарыл

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.