КУРМАНБЕК

ЭПОС

КУРМАНБЕК

Калбасын менде арманы.

Ар душмандан куткарган,

Туулган тунук тулпардан,

Ажыраткан мал эле,

Ар убакта муңдардан,

Канаттуу кара кас тулпар,

Өмүрүмө чоң жардам,

Кара каз тулпар минейин,

Жалама соотту киейин,

Жалгыз келген баланы,

Чымырканып качырып,

Чындап найза салайын,

Байкайынчы ошонун,

Баатырлык, бакты, таалайын!

Түшүрө сайса түбөлүк,

Түгөй кылып алайын.

Калың ооган ойлочу,

Каралашар кара жок,

Канышай эркек болбоду,

Андан башка бала жок,

Камаласа душманым,

Карып кетип баратам,

Каруулашар чама жок.

Калмак да келет аралап,

Калкым четиң таланат,

Касташкан душман менде көп,

Хандыгым түбү аманат. 

Туш-тушумдан баары жоо,

Түбүндө калбайм саламат.

Кытай да келет кырданып,

Кызыгышып чыңданып,

Намысымдан туралбай,

Найзалашам мен барып.

Карылыгым курусун,

Жашымда жүрдүм шаңданып.

Байкап турат Парансоз

Ошолордун баарысы,

Бизден кыйын өнөрпоз!.,

Өзүмө жардам берүүгө

Табалбадым эч бир дос.

Душмандардан сактаныш,

Ар убак менин оюмда,

Оокат кылып турабыз

Үч арал Үргөнч боюнда!

Чоң душмандык дагы бар

Бухарлыктын оюнда.

Эл-журт үчүн эс алып,

Эки күн тынчып жатпаган,

Эч душманга алдырбай

Элин аман сактаган,

Баатыр элем жашымда,

Багынтып душман батпаган.

Убадалуу шертим бар,

Жыгылсам берем кызымды,

Күйөө кылып алмакка,

Кадыры өткөн бала экен,

Кашкарлык менен калмакка.

Курманбекти колго алып,

Сыйынамын арбакка.

Кокусунан жыгылсам,

Качырып кирип барбаңар.

Кастык кылбай балага,

Казкара качса кармаңар.

Каарына тийсең баланын,

Табылбайт түбү аргаңар.

Сайышамын армансыз,

Жалгыз бала, жалгыз мен.

Жолобогун эч бирөөң,

Тилек менен туш келген,

Бала да болсо багы бар

Бактысына ишенген.

Арага Зайыр келгенде,

Ар кайсыдан бирди айттым,

Баатырлыгын билмекке,

Баштан аяк чырды айттым.

Эми элим силерге

Ички пикир сырды айттым.

 

Бакбурхан сөзүн бүтүрүп, Бас дөбөнүн белинде күтүнүп туу жайылтып, ат ойнотуп турган бала баатыр Курманбекти качырып калган жери:

 

- Казкара тулпар ат минип,

Кабаттап темир соот кийип.

Качырды Бакбур баланы,

Ат куйругун шарт түйүп..,

Найзасынын учунан

Жалындаган от күйүп..,

Бала баатыр жөнөдү

Бакбурханды качырып,

Теке жоомарт Телтору ат,

Коёндой кулак жапырып,

 -Албан түрдүү жүгүргөн

Арандай оозу ачылып,

Жан жанына жаркырап,

Ак көбүгү чачылып

Туяктары тийген жер

Кемегедей оюлуп,

Чымдуу жерлер чытырап,

Чыдай албай союлуп;

Сайышка көнгөн аттары

Бир бирине боюшуп.;

Бириники Телтору ат,

Бириники Казкара 

Бири кары Бакбурхан

Эр Курманбек жаш бала!

Сайышкан жери ылайык

Бас дөбөнүн боз талаа.

Кыраан баатыр Курманбек,

Кыргыздап ураан чакырды,

Сол мүрүдөн солдойтуп,

Сайып өттү Бакбурду,

Беттешкенде кулатты,

Менменсинген баатырды.

Эки имерип беттешпей,

Жыгылды Бакбур куланып,

Көкөлөттү Курманбек,

Күүсүнө күчү уланып...

Зайырбек менен кырк жигит

Жайнап чыкты кубанып...

Жандай түшүп Курманбек

Казкараны кармады,

Баш көтөрүп Бакбурхан

Ордунан тура калганы!

Колтуктап атка мингизип,

Убада шерти чын болсо,

Кайнатам деп арнады.

Бакбурхан айтты арманды.

- Карылык басып этимди,

Кал басып нурлуу бетимди,

Бир беттешип жыгылган

Карылыгым шекилди!..

Найзага илип кетчү элем,

Ушундай эчен жетимди.

Жоголупсуң зардабым,

Билиндиң го карганым.

Кезенишкен душманга

Келбейсиң го дарманым.

Өткүр кайрат, өкүм күч,

Ушулбу өксүп калганың!..

Чакырып алды кол булгап,

Арачысы Зайырды,

Көрсөтүп турат Бакбурхан,

Туу жайылып түнөргөн

Төтөгөлүү айылды.

 Курманбекке кут кылсын,

Канышай жалгыз баламды,

Аман болсо Курманбек

Болду го мага каралды.

Ойдогу тилек туш болуп,

Эми бастым санаамды.

Эр кадырын эр билет,

Эрдигин билдим белгилеп.

Отуз келин, отуз кыз

Алдынан тоссун делбиреп...

Бактыбызга ылайык,

Баатыр жездем келди деп...

Отуз келин, отуз кыз,

Жиберип алдын тосомун,

Эр Курманбек баатырга,

Канышайды кошомун...

Бактысына туш кылды,

Жалгызымдын кошогун.

20.02.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.