Кобо АБЭ

Колдор

Кобо АБЭ

Бир күнү каргашалуу согуш да бүттү, көгүчкөндөр кептерканада кала бердик, бизден кабар алган эч ким жок. Жем бергени бизди ар күнү ышкырып чакырып, кептеркананын астына күндө жаңылап саман төшөп, чөйчөктөгү сууну күндө алмаштырып турчу адам жылан жалмап кеткенсип жоголор замат кептеркананын куту кете баштады. Ошондон тарта мен жем-сууну өзүм тапканды үйрөндүм, өзүмө жан шерик таптым, куту учкан жашоом бир аз калыбына келе түшкөнсүдү. Баягы  туптунук көк асманга суктанып, тылдагы жолдошторум менен бирге кат жеткирип баратканда канат күүлөп сызганыма маашырланып, бирде тез, бирде жай аккан мезгил менен жарышып жүргөн жашоомо кайра кайтып келгенсидим.

Адам колу тийбей калгандан кийинки кептеркананын абалы тууралуу айта турган болсом, кептеркана күндөн-күнгө урай баштады, жапайы маймылдардын утурумдук баш калкалаган жайына айланып, тентек балдар тосмосун сындырып, бир кезде тылда кызмат кылган кептер жолдошторумдун саны уламдан-улам азая берди. Албетте, арасында жем издеп башка жактарга учуп кетишип, ал жактан өзүнө ыңгайлуу жай таап алгандары да болду, бирок кандай болгон күндө да алардын саны барган сайын эмнегедир азая берди.

Бир жолу, көптөгөн айлар өткөн соң көгүчкөндөрдү караган жоокер капыстан кайрадан пайда болду. Ошол күндөн тарта ал менин тагдырымды чечкен Колдорго айланды. Колдор баягы эле аскер кийимчен, бирок далыда погону, белинде кайыш куру байкалбайт, аскер кийими бырышып эскире түшүптүр. Башында баягы чыкыйып кийген фуражкасы жок, чачтары мурдагыдай майлап таралбаган, өскүлөң чачы кирдеп кетиптир. Колдор мени майин-жумшак, ошол эле учурда кандайдыр бир сырды ичине катып тургансып тиктеди… Күтүлбөгөн кездешүүдөн башым тумандап, Колдордун далысына кандайча учуп барып конгонумду билбейм, анын далысына конор замат эски кусалыгым жан-дүйнөмдү өрдөп кеткенсиди. Колдор мени акырын артымдан кармады. Андан соң эмне кылары эсиме кылт этти: кутуга салып, мени бир жактарга алып жөнөр эле. Колдор мени кутуга салып, азыр да кайдадыр кетип баратты.

Барган жерим көчмө театр болуп чыкты. Ал жерде мени цилиндр формасындагы кутучадан коё беришет, кутучадан учуп чыгам да, каалаган жагымда каңгып учуп, кайрадан кептерканага кайрылып келем. Ал жерде мени элден мурун Колдор күтүп турган болот, аткарган кызматым үчүн Колдор мага төө буурчак берет. Өтө деле жаман жумуш эмес, эптеп иштеп турса болчудай. Ошондон бери бул жумуш менин ар күнкү сабагыма айланды. Колдор менин артым менен ушинтип нан таап жеп жүрдү, өзүмө байкалбаганы менен менде мындан жаңы адаттар калыптанды.

Бирок бул бакытым да мен ойлогондой көпкө созулган жок. Бир жолу жазында көчмө театрдын иши токтоп калды. Чакчайып тийген күнгө күнөөстөп олтурганымда, маңдайымда бир чоочун эркек пайда болду. Мен учуп кетмекчи болгонумда, өзүн аярлай кармаган чоочун алдыга бир кадам гана таштады да, жанатан бери мүрүсүндө илинип турган баштыгын колуна жаздап, мени көз кыйыгынан утур уурдана тиктеп кагазга калем менен бирдемелерди чиймелеп баштады. Анчалык деле коркунучту сезбеген жаным чакчайып тийген күнгө үргүлөп тура бердим. Бир маалда Колдор келди да, чоочун менен саламдашты. Чоочун эркектин элпек кыймылына байкоо салып турган Колдор үн катты:

– Сонун тартат экенсиң! Кандай сулуу көгүчкөн. Бул көгүчкөн – менин сыймыгым. Согуштагы каармандыгы үчүн Баатыр ордени менен сыйланган.

Чоочун эркек ишин тык токтотуп, андан сурады:

– Демек, согушта кат ташып иштеген экен да, туурабы?

– Ооба, кийин көчмө театрда көгүчкөнүм экөөбүз фокус көрсөтүп нан таап жүрдүк, кара басып көчмө театр кокустан өрттөнүп кетпедиби, иттики десе…

– Ха-ха-хаа… Кебетесин карасаң, ары сүйкүмдүү, ары күлкүлүү, – чоочун эркек жылмайып жооп берди.

– Кийин бул тарткан сүрөткө карап мунун айкелин жасайсыңбы? – деп Колдор сурады.

көө бир топко дейре унчукпай калышты. Чоочун эркек ишин улантып, Колдор анын элпек кыймылын байкап олтурду.

– Кыймылдабай, тынч олтур, – деди бир маалда чоочун эркек.

– Жаны болгон соң, кыймылдайт да, – деди Колдор.

24.12.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.