Мурза ГАПАРОВ: Байчечек
аңгеме
– Энем-ой, энем-ой, – деп өкүрө берди.
А көз жашы дагы эле келбей атты.Үйдүн ичиндеги башаламан ызылдап аткандар да таасир этпеди, энесинин суналган жансыз көрүнүшү да жүрөгүн эритпеди. Буга өзү таң калып, жаны ачыды.
Бир маалда бирөө ыйлаган бойдон келип, анын көкүрөгүнө башын койду. Караса, апасы экен. Апасы өзүнүн обондуу ыйына кара саз кошуп атты. Кара сөздөрү Кыязга тиешелүү болуп көрүндү. Кыяз өз ыйынан кичине алаксып, апасынын эмне дегенин кызыгып тыңшап калды. Бирок ызы-чуунун арасынан апасынын:
– Таэнеңден айрылдык… – деген сөздөрүн араң ажыратты.
Ооба, таэнемден айрылдык, – деп койду Кыяз да.
Тигине, өлүп жатат. А кишинин бир эле таэнеси болот. Таэнеси деген –апасынын апасы. Демек, өтө жакын киши. Кыяз, албетте, муну түшүнүп эле турат. Бирок акылы менен гана туюп, жүрөгүнө жеткире албай атат.
– Энем – ой, энем-ой…
Апасынан кийин башка туугандары да бир бирден басып келип, анын мойнунан кучактап ыйлап, аны менен өздөрүнүн кайгы-муңун бөлүшүп жатышты. Бирок баары биригип да ага өздөрүнүн кайгысын, көз жашын жуткура албай койду. Анын ички дүйнөсү бир караңгы кудукка окшоп, а кудук таптакыр какшып калгансып туруп алды.
– Энем-ой, энем-ой…
Кыяз эл көзүнө боздоп ыйлап аткан киши болуп көрүнүп, а өз алдынча өзүнүн какшыган кудугуна ным издеп, ага кайрадан суу пайда кыла албай атты. Жасалма жол менен болсо да өзүнүн көкүрөгүн жибиткиси келди. Бул үчүн ал энесинин ким экенин, анын кыял-жоруктарын эстей баштады. Таэнеси акылдуу, боорукер адам эле. Өмүрүндө бирөөгө жаман сөз айтпаган, өзү да бирөөдөн жаман сөз укпаган киши. Бул турмушу түйшүктө өттү бечаранын. Балдарым, балдарымдын балдары деп жүрүп, акыры минтип жаны тынды. Кыязды абдан жакшы көрүүчү. Ар келген сайын аны айланып-үйрүлүп, көз жашын көлдөтүп, сагынып тосуп алчу эле.
“Эми сенин балдарыңдын бешигин терметип жатып өлсөм, арманым жок”, – дечү дайыма…
Кыяздын жүрөгүн бул эскермелер да козгободу. Ал мурдагыдай эле көз жашсыз ыйлап атты.
– Энем-ой, энем-ой…
Бир маалда тыңшаса, башкалар басылып, өзүнүн гана үнү калыптыр. Кыяздын дагы башы катты: токтосом бекен, же ыйлай берсемби деп ойлой кетти.
Кудай жалгап, ушул тапта мойсопут адам басып келип, анын жеңинен тартты. Жаңылбаса, бул киши Кыяздын алыс таякеси болушу керек эле.
– Болду эми, балам, – деди таякеси. – Бас кыл.
Кыяз ага ыраазы боло түштү. Алдагы кичине ыйламыш болуп туруп, кийин басылып, кургак көздөрүн аарчып калды. Абышка аны эшикке карай жетеледи.
Эшиктеги элдин айрымдары аны менен унчукпай кол алыша баштады. Алар менен учурашып атканда Кыяз өзүн муңайым кармап атты.
– Келгениң жакшы болбодубу, -деди жанагы таякеси. – Бардык тууган-уруктар келип бүтүп, сени гана күтүп калганбыз... Таэнең болсо кечээ кечинде каза болду. Бир түн түнөдү. Эми ал кишини зарыктырбай, тезирээк өз жайына алпарып коёлу.
Таякеси андан уруксат сурап аткансып көрүндү. Ушинтип ойлоп, Кыяз арсар түрдө башын ийкеңдетип койду.
– Кана, алып чыккыла эмесе! – деп буйрук берди абышка кимдир бирөөлөргө.
Кемпирди эшикке алып чыгып көпчүлүктүн ортосуна коюшту.. бир ак селдечен абышка көпкө чейин жаназа окуду. Ошондон кийин кемпирди жайга алып жөнөштү.
Жергиликтүү салт боюнча, гөрүстөнгө эркектер гана бара турган. Катындар ызы-чуу түшүп кала беришти. Албетте, үйдөн узаганча, өздөрүн кемпирге жакын санаган эркектер да өкүрүп ыйлап барышты. Кыяз үчүн бул дагы бир сыноо болуп, ал андан да өтө албады. Анын кудугу дагы деле какшып турду.
Гөрүстөндө көп күймөнүшкөн жок. Жай даяр экен. Кемпирди дароо эле коё башташты. Ушул жерде Кыяз энесин бир көрүп калгысы келди. Бирок кемпирди ак шейшепке ороп, баш-аягын бууп коюшуптур – арманда калды…
Кемпирди жайга түшүрүп жатышканда, бир боз бала буркурап ыйлап кирди. Агасынын кенже уулу экен көрсө. Баланын ыйы ушунчалык жеңил, ушунчалык күйүттүү чыгып атты. Кыяз балага таң калып да, суктанып да калды. Бул баланын курагында ал шаарга кетти эле. Андан бери он сегиз жыл өтүптүр. Эгер энелери он сегиз жыл илгери өлгөн болсо, алдагы ушул бала окшоп ыйлаар беле…