Рюноскэ Акутагава
АЙНЫГАН АДАМ ТУРМУШУ
Акутагава Рюноскэнин ысымы жапон адабиятында гана эмес, дүйнө адабиятынын эң ири классиктерини ысымдары менен бир катарда аталат. Ал 1892-жылы токиолук соодагердин үй-бүлөсүндө туулган.
Болочок жазуучуга тогуз ай толгондо, энеси жин оорусуна тушугат. Наристени таятасы тарбиялап, өзүнүн атына каттатат. Бул үй бүлөлүк трагедия жазуучунун чыгармачылыгына терең изин калтырган. Ал өмүрүнүн акырына чейин жин оорусу тукум кубалайт го деген ойго эзилип жашап өткөн.
Акутагава Токио университетинин филология факультетинин англис тили бөлүмүн бүтүрүп, аз жыл мугалимчилик, журналисттик кызматтарда иштеген. 1927-жылы өзүн-өзү өлтүргөнгө чейин, ал жүз элүүгө жакын новеллалар менен повесттерди, бир нече ыр жыйнактарын, ондогон сюжетсиз кара - сез циклдерин, көптөгоң макалаларды жазып, баалуу мурас калтырган. Жапон классигинин чыгармалары дүйнө элдеринин көптөгөн тилдерине которулган.
ДООР
Бул окуя китеп дүкөнүн экинчи кабатында болгон эле. Жыйырмага эми гана толгон кылмурут жигит Европа үлгүсүндө жасалган жөлөмө шатычага чыгып алып, үстүңкү текчелердеги жаңы китептерди аңтарып жатты. Мопассан, Бодлер, Стриндберг, Ибсен, Шоу, Толстой...
Ангыча каш карая баштады. Жигит текче тиреген китептердин мукабасындагы жазуулардын улам бирине уүңүлүп-эңилип калып, бар дүйнөнү унута берилүү менен окуй берди. Маңдайында жөн-жай китептер эмес, «кылым акырынын» калдайган карааны турган. Ницше, Верлон, биртууган Гонкурлар, Достоевский, Гауптман, Флобер...
Ал караңгылык улам коюланы баратканына карабай, мукабалардагы ысымдарды ажыратып окуганга тырышып, мурдагысынан бешбетер үңүлдү. Акыркы дүкөн ичин караңгылык чулгап, көз курчу мокоп, жедеп ариптерди ажырата албай калганда, шатыдан түшүүгө аргасыз болду. Мына түшөйүн деген ирмемде, төбөсүндөгү электр жарыгы капылет чаңкая жанды. Шатынын бийигинде турган калыбында ылдыйтадагы китеп текчелеринин арасында кыбырап жүрүшкөн кызматчылар менен кардарларды көрдү. Ошол маалда адамдар ага эптеп күнүмдүгүнө каниет кылып, убактылуу өмүр кечирген майда жандыктардай көрүнүп, эмнегедир аларды аяп да кетти.
Адамдын ыбырсыган күнүмдүк өмүрү Бодлердин ырынын бир сабына да татыбайт...
Шатыда селейген калыбында ушинтип күбүрөп, байкуштардай көрүнгөн жандыктарды кыйлага эс-мас карап турду...
СҮРӨТ
Капилеттен... чынында эле капилеттен болгон... Ал кайсы бир китеп дүкөнүнүн көргөзмө айнегине илинген Ван Гогдун картиналар жыйнагын аңкайып карап туруп, живопись деген эмне экенин, анын маанисин капилеттен
түшүндү. Маңдайындагылар, бар болгону, сүрөтчүнүн чыгармаларынын көчүрмө үлгүлөрү гана болчу. Бирок, ал ушул көчүрмөлөрдөн да табияттын жандуу илеби уруп жатканын сезди.
Ошондон кийин ал айланасындагыларга, энеден эми туулгансып, жаңыча абай салмай өнөр тапты. Бутактардын ийри-муйру уюлдарына болобу, аял аттунун тегерегинен келген бет түзүлушү болобу, деги эмне гана болбосун, кирпик ирмебей тигилип, аябай көңүл ынтаасын коё карачу болду.
Бир ирет күздүн жаанчыл күүгүмүндө шаар сыртындагы темир жолдун этегин бойлой илкип бараткан. Алдында сынган темир араба жатыптыптыр. Бул таштандыны айланып өтүп баратып, ушул жолдон өзүнөн мурда дагы бирөө өткөнүн сезди. Ким өттү экен? Минтип өзүнөн-өзү сураштын кажети жок эле.
Ал - жыйырма үчтөгү жигит, мына ушул мунайым, капалуу пейзажга узун канжасын кайкалата тиштеген, кулагы кесик голландец кандайча өткүр тигилип турганын көкүрөк көзү менен көрүп, бүт тулкусу менен сезди...
УЧКУН
Асфальтка чаба жааган жамгыр алдында кенен-кенен арыштап баратты. Жаан бир топ эле катуу болчу. Айлана-тегеректен көтөрүлгөн сууланган чаңдан резина макинтоштукундай канырсык жыт келет.
Аңгыча анын башынан өйдө катар-катар тартылган электр зымдарынын тийише кальп жаткан жеринен көгүлтүр учкун жанды. Ушул саамда бүт тулкусу дүрт дей түшүп, каны дүргүп, толкундап кетти. Санаалаштарымдын журналына берсемби деп сала чыккан колжазма ички төш чөнтөгүндө эле. Абада жарык эткен ушул көгүлтүр учкунду гана... ушул үрөй учурган учкунду гана, өмүрүн садагага чаап болбосо да, аткый кармасам, алаканыма кондурсам деп көксөп-көксөп жиберди.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.