КУРМАНБЕК

ЭПОС

КУРМАНБЕК

Улугум Бакбур сөзүмдү,

Урмат кылсаң угуптур.

Курманбектин келгени,

Айта турган ички сыр,

Кудалашып тынч алып

Кубанышып курчалып,

Сөөктөшүп тынч алып,

Сүйүнүшүп курчалып.

Арка бериш жер алып,

Арадан эчен эл алып,

Аралашып жатсак деп,

Анык курбуң Тейитбек

Айттырганы ушул кеп.

Хан кадырын хан билет,

Кадырлашса бак кирет.

Бек кадырын бек билет,

Тектиги мендей деп билет.

Сөөктөшүп сүйүнсө

Эки тилек биригет.

Курбалдашың Тейитхан

Көрүп кел деп силерди,

Бала баатыр Курманбек

Уулун кошуп жиберди.

Араласа Курманбек

Айынбай сайган миң эрди.

Кыраан баатыр Курманбек,

Кырк жигити кашында,

Бала баатыр атанып

Бактылуу болду жашында,

Сынганы жок душмандан,

Сыймыгы бар башында.

Береним Бакбур сөзүмдү ук

Мен да увазир бир ханга.

Сен да ойлоп шүкүр кыл,

Хан кадырлап турганга.

Элиңдин артык жыргалы,

Каркылдап өзүң турганда,

Кыз алышып, кыз берген 

Кудалыкка кандайсың?

Ызаатташып өтүүгө.

Тууралыкка кандайсың?

Туйгун төрөм Бакбурхан

Кайсынысын тандайсың?

Кудалыкка биз келип,

Кол куушуруп турубуз,

Ырааксынып койбосоң,

Ылайыкко мунубуз?

Курманбек болот уулуңуз!..

 

Бакбурхан кыр көрсөтүп, Зайырбекти карап, көзүнөн чаарын чыгарып, кыпкызыл жүзү кубарып, бетинен түгү чыгып сурданып айтып турганы:

 

- Алыстан келген арачым,

Абыдан уктум кебиңди,

Алтымыш адыр Үргөнчтөн,

Араң өттүк дедиңби...

Алары сулуу кыз болсо,

Алып келгин бегиңди!

Артык мактап жибердиң,

Кыргыз, кыпчак элиңди.

Атайы келсең Бакбурдун

Алы кайсы дедиңби?

Өрт өчкөндөй басайын,

Өрөпкүгөн демиңди!

Үч арал Үргөнч дайрадан,

Кечкен эр кечип өтүшчү,

Келерге жолу бекүчү!

Жалтанып келип Бакбурдан

Анан жаралуу болуп кетүүчү!

Кээде бирөө маңдайдан

Кайта кетчү кече албай,

Түрүлүп аккан Үргөнчкө

Титинип  киймин чече албай;

Тим эле кете берүүчү,

Тилегине жеталбай.

Үргөнчтөн эптеп кечипсиң,

Үч аралдан тепчипсиң.

Бу сөзүңө карасам,

Тирүулөй жандан шекипсиң!

Муштумдай болгон баланы

Сен ажал айдап ээрчипсиң.

Айдап келген малың жок

Кудалашар алың жок,

Артынып келген булуң жок,

Алып келген кулуң жок

Ажал айдап келиптир,

Алда кандай мүнөзүң,

Сени өлтүрүп койсом кунуң жок!

Баатыр болсо Курманбек

Бастырып келсин көрөмүн

Мактанасың Зайырбек

Байкайынчы өнөрүн!

Баатырсыган балаңдын,

Баш кесип, канын төгөмүн.

Кылычын алсын кабынан,

Айбалта алсын сабынан,

Кантип коркот Бакбурхан

Найзасынын табынан

Сайып жыгып балаңдын,

Бир ууртайын канынан.

Оолугуп келген бир балаң,

Үмүтүн үзсүн жанынан!..

Сайдырып койсом ошого,

Бала да болсо багынам!..

Тирүү калсам жыгылып,

Түшүп берем тагыман.

Жарганаттай бир бала

Жаштык кылып шашпасын,

Жайымды айтып коеюн,

Сайышты мурун баштасын,

Алы келсе аябай,

Аңтара салып таштасын!

Көсөм болсо Курманбек

Таамай сайсын аянбай,

Заарын салсын эр болсо,

Жылаан, бөйөн чаяндай,

Өмүрүмчө эр сайдым,

Жыгылып жерди таянбай.

Баатыр коюп алыпсың,

Бабыраган баланы.

Бастырып келген чунагың,

Бакбурду сайып алабы?

Ушунча журттун баарысы,

Улуксуз жесир калабы?

«Ардактанып» - мактайсың,

Алмадай болгон баланы

Алыстан келген бир чунак

Анык сайып алабы?

Оогандын эли түңүлүп

Атасыз жетим калабы?

Аянса алсын энеси,

Айта чыксын керээзин,

Арачы болбой аңга түш,

Акылсыз кандай эмесиң!

Алп беттеше тургансып,

Атайлап кабар бересиң.

Каны суюк жаш бала,

 Каада билбес мас бала.

Калмакка чабуул салды деп,

Канынан алым алды деп,

Айдап келди коротпой,

Алымга алган малды деп,

Жакын айыл Кашкардан,

Жайын уккан болчумун,

Жарганаттай балаңды,

Дайын уккан болчумун.

Жайын өзүм табайын

Жолоочу келген жолчунун,

Оогандын элин Курманбек

Калмактардай ойлойбу,

Күрпүлдөгөн чунагың

Көпкөндүгүн койбойбу?

Кырк  уурусун эрчитип,

Кыйрынан мени кемсинтип,

Береги кыпчактын уулу жолойбу

Кылчайып кытай батпаган,

-Ангилис мылтык атпаган. 

Оогандын ханы мен элем,

Ошентип элин сактаган...

Бакбурдай баатыр чыкпайт деп,

20.02.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.