Рюноскэ Акутагава
АЙНЫГАН АДАМ ТУРМУШУ
ТУКУМ
Ал ак халат кийген акушер аял жаңы төрөлгөн наристени кандайча киринтип жатканы обочорооктон карап турду. Самын көзүнө кирген сайын, наристе бетин бырыштыра башын чулгай калып, айгай сала ыңаалайт. Наристении майын жытын сезер менен ал: «Бул бечара кайсы ырысына туулду? Кертириликтин көйгөйүнө жык толгон жарык дүйнөнүн эмнесин жактырды? Тагдыр эмне үчүн мага окшогон шоркелдей атаны мунун маңдайына жазды?» деген күйүттүү ойлорго куүйүгө, беймазага батып, бейамал турду.
Дүйнөгө жаңы келген наристе анын тун уулу эле.
СТРИНДБЕРГ
Гүлдөгөн анарлардын арасында ай жарыгына салып мацзян ойноп отурушкан кебетелери жагымсыз кытайларды босогодон карап турду. Бир оокумдан соң, бөлмөсүнө кайтып келди да, түңкү шамды жандырып, «Аңкоонун керээзин» окууга ынтааланды. Китептин экинчи барагын толук окуп бүтпөй жатып, ууртуна капалуу жылмаюу конду. Себеби, Стринбергдин графиняга - көңүлдөш ойношуна кызылдай калпты ышкыртып жазганы өзүнүн өгүнкү калпынан эч айырмасыз экенин баамдаган эле.
КИШИ ӨЛТҮРГҮЧ
Кыялап отуруп акыры кырга жеткирчү бир таман чыйыр жолдун топурагы таман ысытып, уй богунун жыты каңылжаарды өрдөйт. Маңдайынан салаалаган терди улам шыпыра силкип коюп, ошол чыйырда баратты. Арылай бере жолдун эки тарабынан жетилип бышкан арпанын жыты аңкыды.
- Өлтүр, өлтүргүн...
Ал улам-улам ушинтип тынбай кайталап баратканы өзү да аңдаган жок. Кимди оөлтүрмөк? Анысы өзүнө дайын болчу. Чачын кыска тегиздеткен, бирөөнүн жакшылыына жаны кейип, бирөөгө өмүрүндө жакшылык кылып көрбөгөн, жанагы оңолгус жексур адам кайрадан эсине түшту.
Кылкылдап тегиз саргая бышкан арпа талаасынан ары католик чиркөөсүнүн шукшуйган төбөсү көрүндү...
Которгон Жолдошбек Зарлыкбек
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.