Махмуд Кашгари

Дивану лугати т-түрк

Махмуд Кашгари

Махмуд Ибн Хусейин Кашкари

«Дивандагы» ыр түрмөктөрүнөн

 

Көрктүү тонун өзүнө,

Таттуу ашын өзгөчө.

Конокко көргөз ызаат,

Даңкыңды жайсын узакка.

Кетти көзүмдүн нуру,

Аны менен денемдин руху.

Кайда экен (сүйгөнүм)

Кечелери жок уйку.

Алгын, уулум, менден кеңеш, мыкты сапат ал,

Мында улуу аалым болуп, илимиңди жай.

Сүйүү дарты койбоду,

Сагыныч да кыйнады.

Көңүлүм ага тойбоду,

Жүзүм менин саргараар.

Эдил суусу агып жатат,

Аска түбүн барып урат.

Астында бака, балык жатат,

Көлдүн түбүн толтуруп,

Кыш азыгын даярда,

Берекелүү жай келгенде.

Билинбей өтөр ай-жыл,

Күн, түн өтүшү менен бирге.

Келсе эгер үйүңө азган карып мейман,

Бар нерсеңди кой алдына болгун мээрман.

Идишке шарап толтурулсун,

Көз сыяктуу түбү толсун.

Кайгыны көмөлүк өлсүн,

Күн-түн ойноп күлөлүк.

Сараң үй ээси мейманын ууру тутар,

Бергенин милдет кылып жүзгө ураар.

Бузулду бул замандар,

Күч алды көп жамандар.

Азайып билимдүү адамдар,

Илим, билим жоголду.

Коңшу-колоң, тууган-урук,

Көрсүн сенден жакшылык.

Не-не белек тартуула,

Жакшырагын кыл артык.

Үч ирет илип куунайлык,

Секирип, секирип ойнойлук.

Арстан сымал уулайлык,

Кетсин кайгы жыргайлык.

Аманат алып бербеди,

Ушул өнөрүн койбоду.

Дос жолунда турбады,

Өч алыштан ал коркот.

Кызыл-сары жандашып,

Ала-жашыл жармашып.

Бир-бирине чырмалып,

Инсан ага таң калар.

Каалаганда кууп барып,

Кармар элем топту жарып.

Туткун кылып башын жарып,

Көп мал берип жан сактады.

Түн ичинде бастык биз,

Ар тараптан кыстык биз.

Ат жалдарын кырктык биз,

Миңдегенин астык биз.

Мурун неге жалынбадың,

Күнөөңдү эми ким кечет.

Куралданып аттандың,

Каныңды эми эр ичет.

Ук, эне-атаны,

Сөздөрүн кадырла.

Мал-мүлкүң көбөйсө,

Бой көтөрүп кутурба.

Душман жолун торойлук,

Аттан түшүп оройлук.

Арстан сымак турайлык,

Жоонун күчү бошошкон.

Сук адамдар мал-мүлккө умтулар,

Өлүмтүккө ташталгандай кузгундар.

Оболу туткун кылбаңыз,

Кийин таштап койбоңуз.

Көз жаштарым чын деңиз,

Айланасында куш учар.

Эрге ашын таттырган,

Жоонун мизин кайтарган.

Тутуп мойнун кайрыган,

Басты ажал аңтарып.

Жамгыр жаап басылды,

Түрдүү гүлдөр ачылды.

Бермет бүрлөр жазылды,

Чын атыр жыт буркурайт.

Үйрөн анын билимин,

Баргын сен да ал сындуу,

Куттуу ишке урушуп,

Бой көтөрүүнү нары куу.

Күчтөндү билегим,

Аткарылды тилегим.

Көбөйдү билимим,

Бирок өмүр түгөнөр.

Такыр айтпа суук сөз,

Кара ниет, жүзсүз сараңга,

Жагымдуу, ак көңүл бол,

Калсын атың көп жылга.

Ысык күн нуру каптады,

Дос жамандык каалады.

Иртыш суусу ташыды,

Элдер андан коркушат.

Издеп аны көпкө жүрдүм,

Чарчаганга өтө куудум.

Атым менен айланып турдум,

Мени көрүп эси ооду.

Көз жаштарым булак болуп,

Ойнойт анда каз-өрдөк.

Кучагында жатып тигиле жүзүнө,

Акыл-эстен танар анын сөзүнө.

Миң киши ашык болуп өзүнө,

Курмандыкка чалар өзүн көзүнө.

Жигиттерди иштетип,

Бак мөмөсүн таштатып,

Майрам кылып жыргайлык.

Келсе бирөөлөр Жоктошуп,

Бергин жакшы тамак-нан.

Каргап кетер меймандар,

Күтөр болсоң ар жаман.

Булут, чагылган өтмөктө,

Жамгыр, мөндүр жаамакта,

Шамал аны куумакта,

Созулар канча белгисиз

Түрк аялдын алдына,

Жеткир менден ыр.

Кызматыңызга жарары,

Чын деп кабар бер.

Аябагандай ачка болгон карга музду бузар,

Көңүл бурбай тузакты көздөй тумшук созор.

Теңир аалам жаратты,

Асман дайым айланар.

Күн ордуну түн басар,

Жылдыздары шайланар.

Мейман келсе төргө өткөр,

Дем алып тынч болсун.

Аты дагы жарыкта,

Арпа, саманга толсун.

Дүйнө күнүн төмөндөтөр,

Эрдин күчүн алсыратар.

Элден эрди четтетер,

Качкан менен ким калар.

Жолдошуңду урмат кыл,

Башкаларга жүздөнбө.

Багалбастан тоокту,

Куш багам деп сүйлөбө.

Сыйкырдуулар көзү,

Мусапырдай өзү.

Толгон айдай жүзү,

Жаралады дилимди.

Куш аң көрсө, бийиктиктен төмөн түшөр,

Аалым киши насаат айтса, дароо жетер.

Мал жыйышты сел алуу деп эсепте,

Мал ээсин таш сыяктуу томолотор.

Жарык жылдыз тараганда,

Мен ойгонуп караймьга.

Таттуу үнүн таңшытканда,

Куш сайрашын тыңдаймын.

Бардык мүлкүн сүйөсүң,

Ага азыраак сүйүнгүн.

Кеткен малга ачынба,

Ага азыраак күйүнгүн.

30.12.2025

Катталуу зарыл

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.