КЫРГЫЗДАР: АЯЛЗАТКА ЫЗААТ
Тарыхый салт-нарк
Эгер алуучулардын шарты болбосо, ал зайыпты даарат алуучу кумганына, үйдү шыпыруучу шыпыргысына да «нике кыйган». Демек, мында зайып төркүндөрүнө кетүү тууралуу шарт коё албаган.
Балакатка жете элек кайнилерине да нике жаңырткан. Ал чоңойгондо аял кылып алууга тийиш болгон. Антиш үчүн баланы зайып чоңойткон, койнуна алып жаткан, уктап калса төшөгүнө жеткирген. Кыскасы, бул жакшы ургаачыны кетирбей алып калуунун амалы болгон.
Аялдын түрлөрү. «Аял төрт түрдүү болот, анын бири – ниети бузук аял, экинчиси – нысапсыз аял, үчүнчүсү – кесир аял, төртүнчүсү – үйдүн куту. Аял бүткөндүн эң мыктысы ошол».
Аялдарды сыпаттоо. Кыргыздар эзелтен аялзатына өтө кылдат, так баам берип, сын айткан. Алар аялзатына «Ак көрпө жайыл, Баш койкоң, Жайыл дасторкон, Ак жоолук делбир, Жабылуу кара инген, Үтөрөң тентек, Ит ыркырак, Мышык чыркырак» деп аялдарды мүнөзүнө жараша бөлгөн.
Алтын согончок, жез шыргый. Аялзатынын эң мыктысы. Көрк келбетин, шыңга боюн жез шыргыйга теңеп, кадырлап-барктап, ызаат кылышкан. Ак уул, кызыл кыздын энеси алтын согончок деп бааланган. Илгери эл эгеси ордо үйгө башы ача, асемдүү жез бакан койгон. Аны менен ак ордонун түндүгүн көтөргөн. Мунусунда да купуя маани бар. Жез шыргый үйгө көрк берип турган.
Демек, мыкты аял жез шыргыйдай үй көркү, үйүңдүн тиреги дешкени да.
Аркар эмчек, агылгөй тараз. Бала-бакыралуу болсо дагы келишимдүү тараз бою, келин сыны кетпейт. Керилген сымбатынан жазбайт. Ошондон улам мындай ургаачыны кайберендин ыйыгы аркарга теңеген. Алла Таала зайып затына бөлгөн акыл-эске да ашыгыраак эгедер болгондон улам акылгөй атанган. Адеби адам баласына жагат. Элге, тууганга мамилеси дайыма адамгерчиликтүү.
Ак көрпө жайыл. Жүрүм-туруму айыпсыз, ала жипти аттабайт. Баш кошкон эрин абдан кадырлайт.
Күйөөсүн күкүктүн баласындай багат. Өзү оор басырыктуу, келбеттүү келет. Ата салтын, каада, үрп-адатты жакшы билет. Үйүнө кадыр-барктуу коноктор көп келет. Эри дайыма зайыбы менен акылдашып иш кылат. Ошондуктан эринин иши дайыма алга жылат.
Ак жолук делбир. Ашкере чырайлуу. Жарык маңдайы, жаңырган айдай каштары, узун кирпиктүү бото көздөрү, кырдач мурду, ак жуумал жүзү, кызыл эриндери, койкойгон мойну бирине бири төп келет. Өрүлгөн узун чачы, кыргый куш мүчөсү сымбатын арттырып турат. Келбетинен кемитке таппайсың. Дайыма жарашыктуу кийинип жүрөт. Үй оокаты тың, бүйрө.
Жайыл дасторкон. Колу ачык, пейили кенен, бардар. Ушунусу менен элге жагат. Казаны оттон түшпөйт. Дасторкону дайыма жайылуу, аштамагы жайнап турганы турган. Келим-кетими көп. Саймачы, оймочу да. Ушакайыңга кызыкпайт. Абысындары урматташат.
Жабылуу кара инген. Көп сүйлөбөйт, кишиге катуу айтпайт. Арбын убактысын үй-тиричилиги менен алпурушуп өткөрөт. Бала-бакыралуу, карапайым келет. Текебер, кесир дегенди билбейт. Элге да, эрге да бирдей мамиледе болот. Эрдин табылгасына көтөрүлбөйт. Бар болсо мактанбайт, жок болсо чүнчүбөйт. Кенен оокатка да, тартышка да бүйрө. Ийнеси баш болгон бактылууга жолугат.
Баш койкоң. Койкоңдоп эл бийлөөгө катышат. Өңдүүтүстүү келет. Тил табышып сүйлөшө билгенге кыйын. Кыял-жоругу, жүрүм-туруму эркек мүнөздүү. Эрин да, үй-бүлөсүн да теске салып башкарат.
Дүнүкөй тоту. Табылгынын зайыбы. Илгеркилер чүпүрөк зайып да дешкен. Эски-уску, керексиз чүпүрөксапыракты дүнүйө көрөт. Аларды көзү кыйбайт. Ал эми табылгынын зайыбы дегени, эрдин колунан бак-дөөлөт тайыса жүдөп калат. «Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт» деген. Ошол төө мингендин гана зайыбы. Жөө жүргөнгө – жүк!
Дүр кабак чабдар. Дайыма кабагы бүркөө, урушка жакын. Дитине бирдеме жакпаса итатайы тутулат, кайырын чайыр кылат. Эрдин да, бала-бакыранын да сазайын берет. «Кыялыңа өз атаң, тууган энең гана чыдабаса» – деп айтайын десең, ак уул, кызыл кызды төрөп койгон. Уулкызы чоңоюп, энесин кой дегиче, кайран эри карып калат.