Махмуд Кашгари

Дивану лугати т-түрк

Махмуд Кашгари

Төрөлгөн зат дүйнөдө түбөлүк калбас,

Бир гана аалам, жылдыз, ай-күн дайым чыгар.

Мени менен кеңешти,

Ою мага теңешти.

Эрлер менен теңдешти,

Алптар башын ал кесер.

 

Которгондор Н. Батыров, Ж.Шериев.

 

Табият жөнүндө

Жер жибип, кар, муз эриди,

Тоо суулары ага баштады.

Көгүлтүр булут көтөрүлүп,

Көк асманда кайыктай сүздү.

Булуттар ойной баштады,

Шаркыраган сел акты.

Журт бүгүн бир абдырап,

Чагылган ойноп, күн күркүрөгү угулду

Колот-сайга суу толду,

Тоолор башын закым чалды.

Бак-дарактар жаанга жуунуп,

Ажайып кооздук нурланды.

Түрлүү түстө каз-катар,

Байчечекей жайнады.

Узак мезгил тумчуккан,

Гүлдөр чыкты жер жарып.

Оюн салып көктөмдө,

Аркар, кийик дүүлүктү.

Топ-топ болуп жайлоодо,

Оюн салып күйүктү.

Таштан ташка урунуп,

Эдил суусу күүлөндү.

Пайда болуп көлмөлөр,

Балык, бака көбөйдү.

Кыш менен жаздын талашы

Кыш менен жаз тогошту,

Кыйыр көз менен карашты.

Бирин бири жеңе албай,

Эрегишип тирешти.

Жаз айтат:

Жан-жаныбар баарысын,

Семиртем деп кыш айтат.

Менден адам күч алып,

Оору-сыркоо азаят.

Кыш айтат:

Кышта гана кар жаайт,

Аштык, таруу тамырлайт.

Жоолашкандар кышта элдешип,

Сен келгенде тебишет.

Бөйөн-чаян, чымындар,

Көзгө суук жыландар.

Сен келгенде жерди каптап,

Туш-туш жактан ызылдашаар.

Жаз менен кыш жоолашып,

Артыкчылыктарын айтышты.

Атышчуудай жаалданып,

Аянбастан тартышты.

Жаз айтат:

Жаз келгенде жылкылар,

Жерден оттоп эттенет.

Бектер семиз ат минип,

Сүйүнүп куушуп ойношот.

Аңчылык ырлары

Үч мертеден шарап ичип,

Ойноп-күлүп бийлейлик.

Арыстандай айбат кирип,

Санаа жогун билдирелик.

Жигиттерди иштетели,

Дарак силкип жемиш терсин.

Андан кийин кулан куусун,

Кубанычтуу күндөр өтсүн.

Куш агытып, тайган салып,

Жаштар кетсин алдыга.

Түлкү, доңуз айдап берип,

Кумардан бир каналык.

Жаштар атын туйлатсын,

Азоолорун үйрөтсүн.

Итке кийик алдырсын,

Үмтөтөлү соогатын.

Эрдикти мактоо

Жакындаган жоону көрдүм,

Айгай салып кол жыйнадым.

Мени көрүп баштап чыккан,

Баатырлары абдырашты.

Керней тартып бапылдатып,

Айгайлашып ат коюшту.

Бирок туруштук бере албастан,

Тоону беттеп кайра качты.

Баатырлары мага келип,

Башын ийип тизе бүктү.

Өкүнгөнүн билдиришип,

Чабуулду токтот деп жалбарышты.

Чабуулумду улантмакмын,

Туткун кылып баш алмакмын.

Бирок мага тартуу берип,

Жан соогалап башын ийди.

Азат кылып башын анын,

Туткун кылбай бошоттум.

Тартууларын алып келген,

Дал өзүнө ташыттым.

 

Турмуштук-салт ырлары

 

Алп Эр Тоңа өлдүбү,

Ээсиз дүйнө калдыбы.

Эл кайгырат мүңкүрөп,

Замана өчүн алдыбы.

Ал душман отун өчүргөн,

Аскер ишин нак билген.

Көптү баштан кечирген,

Замана огу тийдиби.

Тер төгүлтүп аттардан,

Бектер келди шашылыш.

Кайгы менен күйүттөн,

Өңдөрү кеткен саргайып.

Көк бөрүдөй улушту,

Жакаларын тытышты.

Жашка толуп көздөрү,

Боздой берип тоо болду

Макал- ылакаптар

Баатыр майданда, аалым аңгемеде

сыналар.

Күздүн келери жаздан белгилүү

болор.

Кут белгиси — билим.

Адептүүлүктүн башаты — тил.

Арыстан картайса чычкан ийнин

күзөтөр.

Кылыктана билсе кызыл киер.

Жагына билсе жашыл киер.

От түтүнсүз болбойт,

Жигит жазыксыз болбойт.

Куш канаты, эр аты менен.

Жаза атпаган мерген,

Жаңылбаган жаак болбойт.

Бөрксүз баш болбойт,

Башчысыз түрк болбойт.

Курук кошок оозго жакпайт,

Курук сөз кулакка жакпайт.

Бычак канчалык курч болсо да,

Өз сабын кеспейт.

Адам аласы ичинде,

Жылкы аласы сыртында.

Которгон Ысмайыл Кадыров

 

30.12.2025

Катталуу зарыл

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.