ЗАХИРЕДДИН МУХАММЕД БАБУР

Рубаилер

ЗАХИРЕДДИН МУХАММЕД БАБУР

Туу тутуп келем, кара көз, сенин атыңы,

Түгөнсүн мейли жашоомун таттуу

татымы.

Кол сунуп жетпей көз жумса Бабур

капыстан,

Жүрөктө кетер ысымың бирге катылып.

Улантып кайгы жүрөктү жара тилишин,

Азаптуу башым көмүлүп жерде чирисе.

Жанаша чыгат эки гүл мүрзөм үстүндө,

Мен болсом бири, дал ошол гүлдүн

бири сен.

Кайдан деп болбойт өчүргөн айды

алаамат,

Жаныбыз биздин күнүмдүк берген

аманат.

Тебелейм жерди аман-соо жүргөн

кезимде,

Тилеймин дайым болсо деп сени

саламат.

Кыялап учкан кыялдын сенсиң паанасы,

Көксөөсү канбас рухтун сенсиң

каалоосу.

Көңүлүн күүлөп, эргитип турган

Бабурду,

Жакыны сенсиң, жамалы жанган

даанасы.

Эй гүлүм, сен деп кош көзүм талып

карыгып,

Жообуңду күтүп, жолуңду тостум

зарыгып.

Кубаныч менен өткөргөн күндү унуттум,

Чырмалып мага жүз мээнет, азап табы

уруп

Кылыктан мейли, дагы да сабыр

кылайын,

Мээримиң болсо, келерсиң Күндөй

кылайып.

Өмүрүм бүтүп, көмүлүп калсам эгер

мен,

Басып өт башым, басыгың таанып

угайын.

Басынтпайт адам, кайгыдан бирөө

соолуса,

Алыстайт шаттык көңүлдү мээнет

тооруса.

Жалгыздык бийлеп, көңүлүм чөгөт

өзгөчө,

Кубансын кантип азаптан жүрөк ооруса.

Болсо да бийик көңүлдүн сүйгөн

мураты,

Алууга жетер аракет кылсаң кубатың.

Кол шилтеп кокус, эркиңден сүрүп

салбасаң,

Капыстан келип жыкпаса ажал сулатып.

Керимсел беле эргиткен сылап өткөндө,

Күнбү же күлкүң саматкан табын

көктөмдө.

Сары оору кылган кайгысы болбой

Бабурдун,

Көрүнсөң боло бук болгон сырын

төккөнгө.

Жүрүшүң укмуш элире баскан

маралдай,

Шыңга бой, мүчөң жарашып кайдан

жаралган.

Таажылуу башым, жанымды курман

кылайын,

Калтыра көрбө зарлатып алыс аларга.

Кол курап түмөн жол тартып Кабул

тарапка,

Дүйнө мүлк үчүн талкалап шаарды

караткан.

Сараңсың дебе, байлыктын жүзү

курусун,

Дары издеп келем бүтпөгөн карттуу

жаратка.

Шарапсыз масмын маңдайда жанып

элесиң,

Куйкалап турса жалбырттап баатыр

денесин.

Тынч албай көңүл толгонуп тогуз түр

менен,

Кол сунсам жеткис сен болдуң бийик

белесим.

Ашыктык дарты чырмооктой ороп

акылым,

Бушайман кылып көңүлдүн берди

катыгын.

Маң болуп Бабур эч даба таппай

илдетке,

Кайраты качып, жашыды нечен, а түгүл.

Элине каалап бейпилдик турмуш

жагымдуу,

Кылайын тартуу таажымды дагы,

тагымды.

Чарыктай айланат, Теңирдин берген

белеги —

Байланып сага түн түшүп турган

багымды.

Садага кылам жыйнаган, тапкан

байлыгым,

Кусалык менен откоргон күнүм, айжылым.

Төп келип калса көңүлгө берген

белегим,

Жакшы жооп менен өчүргүн отун

кайгынын.

Жаңыртпай улам күйүттөн бүткөн

картымды,

Дабаасы болуп өзөктө күйгөн

дартымдын.

Алымды сурап, айланып чыкпай

жанымдан,

Жарк этип жайнап жазасың качан

жарпымды.

Жете албай зарлап, атыңды атап ак

урган,

Сырдашы болуп, колуңду берсең

Бабурга.

Сыздаган жүрөк арылып муңдан,

кайгыдан,

Кан жүрөөр кайра санаадан каткан

тамырга.

Какталып жаным чогуна кызыл

эриндин,

Адашып акыл унуттум эмне дээримди.

Ажырап эрктен, ышкымды бийлеп

кусалык,

Кейитип барат махабат оору зээнимди.

Жарытып сенден уга албай жакшы

кабарды,

Түнөрдүм түндөй, таң болуп эчен

агардым.

Ачык айт жообун, муңканып жүрүп

өтөмбү,

Алдыда барбы жан эргип кумар канар

күн.

Байырлап келдим чоң үмүт менен

жергени,

Жашырбай жүзүн, көңүлдүн болгун

эрмеги.

Жандырсаң жарык таалайга бүткөн

жылдызды,

Чачылсын элге баатырдын жыйгантергени.

Бошото турган чырмаган азап торунан,

Куш кабар жөнөт чыгайын мээнет

орунан.

Жарк этип күнүм, ачылсын көзүм

умачтай,

Жеңилдеп жанып тургандай жаңы

оорудан.

Дарысы сенсиң ок жесе денем көзөлүп,

Шыпаасы сенсиң өрттөнсө көңүл өзөгү.

Мартабам өсүп, сый-урмат көрсөм

бирөөдөн,

Ойлонбой дале себебин сен деп

сеземин.

Дартсыздар билбейт, түшүнбөйт менин

алымды,

Турпакча көрбөй рухта күйгөн

жалынды.

Түшпөсө башка сезишсин кантип ар бир

жан,

Махабат бийлеп, алоолоп турган

чагымды.

Мүңкүрөп байкуш жүгүнүп келсе

астына,

Кайрымсыз болсо душмандын көөнүн

мас кылат.

Кайгылуу калкты тебелеп көккө жетсе

да,

Карөзгөй жанды кара жер акыр пас

кылат.

Көңүлдөн чыкпай, бийлеген менин

30.12.2025

Катталуу зарыл

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.