Лу Шүн (Лу Цинь)

Эстен кеткис элестер

Лу Шүн (Лу Цинь)

 

Лу Шүн 1918-жылдан башталган «кытай адабиятындагы революцияга» катышып, «Жаңы жаштык» аталган журналга Лу Шүн деген псевдоним (өз энесинин фамилясы) менен чыгармаларын жарыялай баштаган.
Лу Шүнгө натуралисттик-импрессионисттик сатира таандык. Анын «А-кьюнун чыныгы тарыхы» (А Qжынжуань, Q), чыгармасы – ханзу элинин жан-дүйнөсүн чагылдырган, ХХ кылымдагы дүйнөлүк адабиятта жеткен бийиктиктердин бири эсептелет. Жөнөкөй адамдын тагдырга баш ийген момундугу, «жогоркулардын» интригасы, бийликтин элге текебер мамиле жасаган саясаты, алардын мыкаачылыгы, куулугу чынчыл сүрөттөлгөн. Синологдор «А-кьюнун» облиги аркылуу Лу Шүн окурмандарына өзүнүн жан сырын айткан дешет.

11.06.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.