Мурза ГАПАРОВ: Байчечек

аңгеме

Мурза ГАПАРОВ: Байчечек

 

Телефон шыңгырап атты…

 

Кыяз анын үнүн көпкө угуп жатып, араң ойгонду.

 

Үйдүн ичи караңгы. Кайсы маал экени билинбейт: кечпи, түн ортосубу, таңга жуукпу. Аэропорттон самолёттордун гүрүлдөгөнү угулат. Бирок алар күнү-түнү учуп турушат да…

 

“Беймаалда телефон чалган ким? Болгондо да шаардан эмес: телефондун коңгуроосу узун шыңгырайт… ”

 

– Эй, телефон шыңгырап атат, – деди аялын түртүп. Бирок аялы ойгоно бербеди. Турууга туура келди. Стол, стулдарга чалынып барып, трубканы алды.

 

 – Алоо…

 

– Бул Ысаковдун үйүбү?

 

– Ооба.

 

– Ноокат менен сүйлөшөсүз.

 

Ноокат – мунун туулуп, өскөн району эле. Ал жакта анын көп сандаган тууган-уруктары жашайт: атасы, апасы, ага-инилери, эже-карындаштары, жеңелери… Таэнеси. Бирок алардын эч кимиси минтип беймаалда телефон чалышчу эмес. Эмне болуп кетти?

 

Ноокат жакта:

 

– Алло? – деген эркектин үнү угулду.

 

Кыяз үндүн ээсин тааныган жок.

 

– Бул ким? – деп сурады.

 

– Менмин. Кыяз, – деди ноокаттык. – Жолдошмун.

 

– Кайсы Жолдош?

 

Кыяз Ноокаттан кеткенден бери он сегиз жыл жаңырды. Эми ал Ноокатына жылына бир жолу барат да, эки-үч күн туруп, кайра баса берет. Бара-бара элден, жерден жат болуп, жердештеринин кээ бирин унутуп да келатат.

 

– Кайсы Жолдош?

 

Тигил адам мунун аялдап калганынын себебин туйду окшойт:

 

– Жолдош – почточумун, – деп кошумчалап койду.

 

– А-а, Жолдош аке… – деди Кыяз ошондо гана.

 

Алардын кыштагында ушундай адам бар эле. Бирок ал кишинин буларга эчкандай жакындык, катнаштык жайы жок болчу. Шондуктан, анын телефон чалышы, болгондо да түндөлөп чалышы, мурдагыдан бетер сырдуу көрүндү.

 

– Ко-ош, телефон чалып калыпсыз?

 

– Кыяз, сен бир айылга келип кет, үка: таэнең ооруп калды. Таэнеси мурда деле ооруп жүргөн, кары киши да. Бирок ал жөнүндө минтип зарыл түрдө кабарлап, анын тынчын алышчу эмес. Демек, бир адиса болгон көрүнөт. ..

 

– Эмне, катуу ооруп атабы? – деп сурады Кыяз, тиги кишиден түзүгүрөк маалымат алыш үчүн.

 

– Кыйла бар, – деди Жолдош почточу. – Келишиң керек.

 

Демек, бир адиса болгон, – деп ойлоду Кыяз кайрадан. Бирок аныгын билсе болот эле: эгер ооруп гана аткан болсо, бара албайт – эмки жумага чейин авторефератын тапшырышы керек, а айдын аягында диссертациясын коргойт; а кокус, кемпир бир нерсе болуп кетсе, кудай мунун бетин ары кылсын, албетте, анда барууга туура келет. Бирок муну кантип билесиң. Түз эле: “Өлдүбү?” – деп сурашка оозуң барбайт. Тиги киши, оозу-мурду кыйшайбай туруп сураганын көр деп, жаман көрүп калышы мүмкүн. Кыштактын адамы да.

 

– Эми кантемин? – деди Кыяз өзүнө өзү, бирок мунусу оозунан чыгып  кетти. – Иштерди эмне кылам?

 

– Иштериңди эки-үч күнгө коё турасың да, – деди почточу, – Келбесең болбойт. Кемпирдин көңүлү ооруйт.

 

Кыязды үгүттөп аткансый. Жок, кемпир бир нерсе болгон. Болбосо да, акыбалы начар көрүнөт. Ачыгын эле айтып койбойбу, жарыктык.

 

– Ошентем да эми, айла канча.

 

– Тезирээк эле кел, үка. Бандачилик да…

 

Ой, ушул кишинин адептүүлүгү өттү! Тумандатып отурбай, өлсө, өлдү эле дебейби, мусурман.

 

– Барамын. Түшкө чейин кирип барамын…

 

Баягыдан үйдүн ичи жарышып, аялынын жүзү, жылаңач көкүрөгү агарып келатты. Аялынын жүзү да, көкүрөгү да сулуу эле. Анын үстүнө жаңыдан эле баш кошуп, али ойноп оюндары кана элек, күлүп күлкүлөрү кана элек маал болучу. Шондуктан, аялын бирпас сүйкүм менен карап туруп, ошол замат анын койнуна барып жаткысы келип кетти. Бирок самолёттордун добушунан улам, барар жери алыс экенин элестетип, кайра өзүн токтотту. Мунун ордуна, аялын ойготуп, телефондон уккан кабарын, ага карата өзүнүн кабыл алган чечимин айта баштады.

14.01.2026

Катталуу зарыл

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.